The words you are searching are inside this book. To get more targeted content, please make full-text search by clicking here.
Discover the best professional documents and content resources in AnyFlip Document Base.
Search
Published by Анара Сейдикеримова, 2025-03-13 10:02:10

УМАРОВ_2024_3

УМАРОВ_2024_3

ПЕДАГОГИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК ЖУРНАЛ «УЛУТТУК НАРКТЫ САКТООДО ТИЛ, АДАБИЯТ ЖАНА ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН РОЛУ, МУРАТОВДУК ОКУУЛАР – 2» № 23, 2024 ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ АБДЫКЕРИМ МУРАТОВДУН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ АРНАЛГАН АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ТАЖРЫЙБАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯНЫН МАТЕРИАЛДАРЫ


ISSN 1694-7118 DOI:10.34850 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ MINISTRY OF EDUCATION AND SCIENCE OF THE KYRGYZ REPUBLIC ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ Илимий-методикалык журнал ИННОВАЦИОННЫЕ ТЕХНОЛОГИИ ОБУЧЕНИЯ Научно-методический журнал INNOVATIVE LEARNING TECHNOLOGIES Scientific methodical journal


2 Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган каттоо күбөлүгү № 1763 “Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары” журналы Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү аракеттеги мыйзамына, нормативдик актыларына ылайык басылып чыгарылууда. Журнал Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (ЖАК) тарабынан сунушталган рецензиялануучу илимий басылмалардын тизмесине киргизилген. Басылма коомдун талабына ылайык жаңычыл духтагы окутуу технологиясына өтүү зарылдыгынан улам 2011- жылы, сентябрь айында И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун алдындагы “окутуунун жаңы технологиялары” кафедрасында негизделген. Бул журналга педагогика: окутуунун, тарбиялоонун теориясы жана методикасы боюнча ар тармактагы окумуштуулардын илимий-теориялык, илимий-методикалык макалалары, эмгектери жана республикабыздагы алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбалары, макала, иштелмелери эле эмес, боордош элдердин окумуштууларынын да гуманитардыкпедагогикалык ишмердүүлүк, физика, математика жана технология, химия, биология ж.б. боюнча эмгектери да жарыяланып турмакчы. Журнал илим жаатында эмгектенген окумуштууларга, жаш изилдөөчүлөргө, ЖОЖдун окутуучуларына, аспиранттарга, магистранттарга жана практик мугалимдерге арналат. Журналдын материалдары кыргыз тилинде, печаттык формада кварталына бир жолу жарыяланып турат. Журнал ”Инновационные технологии обучения” издается в соотвествии с действующим законодательством о средствах массовой информации, нормативными актами Кыргызской Республики. №1763 Журнал включен в Перечень ведущих рецензируемых изданий, рекомендованных ВАК Кыргызской Республики. Издание было учреждено кафедрой Новых технологий обучения при Институте государственного языка и культуры КГУ им. И.Арабаева в сентября 2011 года в соответствии с общественной потребностью перехода к новым техгнологиям обучения. В данном журнале будет публиковаться научно-теоретические, научно-методические статьи и работы ученых, опыт работы, статьи, ссылки ведущих преподователей республики по теории и методики обучения и воспитания, а также гумантирно-педагогическая деятельность ученых из братских стран, труды по физики, математики, технологий, химии и биологии. Журнал предназначен для ученых, молодых соискателей, преподователей вузов, аспирантов, магистрантов и преподавателей. Журнал публикуется на кыргызском языке в печатной форме один раз в квартал. Journal is registered with the Ministry of Justice of Kyrgyz Republic Registration certificate № 1763 The journal "Kyrgyz language and literature: innovative teaching technologies" is published in accordance with the current legislation and legal acts on the media in Kyrgyzstan. Journal is included into the existing List of leading reviewed scientific journals and editions of Higher Attestation Commission of Kyrgyzstan (VAK). The journal "Kyrgyz language and literature: innovative teaching technologies" was established by the Department of New Teaching Technologies at the Institute of State Language and Culture, I.Arabaev Kyrgyz State University in September, 2011 in accordance with the public need for the transition to new teaching technologies. Scientific- theoretical, scientific -methodological articles and works of scientists in various fields on pedagogy such as theory and methods of teaching and education, but also the experience of leading teachers of the country, as well as humanitarian and pedagogical activities of scientists from fraternal countries, works on physics, mathematics , technology, chemistry and biology will be published in this journal. The journal is focused on scientists, young researchers , university lecturers, graduate students, undergraduates and teachers. The magazine is published in the Kyrgyz language on a quarterly basis.


310 2. С.Рысбаев, Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары, башталгыч класстын мугалимдери, бакчанын тарбиячылары жана ата- энелер үчүн метоикалык колдонмо, 3-бас.,-Б., 2022.-168 б. 3. Окуу керемет, 3- модуль, Балдар китептеринин ар түрдүүлүгү. 4. В.А.Сухомлинский, Балдарга жүрөгүмдү арнайм. – Киев, 1969 Рецензент: п.и.к., доцент, Рахматуллаева Манзура Джалалидиновна УДК: 371.3:47 Умарова Р.Н., Ош мамлекеттик педагогикалык университети педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Умаров Т.Н., Ош мамлекеттик университетинин жалпы психология кафедрасы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент КЫРГЫЗ ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАСЫНДАГЫ АДЕПТҮҮЛҮККӨ ТАРБИЯЛОО МАСЕЛЕРИ Аннотация: Азыркы мезгилде окуучуларды адептүүлүккө тарбиялоодогу элдик педагогиканын актуалдуулугу ачылып, анын негизги каражаттары аныкталат. Сунушталган изилдөөдө кыргыз элинин жаш муундарды адептик жактан тарбиялоо боюнча көз караштары, тажрыйбалары талдоого алынат. Кыргыз коому дээрлик ХХ кылымдын башына чейин жарым көчмөндүк турмуш образында жашап келгендиктен, маданият, анын ичинде адептик тарбияга байланыштуу табылгаларынын көпчүлүгүн көркөм сөздө, оозеки поэзияда жыйнап, сактап, муундан-муунга өткөрүп келген. Көркөм сөздүн көп кырдуу булактары адептик тарбиянын булагы да, таасирдүү каражаты катары да кызмат өтөгөн. Сөз аркылуу адамдын акыл билимин тереңдетүү, адатсалттарга ынандыруу, нарктуулугун арттыруу, жан дүйнөсүн тазартуу, көркөмдүк менен сулуулуктун табиятын таанытуу, өзүнүн сезим-туюмун таасирдүү жеткире билүүгө үйрөтүү сыяктуу эстетикалык-педагогикалык кош кабат милдеттерди жүзөгө ашырышкан. Көчмөн кыргыздардын турмушунда көркөм сөз устаттары, чечендер, манасчылар, эл ырчылары коомдук турмушту эстетикалык баалуулуктардын негизде куруу, жаш муундарды, ошондой эле бүтүндөй коом мүчөлөрүнүн адептүүлүк жаатындагы билими менен жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө өлчөмсүз салым кошушкан. Ачкыч сөздөр: элдик педагогика, таалим-тарбия, адеп тарбиясы, рухий кенч, фольклор, акылказына, акылмандуулук, маданият, эл тагдыры. Умарова Р.Н., Ошский государственный педагогический университет кандидат педагогических наук, доцент Талант Н. У., Кафедра общей психологии Ошского государственного университета, Кандидат педагогических наук, доцент ВОПРОСЫ ВОСПИТАНИЯ НРАВСТВЕННОСТИ В КЫРГЫЗСКОЙ НАРОДНОЙ ПЕДАГОГИКЕ Аннотация: В настоящее время раскрывается актуальность народной педагогики в воспитании школьников нравственности и определяются ее основные средства. В предлагаемом исследовании анализируются взгляды и опыт кыргызского народа по вопросам нравственного воспитания молодого поколения. Поскольку кыргызское общество практически до начала XX века жило полукочевым образом жизни, оно собрало и сохранило большую часть своих находок, связанных с культурой, в том числе нравственным воспитанием, в художественной речи и устной поэзии, и передало их из поколения в поколение. поколение за поколением. Многогранные источники художественной речи служили одновременно источником и действенным средством нравственного


311 воспитания. Посредством слова они решали двойные эстетические и педагогические задачи, такие как углубление интеллектуальных знаний человека, убеждение его в обычаях, повышение его ценности, очищение его души, приобщение к природе искусства и красоты, научение его умению эффективно передавать свои чувства и эмоции. В жизни кочевых кыргызов мастера искусства, ораторы, сказители, народные певцы внесли неизмеримый вклад в построение общественной жизни на основе нравственных ценностей, развитие нравственных знаний и умений молодого поколения, а также членов общества в целом. Ключевые слова: народная педагогика, воспитание, нравственное воспитание, духовное сокровище, фольклор, разум-клад, мудрость, культура, национальная судьба. Umarova R.N., Osh State Pedagogical University Candidate of Pedagogical Sciences, Associate Professor Umarov T.N., Department of General Psychology Osh State University, Candidate of Pedagogical Sciences, Associate Professor ISSUES OF EDUCATION OF MORALITY IN KYRGYZ FOLK PEDAGOGY Annotation: Currently, the relevance of folk pedagogy in educating schoolchildren about morality is being revealed and its main means are being determined. The proposed study analyzes the views and experience of the Kyrgyz people on issues of moral education of the younger generation. Since Kyrgyz society lived a semi-nomadic lifestyle almost until the beginning of the 20th century, it collected and preserved most of its findings related to culture, including moral education, in artistic speech and oral poetry, and passed them on from generation to generation. generation after generation. The multifaceted sources of artistic speech served both as a source and as an effective means of moral education. Through words, they solved dual aesthetic and pedagogical tasks, such as deepening a person’s intellectual knowledge, convincing him of customs, increasing his value, purifying his soul, introducing him to the nature of art and beauty, teaching him the ability to effectively convey his feelings and emotions. In the life of the nomadic Kyrgyz, masters of art, orators, storytellers, and folk singers made an immeasurable contribution to the construction of social life based on moral values, the development of moral knowledge and skills of the younger generation, as well as members of society as a whole. Key words: folk pedagogy, education, moral education, spiritual treasure, folklore, mind-treasure, wisdom, culture, national destiny. Кыргыз элинин азыркы турмушу күн санап социалдык-экономикалык жактан өзгөрүп, улам жаңыланып келүүдө. Ушундай шартта окумуштуулар арасында таалимтарбия учурдагы тез өзгөрүп бараткан мындай коомдук-экономикалык жагдайга жараша гана эмес, түбөлүктүү баалуулуктарга багытталуу менен улуттук өзгөчөлүктөрдү, элдик көөнөргүс дөөлөттөрдү туу тутуусу зарыл деген көз караштар илимий негизде тастыктала баштады. Адептүүлүккө тарбиялоо түшүнүгүн тереңирээк талдоо үчүн, анын этнопедагогикалык негиздерине азын-оолак кайрылып көрүүнү туура таптык. Бул иштелип жаткан проблеманын теориялык баалуулугун ачууга, аларды чечүүдөгү кыйынчылыктарды иликтөөгө, изилдөөнүн жалпы педагогикалык диапазонун кеңейтүүгө көмөкчү болот деп эсептейбиз. Элдик тарбияны идеал туткан, аны педагогикалык жактан негиздөөгө басым жасаган К.Д. Ушинскийдин эмгектери атайын сөз кылууга арзыйт. Улуу педагогдун ишениминде ар бир элдин тарбиялык идеялары кандайдыр бир башка нерсеге караганда улуттугу менен көбүрөөк тамырлап тереңдеп кеткен, тамыры ушунчалык тереңдеп кеткендиктен, аны башка бир кыртышка которуу жөнүндө ойдун болушу да мүмкүн эмес [7, 32-б.]. Кыргыз элдик педагогикасын изилдөөдө жана үйрөнүүдө окумуштуу-педагог Б. Апышевдин [2] илимий ишинде мектеп окуучуларын эмгекке, ал эми Ж. Бешимовдун [3] изилдөөсүндө адептүүлүккө тарбиялоодогу мааниси алгач ирет кеңири ачылган жана аны


312 эффективдүү пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, жолдору илимий-теориялык негизде чечмеленген. Кыргыз элдик педагогикасы боюнча илимий жетишкендиктерди жана колдо бар материалдарды билим берүү мекемелеринде жайылтууга жана пайдаланууга шарт түзгөн, илим менен практиканын ортосундагы карым-катнашты жандандырган окуу куралдары жазыла баштады. Булардын ичинен А.Алимбековдун "Кыргыз этнопедагогикасы" [1] окуу куралы, М.Р.Рахимова менен Т.В.Панкованын "Кыргыз элдик педагогикасы” [5], А.Т.Калдыбаеванын “Элдик акындардын чыгармаларындагы тарбия маселелери” [4], С.Рысбаевдин “Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы” [6] деген эмгектери жарык көрүп, пайдаланылып жатат. Изилдөөнүн максаты – кыргыз элинин салттуу тарбия маданиятындагы адептик тарбиялоонун идеалдарын, факторлорун, каражаттарын ачып көрсөтүү. Макалада кыргыздардын адептүүлүктүн идеалы түшүнүгүн ташыган көркөм сөз бирдиктери, фразологизмдер, эпос жана акындар чыгармаларынын үлгүлөрү семантикалык жактан талдоого алынат. Изилдөөнүн материалдары жана методдору Биздин изилдөөбүздүн негизги булактары тарыхый-этнографиялык маалыматтар, фольклордук чыгармалардын үлгүлөрү, бул темага байланыштуу элден, билимдүү адамдардан алынган маалыматтар болду. Изилдөөдө сапаттык мүнөздөмөнүн изилдөө моделине тиешелүү документтерди талдоо методдору, мазмунду талдоо колдонулган. Бул багытта маалымат чогултуу жана аларды талдоо иштери сапаттык изилдѳѳ моделининин алкагында жүргүзүлдү. Маалымат булактары катары катары кыргыз эл оозеки чыгармаларынын элдик адептик тарбияга тике тиешелүү үлгүлөрү колдонулду. Изилдөөнүн натыйжалары жана аларды талкуулоо. Элдик педагогикалык билимдер, оозеки чыгармаларда, каада-салттарда, үрпадаттарда, материалдык-маданий эстеликтерде идея, тажрыйба, факт, маалымат формасында орун алган. Ал булактардын далдаасына катылган даанышман ойлорду, таасын тажрыйбаларды иргеп, аларды таалим-тарбиялык маңызына жараша сыпаттап, тарыхый маалыматтар менен бекемдеп, тарбиялоонун мыйзам, жоболоруна ылайык реконструкциялап өтмүштүн педагогикалык системасын түзүү толук мүмкүн. |Кыргыз фольклорундагы «санат», «насыят», «терме»,«нуска», «үлгү», «үгүт» ырлары да генезиси, элдин түшүнүгүндөгү колдонулуп келинген ар кандай семантикалык мааниси жагынан, элдик. тарбия таалим деген түшүнүк менен тамырлаш. Алсак, «санат, насыят айтуу», «үлгү, өрнөк, адеп көрсөтүү», «нуска сөз айтуу» сыяктуу түшүнүктөр жаштардын жан дүйнөсүнө небактан калыптанган, аныкталган, такталган абийир ар, адеп ыймандуулуктун жол жобо эреже тартиптерин сиңирүүгө байланышкан улуулардын педагогикалык иш аракетин туюнтат. Албетте, санат насыят айтуу табиятынан даанышмандык нускасы бар, турмуштук тажрыйбасы мол карыялардын гана энчиси болгон. Ал бара бара акындар чыгармачылыгын чырайына чыгарып этикалык, дидактикалык жанр катары өркүндөп өнүгүүгө ээ болгон. Демек, санат-насыят айтуу, үлгү көрсөтүү, нуска болуу мазмуну жагынан да, таркалуу чөйрөсү жагынан да бир топ масштабдуу келет. Азыркынын тили менен айтканда алар ырааттуу коомдук тарбиянын көп кырдуу көрүнүшү. Кыргыз тилинде адамдын тарбиялангандыгын, маданий көрөңгөсүн мүнөздөп көрсөтүп турган терминдер да арбын. Алардын катарына «каадалуу», «көргөн-өскөн» сыяктуу сөздөрдү кошууга болот. Булар түшүндүрмө сөздүктөрдө «каада», «салт» деген түшүнүктүн түгөйү катары чечмеленген. Ал эми «каадалуу» деген сын атооч сөз адамдын ички тартибин, адебин, жүрүш-турушун сыпаттоо маанисинде колдонулат. Элде кыз каадасы, уул каадасы, жиит кадаасы, келин каадасы, байбиче каадасы, аксакал каадасы өз-өзүнчө жиктелип айтылат. Дегинкиси «каадалуу» деген түшүнүк ар ким өзүнүн жаш курагына, турмуштагы ордуна, вазийпасына ылайык адеп-тартипке, акылтажрыйбага, жүрүм-турум маданиятына ээ болуу зарылдыгын шарттайт. Кыргыздардын күндөлүк турмушунда көп кездешкен «көргөн-өскөн» деген сөздөрдө да терец педагогикалык мазмун катылган. Ал сөздөр, көбүн эсе акыл-эси менен


313 айырмаланган, жүрүм-туруму өрнөктүү, адептүү, нарктуу адамды мүнөздөө иретинде айтылат. Ушуга байланыштуу элдик макалдарда «Көргөн көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат», «Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп айтылат. Ал эми жеке адамдын «көргөн-өскөндүгү», ошол адамдын жашаган чөйрөсүнүн, эл-журттун адеп салтынын, таалим-тарбия жөрөлгөлөрүнүн түздөн-түз туундусу. Ошондуктан, элде өрнөктүү адамга мүнөздөмө берээрде «Көргөн-өскөн салттуу, нарктуу элдин кулуну тура» деп, ал эми ыйман-ызааты төмөн адам жөнүндө «Көргөн-өскөн эли ошол болсо, не кылсын» деп андагы айырмалуу сапаттарды, таалим алган эл-журту, урук, уруусу менен тыгыз байланышта карашкан. Кыргыздар сырт турпаты менен рухий көрөнгөсү шайкеш, төгөрөгү төп инсанды «чыныгы адам», «адамдын асылы», «адамдын адамы» деп сыпаттайт. Адатта, дүйнөдөн көзү өткөн, журт сүймөнчүлүгүнө татыктуу инсанды «андай адам кайра жаралбас», «кайран жан, адамдын адамы эле» деп, анын өрнөктүү жорук-жосундарын тирүүлөр үчүн үлгү тутушат. Ата-бабалардын «чыныгы адам», «адам маңызы» жөнүндөгү ой толгоолору, акыл тыянактары өзгөчө фольклордук чыгармаларда ар тараптуу чагылдырылган. Алсак, уламыш, аңыз-аңгеме, жомоктордогу Акыл карачач, Жээренче чечен, Карач баатыр, Алдар көсө, Асан Кайгы, эпостордогу Манас, Бакай, Алмамбет, Семетей, Кошой, Ак Балта, Эр Табылды, Курманбек сыяктуу элдин сүймөнчүлүгүнө айланган каармандардын образдарына этнопедагогикалык талдоо жүргүзүү, кыргыз элинин «чыныгы адам» жөнүндөгү түшүнүктөрүн ар тараптуу аңдап-түшүнүүгө жардам берет. Элдин педагогикалык түшүнүгүндө инсандык идеалдын да өзүнчө иерархиясы, өзүнчө орду бар. Бул «Башкасын коюп Манасты айт» деген эл ичинде кездешүүчү санат кепте ачык туюнтулган. Ырасында эле, Манас эзелтен элдин ан сезиминде чыныгы адамдын башкы идеалы катары бекем орун алган. Эпосто Манастын кеп кырдуу адамдык сапаттарынын мазмуну «жеткилең», «оён», «сырттан», «берен», «айкөл», «эр», «жетик», «ойрон», «өткүр», «санжыргалуу», «кайран», «деңиз», «берешен», «чалкар» деп, оозеки чыгарманын тилине мүнөздүү этикалык эпитеттер аркылуу сыпатталат. Дегинкиси, эл Манасты адамзат .жашоосун камсыз кылган, ааламдагы бардык касиеттүү нерселер тутумунан турган асыл зат адам катары туу тутат. Анын айкөл, орошон мээримдүүлүгү, ай менен күнгю, сүйкүмдүүлүгү, асылдыгы, алтын менен күмүшкө, алп баатырлыгы жерге салыштырылат. Мындай салыштыруулар кыргыз эпосторунун бардык каармандарынын ичинен Манаска гана мүнөздүү. Кыргыз элинин тарбия концепциясында уул балдар менен кыздардын идеалы алардын үй-бүлөлүк жана коомдук турмуштагы ордуна, функциясына карай өз алдынча, өзгөчө мерчемдер менен аныкталган. Атап айтсак, уул балдарды тарбиялоонун идеалы – байыркы доорлордон азыркы күнгө чейин «Эр жигит» деген түшүнүк менен туюнтулуп келет. Кыргыз элинин «Эр жигит» жөнүндөгү түшүнүгүндө «Манас» эпосундагы идеалдуу инсан жөнүндөгү адеп-ахлактык чен-өлчөмдөрдүн таасири да ачык байкалат. Демек, «Эр жигит» түшүнүгү калайык-калктын уул балдарды тарбиялоого байланышкан акыл туюмунун, тарыхый тажрыйбаларынын туундусу. Жигиттик, айрым жаштар жецил балагандай, мырзачылык кылып жасанып, жорго минип, куш салып, оюн-тамаша куруп, үлпөт үстүндө жүрүү эмес. Жигиттик – адамдын коомчул нарк-сезиминин жетилгендиги. Ал өнөр билим, тажрыйбага ээ болуунун, атуулдук жетилүүнүн чең-өлчөмү. Элдик макалда, «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», деп тегин жерден айтылбаса керек. Кыргыз макалдарында «Эр^жигиттин» моралдык кодекси эл ичинде эзелтен калыптанган төмөнкүдөй мерчемдер менен мүнөздөлөт: «Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат», «Жигитке бир сыр, жети кыр керек», «Элден безген эр эмес, жоодон качкан шер эмес», «Эр намыстын кулу», «Эрдин даңкын эмгек чыгарат». Жалпылап айтканда жигиттик-жетик акыл, ак дил, тунук сезим, тең караган калыстык, сылыктык, кичи пейилдик, кайраттуулук; шайырдык, шайдооттук. Аны дайыма эл мүдөөсү жетектейт. Ал өмүрүн, эмгегин, эрдигин, эл-журт тагдырына анын келечек бактысына багыштайт.


314 Ал эми, аял затынын идеалы кандай чен-өлчөмдөр менен бааланат? Кыргыз эли байыртан эле аялдардын коомдогу ордун жогору баалап, аларга ызат-урмат менен мамиле кылышкан. Элдин түшүнүгүндө аял үйдүн куту, турмуштун туткасы. Элдик макалдарда таасын туюнтулгандай, эр жигиттин коомдогу орду, мартабасы, бедел-кадыры, бактаалайы алган жарына жараша болот: «Жакшы катын жаман эрди эр кылат, жаман катын жакшы эрди жер кылат», «Катыны жакшы болсо эри бактылуу болот», Алганың жакшы болсо жакаң агарат, жаман болсо чачың агарат». «Манас» эпосунда Манасты Манас кылган Каныкей» деген сөздү баатырдын достору да, кастары да айтышат. Жакшы кыз ата-эненин гана эмес, жалпы урук, уруунун абийири, ырыскысы, Коомдук пикир кыз баланын ыйман-ызаатын, үй-бүлөлүк турмушка даярдыгын, баарынан мурда ата-энелердин таалим-тарбиясына байланыштуу караган. Ушуга байланыштуу атабабалар, «Келин жаман эмес, келген жери жаман», «Кыздын сыры төркүнүнө маалым», «Кызың жаман болсо жети атаңа жетээр, аттиң ай деп, өмүрүң өтөөр», деп нускайт. Келин жаман болсо, кесири келген жерине тиери жөнүндөгү акыйкат пикир «Кыз узатуу кошогунда» да кыздын жан дйүнөсүнө жетээрлик таасирдүү сөздөр менен айтылат! «Артылып камчы салдырба ботом, Атаңа наалат айттырба ботом, Эңилип камчы салдырба ботом, Энеңе наалат айттырба ботом». Элде, «Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат» деген тамаша-чыны аралаш айтылып жүргөн ылакап кеп бар; Бул тек гана бейтаалай бирөөнүн «күйдүм чогу» эмес. Мында кыздарды тарбиялоо, кылдат мамилени, татаал түйшүктү, өзгөчө билим менен тажрыйбаны талап кылары жөнүндөгү элдик эскертүү да, өктөм талап да жатат. Ырасында эле, кыргыз эли кичине кезинен эле кыз балдардын кулк-мүнөзүнө кылдат байкоо жүргүзүп, алардын адебине, жүрүм-турум маданиятына катуу талап коюшкан. Кыргыздардын «Кыздуу үйдө кыл жатпайт», «Кызга кырк үйдөн тыюу», «Уулдуу болсоц узун сүйлөбө, кыздуу болсоц кыя сүйлөбө» деген макалдары да белгилүү өлчөмдө кыздардын инсанына коюлган талап, аларды тарбиялоонун көп кырдуу өзгөчөлүгүн мүнөздөп турат. Кыргыз эл педагогикасында аял затынын идеалын таамай, так туюнтуп турган «Ак жоолук делбир», «Ак көрпө жайыл», «Жабуулуу кара инген» деген түшүнүктөр да кездешет. Элдик педагогикада мурункулардан калган адеп-нарктын, каада-салттардын сакталышын муундарга мурасталып, өсүп-өнүгүшүн да карыялардын өмүр үлгүсү, өрнөгү менен тыгыз байланыштуу карайт. Бул жөнүндө элдик макалдарда «Өрнөктүү карыя жок жерде өнөрлүү жаш да жок», «Узунсуз кыска болбойт, улуусуз нуска болбойт» деп айтылат. Чындыгында, элдин эзелтен калыптанган акыл тажрыйбаларын эсине сактаган, ыймандуу, санжыралуу, нарктуу карыяларды калайык-калк тирүү казына катары _ кабылдаган. Ошондуктан, элде «Карысы бардын ырысы бар», «Кары үйдүн куту», «Карынын сөзүн капка сал» деп айтылат. Корутунду. Азыркы таалим тарбия процессинде кыргыздардын улут болуп калыптанышында жогоруда баяндалган рухий башаттар да чоң роль ойногонун эске алуу зарыл. 1. Элдик педагогикалык идеялар, адат-салттар, жөрөлгөлөр элдик керектөөлөрдөн улам пайда болот, өсөт жана өнүгөт. Биринчиден, элдин керектөөсүнө шайкеш келген рухий-педагогикалык нарк-дөөлөттөр гана элдин салттуу ишенимине, идеалына айланат. Экинчиден, элдин рухий-адептик, турмуштук талаптарынын улам өсүшү жаңы педагогикалык табылгаларды, тажрыйбаларды жаратат, өнүктүрүп өстүрөт. 2. Ар бир элдин педагогикалык маданияты өздөрү жашаган географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу өзгөчөлүккө ээ болот. Ал эми, географиялык чөйдө да, тарыхый шарттар да бардык жерде бирдей эмес. 3. Элдик педагогика – бул баарыдан мурда, тигил же бул улуттун социалдык турмушунун практикасы, таалим-тарбия жаатындагы предметтүү, жөрөлгөлүү ишаракеттеринин бөтөнчө системасы. Демек, элдик педагогика тарбиялоо, билим берүү жаатындагы акыл-ойлордун, ишеним-идеалдардын гана уюткусу эмес, ал баарыдан мурда,


315 ошол идеалдарды калыптандырууга багытталган элдин практикалык педагогикалык ишаракеттерин өз ичине камтыган өзгөчө феномен. Колдонулган адабияттар 1. Алимбеков, А. Кыргыз этнопедагогикасы [Текст]: окуу куралы / А. Алимбеков. – Бишкек, 1999. – 83 б. 2. Апышев, Б. Народные традиции и их использование в трудовом воспитании старшеклассников [Текст]: автореф. дис. …канд. пед. наук: 13.00.01 / Б. Апышев. – Казань, 1974. – 25 с. 3. Бешимов, Ж. Народные традиции в нравственном воспитании школьников старшеклассников [Текст]: автореф. дис. …канд. пед. наук: 13.00.01 / Ж.Бешимов. – Казань, 1976. – 24 с. 4. Калдыбаева, А.Т. Эл акындарынын чыгармаларындагы этнопедагогикалык идеялар [Текст] / А.Т.Калдыбаева. – Бишкек, 2005. – 218 б. 5. Рахимова, М.Р. Кыргыз элдик педагогикасы [Текст]: окуу-усулдук колдонмо / М.Р. Рахимова, Т.В. Панкова. – Бишкек, 1993. – 82 б. 6. Рысбаев, С.К. Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы [Текст]: окуу куралы / С.К. Рысбаев. – Бишкек, 2006. –345 б. 7. Ушинский, К.Д. О народности в общественном воспитании: Собрание сочинений [Текст] / К.Д. Ушинский. – М., 1948. – Т. 2. – 166 с. Рецензент: п.и.к., доцент Даминова Инабат Даминовна УДК 37.013. Темиралиева Т.Т.. Ош мамлекеттик университети, орус филологиясы факультети, факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасы ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН МАҢЫЗЫ ЖАНА АНЫ БИЛИМ БЕРҮҮ, ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНДЕ КОЛДОНУУ Аннотация. Заманбап доор санариптик технологиялардын өнүгүшү, ааламдашуу процесстери, бирдиктүү эл аралык билим берүү мейкиндигине болгон интеграциясы менен мурунку доорлордон айырмаланып турат. Мындай шартта элдик педагогиканы бүгүнкү заманбап билим менен айкалыштыруу да учурдун талабы болуп калууда. Азыр элдик педагогиканы анын каражаттарын пайдалануу аркылуу жаш муундарды жаман адаттардан арылтып, мыкты инсан кылып жетилүүсүн камсыздоого аракеттер көрүлүп жатат. Элдик педагогиканын каражаттары дүйнө элдеринин чыгармаларында эпостордо, элдик оозеки чыгармачылыкта, дастандарда, макалдарда, улуттук оюндарда сакталган. Таалим-тарбия берүүдө элдик билим катары мисалы, кыргыздарда да манасчылар, дастанчылар, жомокчулар тарабынан айтылган баяндар абдан таасирдүү болгон. Бул макалада элдик педагогика анын артыкчылыктуу тараптары, билим-тарбия берүүдөгү орду иликтелет. Элдик педагогиканын артыкчылыктары аны колдонуу боюнча өз эмгектерин жазган белгилүү педагогдордун иши тууралуу айтылат. Бала тарбиялоодогу элдик педагогиканын каражаттары баяндалат. Негизги сөздөр: элдик педагогика, мугалим, окуучу, кыргыз эли, мектеп, салт, илим, билим, тарбия, каражат, этнопедагогика, окутуу, улут. Темиралиева Т.Т., Ошский государственный университет, факультет русской филологии, межфакультетская кафедра практического русского языка СУЩНОСТЬ НАРОДНОЙ ПЕДАГОГИКИ И ЕЕ ИСПОЛЬЗОВАНИЕ В ПРОЦЕССЕ ОБРАЗОВАНИЯ И ВОСПИТАНИЯ Аннотация. Современная эпоха отличается от предыдущих эпох развитием цифровых технологий, процессами глобализации, интеграцией в единое международное образовательное


392 МАЗМУНУ/ СОДЕРЖАНИЕ ФИЛОЛОГИЯ. КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИ ЖАНА АНЫ ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ Сагынбаева Б., Жилгелдиева Б. Жакшылык менен жамандык түшүнүгүнүн улуттук мазмуну ................................................................4 Сакиева С.С., Саипова К., Истамбекова Т. Окуу китебинен “эне тилге” карай баскан жол............................................................................................. 11 Супатаева Э. А. О понятии языковая личность................................................................................................................................ 16 Абдуллаева Р. Чакчыл жана атоочтук түрмөктөрдү окутууда эске алуучу жагдайлар....................................... 19 Джороев Т., Шербаева Ж. Р. Кыргыз тилин дифференциялап окутуу........................................................................................................... 25 Алибекова Ө. Б. Кыргыз орфографиясынын принциптери жана эрежелеринин негизинде сөздөрдү туура жазуу................................................................................................................................................. 29 Исакова Т. Ж., Ибираимова Б. Ж. Кыргыз тили сабагында накыл сөздөрдү пайдалануунун методикалык маселелери............. 33 Кaшкaриевa М. Колледждерде кыргыз тилин коммуникативдик компетенттүүлүккө негиздеп окутуудагы айрым көйгөйлөр........................................................................................................... 36 Закирова Б. А., Алишерова Э. Ө. ЖОЖдордо студенттердин оозеки кебин жогорулатуудагы айрым ыкмалар (В2 деңгээли үчүн)........................................................................................................................................................ 41 Аскарова Г. Кыргыз тили сабагында окуучулардын угуу активдүүлүгүн жогорулатуу................................... 48 Айбашова Т. М. 5-класста арызды окутуунун ыкмалары........................................................................................................... 52 Жороева А.Р. Кыргыз тилин окутууда технологиялык каражаттарды колдонуунун артыкчылыктары... 55 Акматова Ж. У. Элдин наркы – эне тил................................................................................................................................................ 59 Айдарова Н.Т. Кыргыз тилин бүгүнкү күндүн талабына ылайык окутуунун максаттуулугу жана актуалдуулугу...................................................................................................................................................... 63 Дакиева А.Т. Сезимдин куурчагы. – лар мүчөсү......................................................................................................................... 68 АДАБИЯТ ТААНУУ ИЛИМИ ЖАНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫН ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ Муратов А.Ж., Саттарова А.Т. Лирикалык чыгармалардын тексттерин интерперациялоонун методикалык каражаттары жана аларды өркүндөтүү технологиялары ....................................................................... 72 Муратов А.Ж. Кыргыздардын cалттуу санжыра билимдери: «Манас» эпосу»............................................................ 81


393 Колдошев М.К. Манас менен кыз Сайкалдын “Найза сайыш (Эр сайыш)” окуясы – ата-бабалардын салттуулукту терең урматтоосунун өрнөгү катары ................................................................................... 86 Мурзаев Н.Т. Көркөм текстти талдоо жана интерпретациялоо – окуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн өркүндөтүүнүн негизги өбөлгөсү....................................................................................... 94 Маданова К. Ж. Кыргыз фольклорундагы калп жанрынын алган орду жана калыптанышы .............................. 98 Исмаилова Б.Т. Проблемы литературной критики и литературоведения.....................................................................102 Тилекова Н.Д. Мектепте “Тайлак баатыр” тарыхый поэмасын өздөштүрүүнүн методдору ..............................107 Тилекова Н.Д., Жусуева С.К., Адылов Н. Ч. Айтматовдун драмалык чыгармаларындагы сезим чындыгы же жан дүйнө күрөшүнүн моралдык-нравалык негизи.........................................................................................................113 Келдибай кызы Майрамкан, Парпиева А. Өскөн Даникеевдин «Арман» романында адам тагдыры жана коом маселесинин көркөм интерпретацияланышы..........................................................................................................................117 Маматова А. Жомокторду окутууда окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн ыкмалары..............123 Абдиева К.А. “Манас” эпосун окутууда окуучуларды манас айтууга даярдоо. ........................................................128 Сүйүмбекова А. Э. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы жана “Чыңгызхандын ак булуту” повестиндеги мифтер жана турмуш чындыгы..............................134 Жумабаев Э.Т. Орто мектептерде аңгемелерди жаңыча усулдар менен окутуу........................................................138 Байиева Б. А., Тажибаева А.Н. Алыкул Осмоновдун «Өлүп тирилгендер» поэмасын окутуунун технологиялары (Орто мектептин мисалында)...............................................................................................................................142 Акишова Г. Т. Мектепте тамсилдерди сынчыл ой жүгүртүүнүн негизинде окутуу...............................................147 Раимбекова Ч.З. Кыргыз адабияты сабагы жана жумшак көндүмдөр................................................................................151 Байиева Б.А. А. Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасын окутууда окуучунун өздөштүрүүсүн текшерүүдөгү деңгээлдик тапшырмалар менен иштөө технологиялары (орто мектептин мисалында)................................................................................................................................155 Батыралиев А. Мектепте “Манас” эпосун окутуудагы кээ бир маселелер.....................................................................160 Алиева Ф.Э. Ч. Айтматов – аңгеме жанрынын чебери ........................................................................................................165 Бейшекеева Ж. Эл жазуучусу Элүүбай Отунчиевдин чыгармачылыгынын сюжеттик - тематикалык жана көркөмдүк - эстетикалык өзгөчөлүктөрү ............................................................171


394 БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮ Закиров А., Ысманжан кызы Бубия Мектепке чейинки балдарды үй-бүлөдөгү мамиленин баалуулктарына карата тарбиялоодогу социальдык тоскоолдуктардын психологиясы.........................................................178 Искендерова Н. К. Келечектеги башталгыч класс мугалиминин инновациялык ишмердүүлүгүнүн илимий-теориялык негиздери.............................................................................................................................185 Заилова Ж.Ж., Жалилова С.Б, Абдибалиев Э.А. Башталгыч класста А.Муратовдун чыгармаларында экологиялык тарбиянын берилиши жана окуу көндүмдөрүн калыптандыруунун технологиялары..................................191 Касымбеков Б. К. Башталгыч класстардагы музыка сабагынын орду жана ролу место и роль уроков музыки в начальных классах .................................................................................................196 Мендибаева Н.М. Башталгыч мектепте интеграцияланган сабактарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү.................199 Таабалдиева А. А. Башталгыч класстын окуучуларынын эмоционалдык интеллекттин өнүктүрүү...................203 Тогузакова Б.Ш. Табышмактар аркылуу башталгыч класстардын окуучуларынын ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү......................................................................................................................208 Мурзаканова Г.А. Башталгыч класстын окуучуларынын этномаданий компетенттүүлүгүн калыптандыруунун жолдору.................................................................................................................................211 Маматумаров А.Т. Көркөм окуу аны кыргыз башталгыч класстарында уюштуруу маселелери .............................216 ПЕДАГОГИКА Рысбаев С.К. А.Муратовдун аңгемелери менен жаңылмачтарындагы балдарды этномаданиятка, толеранттуулукка тарбиялоо жана сөзүн өстүрүү маселелери..........................................................220 Темирова М.А., Сотиволдиев М. Абдулазиз уулу Өзбекстанда А. Муратовдун чыгармаларын окутуунун мааниси......................................................224 Алисултонова Н.А., Cулайманова М.И. Окуучуларды ой жүгүртүүгө калыптандыруунун жолдору..................................................................230 Нажимидинова А. Э., Каранова Т.Н. Элдик ырлар аркылуу болочок педагогдордун этнопедагогикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу ...............................................................................................................234 Осекова Т. К. Ата-бабалардын нарк-дөөлөттөрү-тарбия-таалимдин гүл азыгы ...................................................239 Осекова А. К., Келдибаева А. М. Эл акындарынын чыгармалары аркылуу балдарга экологиялык тарбия берүү......................245 Акматова Ш.А. Мектеп окуучуларынын патриоттук сезимдерин калыптандырууда эне тилдин ролу.......249 Ахмедова Г. А. Инсанга багыттап окутуу шартындагы педагогдун ишмердүүлүгү................................................253 Акылбекова Г. Ш. Элдик тыйымдар-улуттук нарктуулуктун өзөгү........................................................................................256


395 Абдапис кызы Токтокан, Жусуева С.К. Моралдык-этикалык аспектилердин көркөм чыгармадагы импровизациясы.........................262 Даминова И., Маткасымова М. Байыркы кыргыздардын тарыхый билимдери жана алардын өзгөчөлүктөрү........................266 Гапарова Г.И. Өспүрүмдөрдүн санариптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн жолдору...................................270 Жусупбек кызы Жыргал Негизги мектептин окуучуларынын компетенцияларын информатика сабагында калыптандыруу.............................................................................................................................................................274 Касымалиева Ж. Кенже мектеп жашындагы балдардын психологиялык – педагогикалык өзгөчөлүктөрү .............................................................................................................................278 Касымбеков Э. А., Теңишова К.Ж. Мектепке чейинки курактагы балдардын көркөм чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү...........................................................................................................................283 Миңбаева К. Б. Элдик оозеки чыгармалардын кеп ѳстүрүүдѳгү мааниси......................................................................287 Жумабаева Д.С. Ч. Айтматов - чыгармаларында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту айыптаган гумандуу жазуучу................................................................................................................................290 Эргешова К. А., Эрмекова А. А. Баланын жаш курагы төкмө ырчылардын чыгармачылыгында.......................................................295 Эргешова К. А. Кыргыз үй-бүлөсүндө балдарга байланыштуу салттар жана тойлор.............................................300 Курбаналиева Г., Шербаева Ж. Р., Мурзабаева Б. Б. Кенже курактагы балдар үчүн окуунун ролу, мааниси жана балдар китептерин пайдалануу жолдору ..................................................................................................................................................305 Умарова Р.Н., Умаров Т.Н. Кыргыз элдик педагогикасындагы адептүүлүккө тарбиялоо маселери.......................................310 Темиралиева Т.Т. Элдик педагогиканын маңызы жана аны билим берүү, тарбиялоо процессинде колдонуу......................................................................................................................315 Орозалиева Б.Э. Көзү азиз жана начар көргөн балдар мектебинде география сабагынан көрсөтмө куралдарды колдонуу................................................................................................................................................320 Мурзаев М.С. Ислам динин үйрөтүүнүн өзгөчө стратегиясы жана усулу ...................................................................325 Шамшиева Г.А. Балдарды гумандуулукка тарбиялоодо поэма жанрындагы изденүүлөр, табылгалар.........329 Ысакова М.А. Болочок педагогдордун психологиялык компетенцияларын калыптандырууда тренинг технологиясын пайдалануу ................................................................................................................334 Aдышевa Н.К. Улуттук бaaлуулуктaрды учурдaгы билим берүүгө интегрaциялoo ...............................................339 Мамырова А.Ю. Окуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүүнүн оптималдуу окутуунун технологиялары....................................................................................................................................342


396 Исмаилова И.М. Ч. Айтматовдун каармандары аркылуу балдарды адеп-ахлактуулукка тарбиялоо...............346 Исакова С.Т. Ааламдашуу доорундагы окуучулардын кеп маданиятын өнүктүрүүнүн мааниси жана максаты..............................................................................................................................................350 Гапарова А.Э. Орто кесиптик окуу жайлардын интеграцияланган сабактарында студенттердин информациялык жана коммуникациялык компетенттүүлүгүн калыптандыруунун технологиялары ...........................................................................................................................................................354 Ажиматов О.А. Вклад доцента Аманова Арзыбая в развитии психологической науки в Кыргызстане........359 Ысакова М.А. Инсандын жекече өзгөчөлүктөрүн окутуп үйрөтүү..................................................................................363 Гапарова А. Э. Орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин информациялык жана коммуникациялык компетенттүүлүгүн калыптандыруудагы чечендикке тарбиялоо ........367 Ажиматов О. А., Талканбаева А. Сущность и особенности информационно – компьютерной технологии обучения ...............371 Ырысбаева А.А. Инклюзивдик билим берүүдөгү көзү азиз балдарга робототехниканын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү.................................................................................................................................376 Жилгелдиева Б. Бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдү окутуу................................................................................................380 Абдухамидова Б.А. Балдар китептеринин түрлөрү жана алар аркылуу окуучуларды окууга мотивациялоо....386


397 Форматы: 60х84/8. Офсет кагазы. Көлөмү: 49,75 б.т. Нускасы: 100 ______________________________________ «Мaxprint» басмасында басылды. Дарек: 720045, Бишкек шаары, Ялта көчөсү 114 Тел.: (+996 555) 57-47-98 (+996 505) 92-12-02 e-mail: [email protected]


Click to View FlipBook Version