The words you are searching are inside this book. To get more targeted content, please make full-text search by clicking here.

JIA Бизнес-ассоциациясынын январь, февраль, март айлары боюнча жасаган иштеринин отчету жана жыйынтыктары

Discover the best professional documents and content resources in AnyFlip Document Base.
Search
Published by Бизнес-ассоциация JIA, 2021-04-08 05:57:34

I_кварталдык_отчет_2021

JIA Бизнес-ассоциациясынын январь, февраль, март айлары боюнча жасаган иштеринин отчету жана жыйынтыктары

JIA БИЗНЕС-АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КВАРТАЛДЫК ОТЧЕТУ
(январь, февраль, март)

МАЗМУНУ:
1. Статистика .................................................................................................................... 2
2. Ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо ........................................................................ 3
3. Мүчөлөр үчүн нетворкинг ........................................................................................... 7
4. Жалпы мүчөлөргө уюштурулган семинар/жолугушуулар ..................................... 10
5. Комитет алкагында уюштурулган иш-чаралар........................................................ 12
6. JIAны таанытуу/кызматташуу максатында уюштурулган жолугушуулар.......... 13
7. JIA катышкан маанилүү иш-чаралар ........................................................................ 14
8. Донор-өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырып жаткан долбоорлор .......... 15
9. PR /коммуникация ...................................................................................................... 16

Бишкек-2021

СТАТИСТИКА

Мүчөлөр жана мүчөлүк акылардын абалы - 2021

Регион Жыл A B C Жаңы Чыккан KPI % Жалпы
башы
мүчө мүчө

Бишкек 287 37 167 35 34 31 6,7 288
Ош 152 11 91 50 25 12 48,1 165
180 7 88 85 5 0 20,8 185
Жалал-Абад
2 26 72 11 3 44,4 108
Баткен 100 4 28 25 4 5 -8,3 56
Талас 57 2 19 25 15 3 80,0 58
Ысык-Көл 46 07 16 0 0 0,0 23
Нарын 23 63 426 308 94 54 27,2 883
Жалпы 845

Мүчөлөр менен коммуникация

(Мүчөлөрдөн кабар алуу, маалымат жеткирүү, мүчөлүк акы чогултуу жана башка маселелер

боюнча аткарылган жолугушуулар)

Регион Зыярат Телефон чалуу

(максаттуу)

Бишкек 141 91

Ош 118 140
Жалал-Абад 118 298
Баткен 72 151
Талас 55 75
Ысык-Көл 43 87
Нарын 0 0
Жалпы: 547 842

2

ИШКЕРЛЕРДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КОРГОО

1. Антисептик продукцияларына салынган акциз салыгын алдыруу маселеси

Мазмуну: Пандемия учурунда антисептик чыгарган ишканалар акциз салыгынан
бошотулгандыгын мамлекет тарабынан белгилүү болгон. Учурда, кайрадан бул
продукцияларга салык төлөө боюнча буйругу чыккан

ЖАСАЛГАН ИШТЕР:
Февраль айы

- КРнын экономика, Саламаттыкты сактоо, Президент жана Өкмөт аппараттарына кат
жазылды.

- ЖЧК «Гранд Трейд Бишкек»; ЖЧК «Аю Фарм»; ЖЧК «Столичный винно-водочный
завод»; ЖЧК «ИДЕАЛ ФАРМ»; Алкоголдук продукция өндүрүүчүлөрдүн,
экспорттоочулардын жана импорттоочулардын ассоциациясынын өкүлдөрү менен
мамлекеттик органдар тарабынан антисептик продукцияларына салынган акциз
салыгын алдыруу маселесин талкулоо үчүн Бизнес-Акыйкатчы институтунун орун
басары Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович менен жолугушуу өткөрүлдү. Жалпы
билдирүү таратуу жана коллективдүү арыз жазуу иши кабыл алынды.

- Пресс-конференция өткөзүүгө тараптар макулдашышты. Ал үчүн JIA тарабынан
концепция жазылып, ишкерлерге сунушталды.

- Антисептик продукцияларына салынган акциз салыгын алдыруу маселелери боюнча
КРнын Президентинин аппаратында Айнура Усенбаева менен жолугушуу болду.
Тараптар башка бийлик өкүлдөрү менен иштөөгө макулдашышты. Коопсуздук
кеңешинде билдирүү тарата турган болушту

Март айы
- JIA Бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Ф.Пакыров Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү
боюнча кеңештин катчылыгынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча
мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов менен жолугушуусуна
катышты.
Антисептик продукцияларына салынган акциз салыгын алдыруу маселеси боюнча
(ЖЧК «Гранд Трейд Бишкек») кат берилди.

- Ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү
максатында Башкы прокурор К.Зулушев мырза менен JIA Бизнес- ассоциациясынын
өкүлдөрү Ж.Омошев, Ф.Пакыров, Ч.Акматов, Кадыр Алы мырзалардын жолугушуусу
уюштурулду. Антисептик продукцияларына салынган акциз салыгын алдыруу маселеси
боюнча (ЖЧК «Гранд Трейд Бишкек») Бакшы прокуратурасынын бөлүм башчысына
кат жиберилди.

3

ИШКЕРЛЕРДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КОРГОО

2. Бажы төлөм маселеси (“Кул Брос” ишканасы)
Мазмуну: 2 жыл мурун бир нече экспорттук потенциалы бар ишканаларга экспортко
колдонулуучу сырттан алынып келинген продукцияларга бажы төлөмүнөн бошотуу буйругу
мамлекет тарабынан чыккан. Учурда, кайрадан бул төлөмдөрдү туум менен кошо төлөнүүсү
керек экендиги мамлекет тарабынан айтылууда.

ЖАСАЛГАН ИШТЕР:
-Кул Брос” ишканасынын негиздөөчүсү Сүймөнкул Жолдубаев мырза менен Инвестицияларды
илгерилетүү жана коштоо бөлүмүнүн башчысы (АПЗИ) Толкунай Таалайбекова жана Экономика
жана Финансы министрлигинин Бажы саясат бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Самыкбаевдердин
Марал радиосунун Экомайдан программасында суроо-жооп интервью уюштурулду.

- JIA Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Ф.Пакыров Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору
Алмамбет Шыкмаматов менен жолугушуусуна катышты. Кул Брос” ишканасынын бажы
пошлинасы боюнча кат берилди.

- Ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында
Башкы прокурор К.Зулушев мырза менен JIA Бизнес ассоциациясынын жолугушуусунда Кул
Брос” ишканасынын бажы пошлинасы боюнча маселе айтылды

3. JIA курулуш комитетинин маселелери
Мазмуну: Түштүк аймактагы жер тилкелерине мораторий киргизүү, курулуш үчүн
сертификаттарды алуу көйгөйлөрү, курулган үйлөрдөгү сууга болгон тарифтин көлөмүнүн
төмөндөшү, ипотека насыялары жана түштүк зонасындагы мораторий киргизилген
жерлердин ордуна, ишкерлер башка жер тилкесин суроодо

ЖАСАЛГАН ИШТЕР:
-JIA курулуш комитетинин мүчөсү Гулнара Сатыбалдива менен Бизнес-Акыйкатчы институтунун
орун басары Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович жана юрист Саткын айым менен курулуш
маселелери боюнча жолугушууну уюштурулду. Бизнес-Акыйкатчы институту Өкмөттүн 571-
токтомун, 288-Шаардык кеңештин токтомун анализдеп, тийиштүү органдарга запрос, эскертүү
жиберүү үчүн иш алып барууну баштады.
- 10.02.2021. JIA курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов менен Бизнес-Акыйкатчы
институтунун орун басары Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович жана юрист Саткын айым менен
Бишкектин түштүк аймагындагы суу түтүктөрүнө туташуу жана жерди арендага алууда

4

калыптанып калган маселелер боюнча жолугушууну уюштурулду. 54-Бишкек шаардык кеңештин
токтомун анализдеп, билдирүү жасай турган болду.
-08.02.2021. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Марипов Улукбек Асамидиновичге
жаңы түзүлгөн Өкмөттүн түзүмүндө жана курамында курулуш тармагын карай турган
мамлекеттик тиешелүү органдын макамын жогорулатуу боюнча маселени карап берүү маселесин
кароо үчүн кат жиберилди.
-11.02.2021. КРнын ЖКнин депутаты Умбеталы Кыдыралиев менен курулуш, текстиль
тармагындагы маселелер боюнча жолугушуу болду. Тараптар пикир алмашып, регулярдуу
жолугушууга макулдашышты. КРнын ЖКнын Аппаратынын Экспертизалардын адистештирилген
түрлөрүнүн бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жапаров Шамиль Кыдырганович менен
текстиль багытында чогуу иш алып баруу каралды.
-15.02.2021. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Курулуш, транспорт жана коммуникациялар
Бөлүм башчысы Узаков Азат Сапарбаевич менен Курулуш темасындагы жолугушуу болду.
Тараптар ар түрдүү көйгөйлөрдү талкуулап, ГОССТРОЙ менен чогуу иштешүүгө жана Премьер-
министр менен жолугушууга макулдашышты.
-19.02.2021. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Марипов Улукбек Асамидинович менен
Кыргызстандын Курулуш маселелери темасындагы жыйыны болду. Жыйында ишкерлер даяр
инвестициялык долбоорлорун баштай албай, 2-3 жылдап тиешелүү документтердин артынан
чуркап жүрүшөөрү белгиленип, ишкердик менен алектенбей, мамкызматкерге айланып бара
жатышат деген ойлор айтылды. Бул көйгөйлөрдүн көпчүлүгү Бишкек мэриясына тиешелүү экени
белгилүү болду. Бул маселелер боюнча 1 ай убакыт белгиленди.
-16.02.2021. ГОССТРОЙДО Кыргыз Республикасынын КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө
туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө талап тууралуу
чогулуш болду. СНиПти бир жылга узартууга макулдашуу болду. Ал үчүн JIAдан арыз жазылып,
ГОССТРОЙго тапшырылды.
-24.02.2021. Премьер-министрге кат мэрия боюнча JIA жана AmChamдин атынан Мэриянын
ишмердүүлүгү жана курулуш тармагынын көйгөйлөрү тууралуу Премьер-министрге кат
даярдалып, тапшырылды.
19.03.2021 КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов менен курулуш компанияларынын
Курулуш тармагындагы көйгөйлөрү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынга катышкан JIАнын
курулуш тармагында мүчөлөрү тиешелүү көйгөйлөрдү Премьер-министрге маалымдашты жана
тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөргө тапшырмалар берилди.
24.03.2021. Бишкек шаарынын мэриясында жыйын болуп, курулуш тармагындагы көйгөйлүү
маселелер талкууланды. Жолугушууга JIA Курулуш комитетинин мүчөлөрү жана төрагасы
катышты. Алар түштүк зонасындагы жер тилкелерине мораторий киргизүү, курууга уруксат алуу
көйгөйү, курулган үйлөрдөгү суунун тарифинин көлөмүнүн төмөндөтүү, ипотека көйгөйлөрү
сыяктуу оорчундуу маселелерди көтөрүштү. Мэрияда ар ай сайын жыйын болуп тура турган
болду.

5

ИШКЕРЛЕРДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КОРГОО

4. Жалпы ишкерлерге тиешелүү маселер
21.02.2021 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Марипов Улукбек Асамидинович
менен Кыргызстандын ири бизнес өкүлдөрү жолугушту. JIAдан Жоодар Омошев жолугуп,
ишкерлерди колдоо сунуштарын айтты
24.02.2021 Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинде Салык
кодексинин жаңы редаксиясын кабыл алуу боюнча жолугушуу ведомстволор аралык жумушчу
топтун жолугушуусу болду.
JIAдан Жоодар Омошев жолугуп, сунуштарын айтты.
12.02.2021 "Бишкек ЦветМет" компаниясынын өкүлү Айнагүл айым менен биргеликте салык
жана бажыдагы өткөрүлбөй жаткан товарларына мыйзамдык, ченем-актыларынын
тоскоолдуктары боюнча Салык боюнча кеңешчилер палатасына жолугушуу уюштурулду,
консультация алынды. Жолугушуунун жыйынтыгында "Бишкек ЦветМет" компаниясы
өздөрүнүн бухгалтердик иш-кагаздарын оңдой турган болду. Маселе чечилди
22.02.2021 JIA Бизнес-ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Экономикалык реформалар боюнча кеңештин курамына кирди
18.03.2021 Ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү
максатында Башкы прокурор К.Зулушев мырза менен JIA Бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү
Ж.Омошев, Ф.Пакыров, Ч.Акматов, Кадыр Алы мырзалардын жолугушуусу уюштурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жана
бизнес-жамааттарды өнүктүрүү боюнча мындан ары жемиштүү кызматташтыктын
зарылдыгын белгилешти.

6

НЕТВОРКИНГ

JIA EXPO

18 - февраль күнү “Дасмия” этно - комплексинде “JIA EXPO” нетворкинг иш-чарасы болуп өттү.
Андан тышкары Кыргызстандын алдыңкы ишкерлери "Каликова & Ассошиэйтс” юридикалык
компаниясынын негидөөчүсү Гульнара Каликова “Эмне үчүн Кыргызстанга ишкерлердин үнү
керек” деген темада жана “Тойбосс” брендинин кош - негиздөөчүсү Мырзабек Орунбаев
“Пандемия: бизнести кеңейтүү” темасында ТеdX форматында ойлору менен бөлүштү.
Жыйынтык: Иш - чарага 350 ашык ишкер катышып, 36 компания стенд алып, өздөрүн
таанытууга мүмкүнчүлүк алышты. Айта кетсек иш-чарага региондон 100гө жакын ишкер
катышты

БИЗНЕС-ШЕРИНЕ

11-февраль күнү мүчөлүк акы боюнча “А” категориясындагы ишкерлердин Бизнес-шеринеси
болуп өттү. Жолугушуу Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смиттин катышуусунда
болуп, ишкерлердин укугу тууралуу суйлөшүүлөр болду.
Жыйынтык: Мындан ары ишкерлер менен бизнес-омбудсмен институту тыгыз иштеше турган
болду.

7

НЕТВОРКИНГ

БИЗНЕС-КАРАВАН

10 - 11 март күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында “Бизнес - Караван” долбоору болуп
өттү. Долбоордун максаты регион аралык бизнестеги байланышты чыңдоо жана жаңы
өнөктөштөрдү, кардарларды табуу. Иш-сапарга Бишкек шаарынан 15 компаниясы катышып, Ош,
Жалал-Абад ишкерлерине өз продукцияларын таанытышты.
Жыйынтык: Жалпысынан 500дөн ашык ишкер катышып, 50гө жакын жаңы таанышуулар, 15тен
ашык потенциалдуу кардарлар жана 2 реалду келишимге кол коюлду.

КЫРГЫЗ-ОРУС ИШКЕРЛЕРИНИН КЫЗМАТТАШУУСУ

Орусия - Кыргызстан ишкердик байланышын жакшыртуу максатында Тюмень облусунан 4
компания Кыргызстанга иш сапары менен келди. Анда 17- март күнү Хаятт мейманканасында
эки тараптуу бизнес-жолугушуу болуп, жолугушууга Кыргызстан тараптан 80ге жакын ишкер
катышып, Тюменден келген ишкерлер менен 10го жакын чогуу иштешүүгө болжолдуу
сүйлөшүүлөр болду. Ал эми 18-19 март күндөрү, Тюменден келген компаниялар үчүн
тармагына жараша компанияларга зыярат уюштурулду. Жалпысынан 17 жергиликтүү
компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

8

НЕТВОРКИНГ

СТАДИ ТУР

25 - 26 март күндөрү өндүрүш тармагында иштеген ишкерлер үчүн Study Tour иш-чарасы
болуп өттү. Иш-чарага өндүрүшчүлөрдөн 21 ишкер (Бишкек-3, Ош -6, Ысык-Көл -6, Жалал-
Абад-4, Талас-2 ) катышып, биринчи күнү “Тойбосс” жана “Амангрин фуд” ишканаларына
экскурсияга барып, компаниянын жетекчилери менен бизнес баарлашуу болду. Экинчи күнү
“Экопродук Азия” жана “Агропродукт Азия” компанияларына экскурсия уюштурулуп ал
жактан да жетекчилери менен кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Андан тышкары
“Финансы башкаруунун негиздери” темасында семинар болду.

9

ЖАЛПЫ МҮЧӨЛӨРГӨ УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАР/ЖОЛУГУШУУЛАР

Жалпы: 14 семинар/ жолугушуу

Жалал-Абад Тема: "2021-жылда өзүңүзгө береке тартуулаңыз" Лаура
Ош Омуралиева. Жалал-Абад шаарындагы ишкер айымдар үчүн
максатты кою, ишке ашыруу жана планды түзүү боюнча семинар
Талас жана курс болду.


Бизнести социалдык тармактар аркылуу өнүктүрүү" деген темада
эки күндүк тренинг болуп өттү.Тренингтин максаты,
ассоциациянын ишкерлеринин кызматкерлерин окутуу
болду.Катышуучулардын 90% мүчөлөрүбүздүн кызматкерлери
болсо 5%ын буга чейин биздин тренингтерге катышып жүргөн
досторубуз түздү.
Мекенди коргоо" күнүнө карата ишкерлерибиздин арасында
бильярд турнирин өттү. .Турнирде 30га жакын ишкер катышып,
бильярд ойноп эле чектелбестен, нетворкинг кылганга дагы
жетишишти
"Брендтин бизнестеги орду" аттуу темасында семинар
Спикер: “Ormon branding” компаниясынын бренд мастери -
Төлөбек Нурдинов
Ишкерлер үчүн Бизнес-ассоциация JIA жана Жапониянын эл
аралык кызматташтык агенттиги JICA тарабынан уюштурулган
“Кайдзен кыймылы” долбоорунун алкагында эки күндүк
тренинг болуп өттү.

6 - январь күнү, Ош JIAда JIA Башкаруу кеңешинин төрагасы,
жеке ишкер, “Pierre coffee кофейнясынын” жана “1001 KILEM”
дүкөнүнүн ээси Жоодар Омошов менен бирге чакан жана орто
бизнесте цифровизация жана коммуникация темасында
баарлашуу уюштурулду.

25-март күнү Ош JIAда сертификаттар жана техникалык
регламенттер боюнча акысыз консультациялык семинар болуп
өттү. Жолугушуунун спикери - азык-түлүк коопсуздугу жана
сапаты боюнча магистр даражасы, ХАССП тутумун, ошондой эле
ISO 22000 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык азык-
түлүк коопсуздугун башкаруу тутумун киргизүү боюнча
консультант Артем Кичигин болду.

Бизнес-ассоциация JIA жана JICA тарабынан уюштурулган
“Кайдзен кыймылы” долбоорунун алкагында маркетинг жана

Кайдзен боюнча 2 күндүк тренинг жана 1 күндүк практикалык
мастер класс болуп өттү.

20-февраль күнү Талас JIA мүчөлөрү үчүн «Бизнес Шерине »
долбоорун уюштурду.

"Бизнес Шерине" иш-чарасына спикер катары “Kyrgyz Concept”

компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев чакырылды.

Эмил Үмөталиев ишкерлерге «Салам Аарылар»

аташылшындагы семинарын өтүп, өзүнүн тажрыйбасы жана

ийгилигинин сырлары менен бөлүштү .

СММ тренинг, Design 2 Business компаниясынан онлайн-
оффлайн форматтында өттү. 15- 16 мартта онлайн түрүндө, 19

10

Баткен март оффлайн Талас JIAнын офисинде болуп, кофе-брейк
уюштурулду. Ар бир катышуучуга сертификат ыйгарылды.

Бизнес кино кечеси уюштурулду. (Макдональдс жөнүндө) кино-
тасмасын талкуулап, ишкерлер менен пайдалуу кече болду.

Жаны мүчөлөрдүн Welcome party күндүзгү жолугушуу Талас
JIAнын офисинде кофе-брейктин үстүндө өттү. Жаңы кошулган
ишкерлерге JIA туралуу презентация

Бизнес-ассоциация JIA жана Япониянын эл аралык
кызматташтык агенттиги JICA тарабынан уюштурулган
“Кайдзен кыймылы” долбоорунун алкагында эки күндүк
тренинг болуп өттү. Ага ишкерлер катышты.

Жаңы мүчөлөрдүн Welcome party күндүзгү жолугушуу Баткен
JIAнын офисинде кофе-брейктин үстүндө өттү. Жаны кошулган
ишкерлерге JIA тууралуу презентация көрсөтүлүп,
сертификаттарды айым ишкерибиз Абдрахманова Перизат
тапшырды.

11

КОМИТЕТ АЛКАГЫНДА УЮШТУРУЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР

Жалпы: 12 иш-чара

Бишкек Билим берүү комитетинин жылдын алгачкы жолугушуусу уюштурулду.
Баткен Жыйын алкагында комитеттин төрагасы Данияр Эмилов, жылдык пландардын
презентация түрүндө сунуштады.

Курулуш комитетинин бейрасмий жолугушуусу. Жолугушуу жүрүшүндө
Өкмөт тарабынан кабыл алынган эки мыйзам долбоорунун жыйынтыктоо
максатында курулуш комитетинин мүчөлөрү жана долбоор менен иштешкен
өнөктөштөргө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Өндүрүш комитетинин жыйыны “Шоро” компаниясынын иш-канасында болуп
өттү. Жолугушуу алкагында иш-кана ичинде экскурсия уюштурлуп, ал жактын
сисметасы жана автоматизация боюнча тажрыйба алмашылды.

JIA айымдар (LadyClub) алкагында 8-март айымдардын эл аралык күнүнө
карата куттуктоо аземи болуп өттү. Кече “Гэтсби» форматында уюштурулуп,
анын алкагында латин бий боюнча мастер-класстар берилди.

Жаш ишкерлер клубу мүчөлөрү “Лайтс Креатив” иш-канасында конокто болду.
Иш-чара нетворкинг, экскурсия жана тамактануу үстүндө тажрыйбалуу
алмашуу форматында уюштурулду.

Жаш ишкерлер клубу мүчөлөрү үчүн “Авангард Стиль” курулуш
компаниясынын жетекчиси Эрнис Минкеев менен мотивациялык жолугушуу
уюштурулду. Жолугушуу жүрүшүндө: тайм мененджент, спорт, жумушчу жана
бухгалтерия тууралуу маектешүү болду.

DFID эл аралык фонду, JIA Бизнес-ассоциациясынын Текстиль тармагында
алектенген 5 ири ишканасы менен биргеликте Бизнес-ланч форматындагы
жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты: Текстиль тармагындагы
актуалдуу маселелер жана мамлекет ортосундагы көйгөйлөрдү талкулоо.

JIA Финклубунун жыл башындагы биринчи жолугушуусун өткөрүп, клуб
тарабынан жыл ичинде аткарыла турчу маанилүү каржы-экономикалык,
аналитикалык багыттагы иштер белгиленди.

“Жаштар клубу” жолугушуусунда, алдыдагы пландар түзүлдү

Каракол JIA айымдар (LadyClub алкагында “Ишкер айымга 17 лайфхак” тренинг болуп
Талас өттү

Жалал-Абад JIA айымдар (LadyClub алкагында 8-март айымдардын эл аралык күнүнө карата
“Ишкер айымдарды” куттуктоо аземи бизнес- таңкы тамак аркылуу болуп өттү.
Белек катары гүл берилди.

Айымдардын эл аралык күнүнө карата ишкер айымдарды куттуктап, спорттук
иш чара өттү. Айымдарыбыз теннис жана волейбол оюндарын ойноп,
жеңүүчүлөр кызыктуу белектер менен сыйланышты.

12

ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КАЙРЫЛУУЛАР

(мүчөлөрдөн түшкөн ар кандай кайрылуулар)

Региондор бюнча түшкөн жалпы Ийгиликтүү Аткарылбаган
кайрылуулардын саны (6-айдан кийин*)

282 207 75

JIA TRADE - СООДАГА КӨМӨКТӨШҮҮ БОЮНЧА КАЙРЫЛУУЛАР

Жалпы саны: Ийгиликтүү: Аткарылбаган:
83 43 13 (27 процессте)

JIAны ТААНЫТУУ/КЫЗМАТТАШУУ МАКСАТЫНДА УЮШТУРУЛГАН
ЖОЛУГУШУУ/ЗЫЯРАТТАР

Жалпы: 22 жолугушуу

Бишкек Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Бермет
Турсалиева менен жолугушуу болду.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү
боюнча Кеңештин жетекчиси менен JIA ортосундагы кызматташуу жана долбоорлор
тууралуу жолугушуу болду.

JICA уюму менен JIA ортосундагы кызматташуу жана кичи жана орто ишкердик
долбоорлорун каржылоо тууралуу аналитикалык жолугушуу болду.

Эл аралык эмгек уюму (МОТ) менен кызматташуу жана долбоорлор боюнча жолугушуу
өттү

Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен туризм жана башка тармактарды каржылоо
багытындагы долбоорлордо JIA менен кузматташуу жолдору талкууланды

КР Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы Саясий департаментинин директоруна 2021-
жылдын 16-февралынан 19-февралына чейин Москва шаарында текстиль жана жеңил өнөр
жай үчүн товарлардын жана шаймандардын дүңүнөн жарманкеси "ТЕКСТИЛЛЕГПРОМ"
боюнча JIAдан баруучу ишкерлерге чек арада көзөмөл жагынан колдоо көрсөтүү каты
жиберилди.

GIZ Туруктуу экономикалык өнүгүү программасы долбоорунун эксперти Ильяс Жумабаев
менен Ф.Пакыров жолугушуп, жеке сектор тармагында жашыл технологияларды жайылтуу
максатында иш-чараларды уюштуруу боюнча сүйлөшүлдү

Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) Москва бюросундагы эксперти Владимир Чурович менен
Ф. Пакыров, Ж.Омошев онлайн жолугушуу болуп, бейформал экономика боюнча чогуу
долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөштү.

GIZ Туруктуу экономикалык өнүгүү программасы долбоорунун эксперти Ильяс Жумабаев
менен Ф.Пакыров жолугушуп, жеке сектор тармагында жашыл технологияларды жайылтуу
боюнча жолугушуу өттү

Эл аралык каржы корпорациясы (IFC): Улук Турдубеков менен жолугушуу болуп, IFC
алкагында ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн Дүйнөлүк банкка JIAнын заявкасы
толтурулуп жиберилди.

24-февралда Ош JIA директору А. Жээнбай уулу, мүчөлөр менен иштөө менеджерлери У.

13

Ош Кубанычбеков жана Н. Маматкулов Өзгөн шаарынын мэри Мухтар Халматов жана Өзгөн
райондук администрациясынын Инвестиция бөлүмүнүн башчысы Мейликан Дүйшембиева
Жалал- менен жолугуп, аталган аймакта чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү
Абад жүргүзүштү. 2021-жылы Ош JIA тарабынан Өзгөн шаарында пайдалуу тренингдер,
Баткен консультация жана тажрыйбалуу ишкерлерден мастер класстар уюштурулат.
Каракол
25-февралда Ош JIA директору А. Жээнбай уулу, мүчөлөр менен иштөө менеджерлери У.
Талас Кубанычбеков жана Н. Маматкулов Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов менен
жолугуп, алдыдагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Нурдин мырза жылуу кабыл алып,
ишкерлерди ар тараптуу колдоого алууга жана эки тараптуу кызматташууга кызыкдар
экенин билдирди.

Ош JIA РК мүчөлөрү К. Акаев, М. Иса жана филиал директору А. Жээнбай уулу Ош
шаарынын жаңы дайындалган 1-вице-мэри Замир Юсупов менен жолугуп, кызмат орду
менен куттуктап, алдыдагы кызматташуу тууралуу маек курушту.

“Ага Хан” фондунун өкүлү Койчуманов Максатбек Ош JIA мүчөлөр менен иштөө
менеджери Н. Маматкулов менен жолугуп, аталган уюмдун “Жаштарды ишке орноштуруу -
жамааттарды колдоо” программасынын негизинде чогуу иш алып баруу тууралуу сүйлөшүү
жүрдү.

“Халык Банк” Ош шаарынын филиалынын жетекчиси Шоноев Мирлан менеджер Н.
Маматкулов менен жолугуп Ош JIA ишкерлери менен тыгыз иш алып баруу тууралуу
сүйлөшүү жүрдү.

“Агросоода” долбоорунун алкагында эки тараптуу жолугушуу болду. Жолугушууда Жалал-
Абад облусунда долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

USAID “Агросоода” долбоору боюнча жолугушуу болду

Баткен районун акими менен тегерек столдо кызматташуу максатында жолугушуу болду.

Ишкерлер менен “Ысык-Көл облусунун ишкерлери үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу
жолугушуу болуп өттү. Иш-чара Accelerate Prosperity менен биргеликте уюштурулду. Анда
JIA ишке ашырып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Ысык-Көл районунда “Ийгиликтүү стартап” атында форум болуп өттү, форумда JIA жана
ИКБны таанытуу презентациясы болду.

Каракол шаарынын прократурасынын орун басары менен жолугуп, биргеликте
кызматташуу тууралу сүйлөшүүлөр жүрдү

Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит жана анын орун баасары Нурлан
Мусуралиев менен жолугушуу болду. Талас JIA туралуу маламаат берилди жана жеке
ишкерлер менен таанышып, бизнес туралуу маек өттү. Ишкерлер өзүндө болгон көйгөй-
маселелерин айтып бөлүштү. Жолугушуудан кийин электрондук түрүндө бизнес-
акыйкатчынын орун басаарына Нурлан Мусуралиевге кат жиберилди (маселелер боюнча)

JIA КАТЫШКАН МААНИЛҮҮ ИШ-ЧАРАЛАР

Жалпы: 10 жолугушуу

Бишкек “Nordmetall” Германиядагы ассоциация менен Борбор Азиядагы жумуш берүүчүлөр
Баткен уюмдарын колдоо максатында тажрыйба алмашуу, анализдөө жана потенциалдарын
күчтөндүрүү боюнча жолугушуулар болуп өттү

Туризм тармагында энергоэффективдүү технологияларды колдонуу боюнча Бизнес-эксперт
коомуу тарабынан уюштурулган тегерек столго, Ф.Пакыров катышып ишкерлерди
көйгөйлөрүн айтты.
КР менен Украина ортосундагы экономикалык байланыштуу өнүктүрүү боюнча
уюштурулган онлайн-конференцияга Ф.Пакыров катышып, сөз сүйлөдү. Иш-чара КР
Украинадагы элчилиги жана Украина ТПП тарабынан уюштурулду.
BOOST долбоору уюштурган “Тамак аш коопсуздугу” боюнча 3 күндүк тренинг өтүп,
Баткен JIA катышты
РКФР тарабынан уюштурулган “Бизнес план” боюнча 2 күндүк тренинг өтүп, Баткен JIA
катышты
Баткен облустук администрация тарабынан уюштурулган “Туура тамактануу” боюнча

14

тегерек стол өтүп, Баткен JIA катышты

“Эл аралык толеранттуулук үчүн“ коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Баткен
шаарындагы аялдардын жумуш менен камсыздоо көйгөйлөрү жана жаңы мүмкүнчүлүктөр”
аттуу дискуссиялык жолугушууга онлайн катышылды

Каракол ПРООН программасы тарабынан "Коомчулукту өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун
кеңейтүү" онлайн-семинарында Ф.Пакыров, Ассоциациялардын ролу тууралуу презентация
жасады. Андан сырткары, Баткен ИКБ бизнес-кеңеши М.Давлаев катышты.

"Мамлекеттик-жеке диалог" (ГЧП) темасындагы тренингке катышылды.
"Ак Конуш 2021-2026" мамлекеттик ипотека программасы боюнча жыйынга катышылды.

Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын кызматкерлери менен жолугушуу болду, анда
ишкерлердин мыйзамдуу укутарын коргоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жолугушууга ишкерлер жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү катышты.

СТУДЕНТТЕР ЖАНА ЖАШТАР ҮЧҮН УЮШТУРУЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР
Жалпы: 13 семинар / тренигтер өтүлдү

ДОНОР-ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ИШКЕ АШЫРЫП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОР
Жалпы: ишкердикти өнүктүрүү багытында 8 долбоордун үстүндө иштер жүргүзүлдү

“Бизнес Старт” долбоору -Ишкердик багытында кеңешчилер жетишсиз;
Өнөктөш: FSDS Коомдук фонду -Жаңы бизнес баштайм деген жаштарга колдоо жок-
каражат, семинар, маалымат, нетворкинг;
COVID-19 учурунда жабыркаган -ишкерлердин башын бириктирген ассоциациялар өтө аз;
ишкерлер учун грант Региондордо аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында
Өнөктөш:ПРООН / Япония #Бизнес_ассоциация_JIA #FSDS биргеликте ишкерлерди
өкмөтүнүн каржылык колдоосу колдоо максатында ишке ашырып жаткан долбоорунун
“20 айым” долбоору командасы менен 2 күндүк воркшоп башталды.
Өнөктөш: ОБСЕ Бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн практикалык жактан
билимди жана жөндөмдөрдү сунуш кылган уникалдуу
Кара бак жана Бешкент айыл окутуу программасы учун Баткен, Ысык Көл, Талас,
өкмөттөрүнүн жаштарын колдоо Нарын, Жалал-Абад региондорунан кабыл алуу башталды.
долбоору Айта кетсек, долбоор пандемияга карабай активдүү уланып,
аймактардан “БизнесСтарт” долбоорунун 3 жеңүүчүсү
аныкталып, учурда аларга бизнесин баштоо үчүн 2000 евро
чамасында жабдуулар алынып жатат.
Кризисте жабыркаган 111 компаниядан грант алууга
кайрылуулар кабыл алынды. Кайрылуулар алгачкы
баалоодон өткөрүлүп долбоордун комиссиясы тарабынан 16
компания кенен текшерүүгө дайындалды. Апрель айы ичи
текшерүүдөн өткөн компанияларга грант тапшырылат.
ОБСЕ менен биргеликте Баткен ИКБ аркылуу «Баткен
облусундагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн
кеңейтүү» долбооруна киришүү(жарыяга текс даярдоо,
кабыл алуу формаларын иштеп чыгуу)
“Жаштарды колдоо” долбоору алкагында жеңүүчү
жаштарга мониторинг жүргүзүү

15

Өнөктөш: “Ага хан”фонду Covid-19 учурунда жабыркаган айым ишкерлерди колдоо
максатында “Айымдарга насаатчылык” программасы болуп
Айым ишкерлерди колдоо жатат. Азыркы учурда 120 менти- шакирт 30 ментор-
максатында “Айым ишкерлерге насаатчы катышууда.
насаатчылык программасы”
Өнөктөш:ПРООН /Финляндия Айым ишкерлерге насаатчылык программасы боюнча
өкмөтүнүн каржылык колдоосу ментилерге семинар болуп отту.
Тема: Кадрларды тандоо техникасы
“Кайдзен кыймылы” Спикер: Шарбат Бекмаганбетова
Өнөктөш: JICA
Айым ишкерлерге насаатчылык программасы боюнча
Ишкердикти колдоо борбору ментилерге семинар болуп отту.
Өнөктөш: ОБСЕ Тема: Кардарларды кабыл алуу каналдары: Кимге кандай
сунуш кылуу керек?
Спикер: Бегайым Мусакеева

Ишкерлер үчүн Бизнес-ассоциация JIA жана Япониянын эл
аралык кызматташтык агенттиги JICA тарабынан
уюштурулган “Кайдзен кыймылы” долбоорунун алкагында
эки күндүк тренинг болуп өттү

ИКБны өнүктүрүү максатында координаторлор жана
консультанттар үчүн 2 күндүк ретрит болуп өттү.

PR/ SMM/ КОММУНИКАЦИЯ

49 | ИНТЕРВЬЮ (Марал ФМ, Тазабек, Спутник, Талас ТВ, Акчабар,

Экономист, Салам Медиа, ЖТР, Пирамида, Ош Пирим, ЭЛТР,

Ала-Тоо24, Азия ТВ, Ысык-Көл ОблТв, Т-Медиа)

8| БИЗНЕС-МААЛЫМАТ (E-MAIL)

300 | СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРГА ПОСТ
(Facebook, Instagram, Telegram, What`s app)

16


Click to View FlipBook Version