The words you are searching are inside this book. To get more targeted content, please make full-text search by clicking here.

_Диндердин өнүгүү тарыхы_

Discover the best professional documents and content resources in AnyFlip Document Base.
Search
Published by Aksana Bijanova, 2024-03-15 03:43:18

_Диндердин өнүгүү тарыхы_

_Диндердин өнүгүү тарыхы_

101 демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет». Конституциянын 9-беренесинде дин аралашпаган принцип төмөндөгүдөй аныкталат: «Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес». Аталган берененин 2-пунктунда «Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган», ал эми 3-пунктунда «Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат» деп жазылган. Ошол эле учурда Конституциянын 34-беренесине ылайык «ар бир жарандын абийирине жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет». Ар бир жаран диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу жана эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес. Конституция мамлекетти диний негизде саясий партияларды түзүүгө жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, ошондой эле диний касташууну тутандырууга, социалдык үстөмдүүлүккө жана дискриминацияга багытталган иштерге тыюу салат. Дин тутуу эркиндиги жана мамлекеттин диний уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тереңирээк жазылган. Мыйзамдын 4/1-беренесине ылайык ар кимге дин тутуу жана дин тутпоо эркиндиги берилет. Мыйзамда белгиленген дин тутуу эркиндиги – мыйзам менен тыюу салынбаган, дин тутууга, тандоого, айтууга, диний ырым-жырымдарга


102 жана аземдерге катышууга болгон адам укугу. Жогоруда белгиленген мыйзам диний уюмдардын ишмердүүлүгүн, диний таалим-тарбияны, Кудайга табынууну, дин адистерин жана дин кызматкерлерин окутууну, диний адабиятты басып чыгарууну жана жайылтууну жөнгө салат. Билимиңерди бекемдегиле: 1. Кыргызстандын жарандарынын басымдуу бөлүгү эки негизги конфессия менен көрсөтүлгөн. Алар кайсылар? 2. «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түшүндүрмө бергиле. 3. «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында диний кызматкерлерге кандай иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынган? 4. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын негиздерин атап бергиле.


103 § 15. Радикализм, экстремисттик жана террористтик уюмдар Коомго коркунуч туудурган радикалдуу диний идеологияларга каршы туруунун жолдору барбы? Түйүндүү түшүнүктөр: радикализм, экстремизм, терроризм Экстремизм, терроризм жана радикалдашуу түшүнүктөрү Экстремизм жана радикализм – бүгүнкү күндө Кыргызстандын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн актуалдуу маселелеринин бири. Экстремизмди дин менен жакындаштырбастан көздөгөн максатка жетүү үчүн рухий жана маданий түзүмдөрү экстремизмдин зордук-зомбулукту актоочу идеологиялык куралга айланып кеткен радикалдуу түрлөрүнө каршы аракеттенүүсү зарыл. Экстремизм маселеси көптөгөн окумуштуулар, эксперттер, диний ойчулдар тарабынан изилденип жатат. Туура эмес идеологиядагы агымдар тарыхый жактан салттуу диний укуктук мектепти, учурдагы акыйкатты жана жергиликтүү шарттарды, анын ичинде улуттук салттарды жана мамлекеттүүлүктү жактоону эске алуу зарылчылыгын толугу менен же жарым-жартылай танат. Алардын иши – идеологиялык белгилер боюнча мусулман коомун бөлүп-жарууга, радикалдашууга жана террористтик уюмдарга азгыруу. Радикализм – кандайдыр бир көз караштарга, концепцияларга өтө ашкере берилүү. Радикал – ашкере көз караштарды карманган адам. Адамдын радикалдашуусун бир


104 пикирге берилип алып, башка пикирлерди кабыл албоосунан жана башкалар менен компромисске барууну каалабагандыгынан байкоого болот. Ал эми диний радикал деп кандайдыр бир диний партияларга, уюмдарга же жамааттарга кирип кетип, ошолордун гана идеологиясын бекем карманып алып, башкалардыкын четке каккан адамды айтабыз. Диний радикал өзү ошол идеологиянын маңызын түшүнбөй, анын туура же ката экендигин баамдабай туруп бирөөлөрдү ээрчийт. Экстремизм түшүнүгү латын тилинен которгондо («extremus») «ашкере», «чектен чыккан» дегенди билдирет. Экстремист – маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү каалабаган, өтө ашкере көз караштарды, аракет ыкмаларды жактаган адам. Экстремизмдин өзгөчөлүгү өз максаттарына жетүү үчүн мүмкүн болгон мыйзамдуу жолду пайдаланбастан, күч колдонуу аракеттерин тандап алып, аны жайылткандыгында турат. Экстремизмде кездешкен айрым белгилер: • Диний көз караштарда жана аракеттерде чектен чыгуу; • Башка диний идеяларды же диний көз караштардын системасын жокко чыгаруу жана тааныбоо; • Диний радикалдуу булактарды, ыкмаларды, методдорду жактоо; • Диний кастыкты, жек көрүүчүлүктү козутууга байланышкан аракеттер. Терроризм – системалык түрдө террорду (лат. terror – коркутуу, үрөй учуруу) колдонуу саясаты. Анын негизги маңызы «күч колдонуу», «коркутуу», «зомбулук», «жүрөк


105 заада кылуу» жана «үрөй учуруу» болуп саналат. Ошондуктан террористтик актылар дайыма күч колдонуу, адамдарды өлтүрүү жана жардыруу менен коштолот. «Радикализм», «экстремизм» жана «терроризм» деген бир багыттагы түшүнүктөр, демократия, мыйзамдуулук, адам эркиндиги, ар түрдүү дин тутууларга сабырдуулук жана бирдиктүү сый мамиле кылуу деген сыяктуу мамлекеттин базалык демократиялык баалуулуктарына терс мамиле кылуу дегенди туюндурат. Жаштардын экстремисттерге азгырылуусу жана анын алдын алуу маселеси. Жаштар көз карашы менен өзгөчөлөнгөн социалдык топ болгондугуна байланыштуу экстремисттердин таасири үчүн кыйла ыңгайлуу болуп саналат. Алар үй-бүлөсүнөн жана досторунан колдоо таппаганда көйгөйлөрүн диний уюмдардын жардамы менен чечүүгө аракеттенишет. Жаштарга көңүл буруунун жетишсиздиги, алардын социалдык жактан корголбогондугу радикалдардын көңүлүн өзүнө буруп, эркек балдардын эле эмес, кыздардын дагы экстремисттик топтордун катарына тартылуусуна түрткү берет. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишмердүүлүктүн алдын алуу максатында учурдагы иштеп жаткан мыйзамдардын алкагында экстремизмдин алдын алуу маселеси боюнча мамлекеттин чаралары чагылдырылган стратегиялык программалар иштелип чыккан. Экстремисттик ишмердүүлүктүн алдын алуучу негизги мыйзам катары Кыргыз Республикасынын Конституциясы эсептелет. Конституциянын негизинде:


106 – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы; – «Экстремисттик иш-аракеттерге каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзамда төмөнкүлөр белгиленген: 1) коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери: - Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүүгө жана бүтүндүгүн бузууга; - Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга; - бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алууга же ээлеп алууга; - мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү түзүүгө; - террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга; - расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга; - улуттук ар-намысты кемсинтүүгө; - идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого, уурдап, талап-тоноого; - динге, социалдык, расалык, улуттук, диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчилдигин. 2) нацисттик атрибутиканы же символиканы же болбосо нацисттик атрибутикага же символикага аралашуу


107 деңгээлине чейин окшош болгон атрибутиканы же символиканы пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө; 2.1. Экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого; 3) аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого; 4) аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого көмөк көрсөтүүгө же аталган аракеттерди жасоого, анын ичинде аталган аракеттерди жасаганга финансы каражаттарын, кыймылсыз мүлктү, окуу, полиграфиялык жана материалдык-техникалык базаны, телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн берүү, маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, дагы башка материалдык-техникалык каражаттарды берүүгө. Экстремисттик уюм Экстремисттик уюмдар – иши бийликти зордук-зомбулук менен басып алууга же бийликти зордук-зомбулук менен кармап турууга, ошондой эле мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күчкө салып өзгөртүүгө багытталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча экстремисттик ишти жүргүзгөндүгүнө байланыштуу ишин жоюу же тыюу салуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук бирикмелер же уюмдар. Кыргыз Республикасынын аймагында деструктивдик, экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Дин адамзатка тынчтыкты, бейпилчиликти, эки дүйнө бактылуулугун берүүнү көздөйт. Азыркы учурда дин адамзаттын көйгөйүнө айланган экстремизм, терроризм жана радикализмге каршы күрөшөт. Динде өз жанын кыюу Жараткандын алдында эң чоң күнөө болуп саналат. Эч кимдин


108 адам өлтүрүүгө укугу жок. Ал тургай согуш майданында да күнөөсүз адамдарга зыян келтирүүгө болбойт. Андыктан ар бир адам өзүнүн айланасындагы адамдарга диндин туура эрежелерин түшүндүрүшү керек. Кыргыз элинин руханий, маданий баалуулуктарын жана каада-салттарын бекемдөө, дин аралашпаган, социалдык жана укуктук мамлекетти куруу жолунан тайбай өнүгүү коомубуздун эң башкы максаты болушу керек. Билимиңерди бекемдегиле: 1. Экстремизм, терроризм деген эмне? 2. Деструктивдик, экстремисттик жана террористтик уюмдар дегенди кандай түшүнөсүңөр? 3. Экстремисттик уюмдарга азгырылуунун кантип алдын алууга болот? 4. Мыйзам боюнча кандай иш-аракеттер экстремисттик иш-аракеттер болуп саналат?


109 § 16. Конфессиялар аралык ынтымак жана толеранттуулук Кыргызстан – көп улуттуу мамлекет. Ар түрдүү ишенимдери бар коомду кантип тынчтыкта, ынтымакта кармап туруу керек? Түйүндүү түшүнүк: толеранттуулук Толеранттуулук Конфессия латын тилиндеги «confiteri» сөзүнөн келип чыккан. Кыргызча которгондо «кабыл алуу», «таануу», «моюнга алуу» деген маанилерди билдирет. Азыркы күндө англис тилинде кеңири колдонулуп жүргөн «confession» (конфешэн) сөзүнүн кирилл тамгаларына ылайыкташтырылган варианты. Жалпы мааниде динди, ал эми тар мааниде бир диндин ичиндеги ишеним системасын, диний окууларды жана мектептерди туюнтат. Толеранттуулук (лат. tolerantia – «чыдамдуулук», «көтөрүмдүүлүк») – кандайдыр бир нерсеге, анын ичинен башкалардын оюна, диний ишенимине чыдамкайлуулук, сабырдуулук көрсөтүү. Ким кандай ой-пикирде, кандай позицияда же көрүнүштө болбосун ага сый мамиле кылуу. Коомчулукта бардык адамдар бир ой-пикирде болбошу мүмкүн, бирок баарыбыз бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. Дүйнөдөгү элдин дини ар башка (ар түрдүү) болсо да, алар менен өз ара ынтымакташып жашоо зарыл. Ар бир диндин өзүнүн өзгөчөлүгү болгондуктан, ар бир жаран кайсы дин болбосун ал динге душмандык кылбай, тескерисинче, сыйлоо менен мамиле кылса туура болот. Бирок ошол эле учурда динди сыйлоо – башка динге өтүп кетүү деген-


110 дик эмес. Өзүнүн динин тутунуп, мен силердин диниңерге жакынмын же мен силердин диниңерди урматтайм дебейт. Болгону сый мамиле кылат, душмандык көз караш менен карабайт. Толеранттуу мамиле кылса, коомдо бейпилдиктин пайдубалы түптөлө баштайт. Анын чыныгы мааниси мына ушунда. Кыргызстандын аймагында кылымдар бою түрдүү ынанымдар жашап келген. Бирок тарыхта бул диндердин арасында диний өңүттөгү катуу жаңжал же согуш катталган эмес. Анткени биздин ата-бабалар дин жаатында да акылмандык менен тең салмактуулукту сактап келишкен. Тарыхта Кыргызстандын аймагында Караханиддер доорунда (X кылым) түрк тилдүү көчмөн элдер өз каалоосу менен Ислам динин кабыл алышкан. Мусулманчылыкты биринчилерден болуп Сатуг Буура кабыл алган. Кагандын уулу Муса Байташ мамлекеттин расмий динин Ислам деп жарыялаган. Ата-бабаларыбыз көп кылым мурда Ислам динин тандап алышса да, башка диндерге, ишенимдерге айкөлдүк менен мамиле кылуунун жолун билишкен. Бул түшүнүктүн азыркы жашообуздагы орду зор. Мисалы, биздин айылда, шаарда же мектепте ар кандай диндеги досторубуз болушу мүмкүн. Биз аны эң оболу адам болгону үчүн сыйлайбыз жана аны менен достошобуз. Анын же анын үй-бүлөсүнүн карманган динине сый мамиле кылабыз. Биз жашаган жердин калкынын көпчүлүгү мусулман болушу мүмкүн, бирок чыныгы мусулман башка диндеги жердештерине зыян келтирбеген, дили таза адам болуп саналат. «Манас» эпосунда мындай саптар кездешет: «Калмак, кытай, тарса, жөөт, Карап турган канча көп, Өз дининче окунуп, Күн чыгышка бет алып, Көкө Теңир колдо деп, Батасын кылды чокунуп».


111 Бул саптарда «тарса» деп Христиан динин тутунгандарды, «жөөт» деп Иудаизм динин кармангандарды, ал эми «калмак-кытай» деп Буддизм дининдегилерди айтууда. Башкача айтканда, ар түрдүү диндин өкүлдөрү бир окуяда бириккенин көрүүгө болот. Динде мажбурлоо жок Ыйык китептерде адамды динге мажбурлап киргизүүгө, динди кимдир бирөөгө таңуулоого болбойт деп айтылат. Мисалы, Куранда мындай деп жазылган: «Динде (Исламда) мажбурлоо жок». Кайсы динди тутуу же тутпоо – адамдын өз эрки, аны мажбурлаганга эч кимдин акысы жок. Ошол эле учурда «Сен эмнеге ушул динди тутунуудасың?» – деп башка бирөөнү жемелегенге да укуксуз. Ар бир адам өз каалосу жана өз эрки менен каалаган динин тандайт. Бул айтылгандарга ылайык Ислам дининде кыйноо, коркутупүркүтүү менен динге киргизбейт. Исламда адамга анын социалдык абалына, терисинин түсүнө, улутуна жана динине карабастан урматтоо менен мамиле жасоо даңазаланат. Башка диндерде да ошондой. Мисалы, Христиан жана Иудаизм динин алып карасак, ал диндерде да ушул пикирдин уңгусу жатканын көрөбүз. Диндин маңызын туура түшүнбөгөн фанаттар өз динин коомчулукка жаман көргөзүп келүүдө. Биздин диндин өкүлү болбосоң, сени кыйнайбыз деген коркутуу диндин өзөгүнө каршы келет. Кыйнап динге киргизүү – жапайычылык. Динди чын жүрөктөн кабыл албаган киши эки жүздүүлүк кылып, эч нерсени жарытпайт, коомго да пайдасы тийбейт. Анткени эки жүздүүлүк – адамдын эң жаман сапаты. Муну бардык диндер туура деп эсептебейт. Кылыч менен элди багынтып, кыйнап динге киргизген деген кеп-сөздөр да илимий тыянакка таянбайт. Бардык заманда коом өзү өлчөп-калчап баа берип, анан кайсы динде болуу же болбоо керек экендигин аныктап келген.


112 Диндердин (адамзаттын) орток баалуулуктары Адам баласы ар дайым кайсы бир күчкө, кудуретке ишенүүнү, таянууну каалайт. Өзүнөн башка улуу кудуреттин бар экендигин сезет. Тарых боюнча адамдардын басымдуу көпчүлүгү кайсы бир нерсеге, улуу күчкө ишенип келе жатат. Ошол ишенимине жараша ар түрдүү өзгөчөлөнгөн баалуулуктар пайда болгон. Ар кайсы диндин өкүлдөрүнүн өзгөчө баалуулуктары болсо да, жалпысынан динден алынган (булагы дин болгон) жалпыга тиешелүү орток баалуулуктар бар. Адамдын өмүрүнө кол салбоо, жаман айтпоо, уурулук кылбоо, арам тамак жебөө, күнөө иштерден оолак болуу, жакшылык-сооп иштерди аткаруу, ата-энени кадырлоо, Ата Мекенге кызмат кылуу деген түшүнүктөр ар бир динде бар жана кайсы динде болбосун адамдар муну жакшы деп билишет жана таанышат. Башка ынанымдардын баалуулуктарын сыйлоо Диндер, ынанымдар ар түрдүү экенин түшүнүп алдык. Адамдар ишенген динине, ынанымына жараша эрежелерге баш ийишет. Мусулмандар мечитте, христиандар чиркөөдө Кудайга сыйынышат. Ар кайсы диндин өзүнүн ибадатканалары, сыйына турган жайлары, имараттары бар. Алардын ичине атайын кызматкердин коштоосунда кирип көрүп, таанышып чыгууга болот. Окуган китептери, сыйынган учурлары же кийген кийимдери да бири-биринен өзгөчөлөнүп калышы толук мүмкүн. Алардын сырткы көрүнүшүн карап жерип же туура эмес мамиле кылуу орунсуз болот. Мисалы: мусулмандар орозо кармашса, башка диндегилер аларды сыйлап жей турган нерсе сунуштабаганы оң. Христиан дининдеги адам мойнуна крест таккан болсо же чиркөөгө баратса, аны жеткирип коюу адамгерчилик болот. Жоолук салынган аялга автобуста орун берүү же кайсы бир


113 диндеги адамды дарылоо, же коомдук жайларда сый-урмат менен тейлөө кызматын көрсөтүү да жакшы иш жана адамгерчиликтүүлүк болуп саналат. Ошондон улам даанышмандардан «Аалым болбо, адам бол!» деген сөз калган. Бул жаатта кээ бир адамдар үчүн кайсы бир динди тутунуу маанилүү болушу мүмкүн, бирок ошол диндин мыкты өкүлү болуудан мурда адамгерчиликтүү болуу маанилүү. Адамгерчиликтүү боло албаган, башкаларды урматтап, алардын пикирин, укугун сыйлай албаган адам өзү тутунган диндин да татыктуу өкүлү болуп жарытпайт. Андай адепсиз, түшүнүгү пас адам өз динине зыян гана алып келет. Адамгерчиликтүү болуу – адамдын улуу сапаттарынын бири. Жакшы иштерде биргелешүү. «Ырыс алды – ынтымак» Бул жашоодо адамдардын өзгөчө орду бар. Алар бардык жандыктардан акылы менен айырмаланып турушат. Түрдүү диндеги адамдар соопчулук иштеринде элге, адамзатка пайдасы тие турган иштерди биргеликте жасашса, баарына пайдалуу болот. Мисалы, электр энергиясынын пайдасы бүткүл адамзатка тийип келе жатат. Аны адам баласы ойлоп тапты. Аны ойлоп тапкан Томас Эдисондун ынанымы кандай болгонуна карабай, анын эмгегинен баарыбыз пайдаланып жатабыз. Ошол эле учурда Эдисон электр жарыгын ойлоп табууда көптөгөн математик, физиктердин (алардын арасында жөөт, грек, мусулман ж.б. бар) эмгегинен пайдаланды. Башкача айтканда, жакшы иште биргелешүү болду. Мындай өрнөктөр жашообузда толтура. Эгер биз бул принципти туура түшүнсөк, аны кадыресе муктаждык катары көрсөк, мындан да жемиштүү иш алып барып, келечегибиз жарык болору анык. Кайсы динде болсо да жакшы иштерди кылууда бирибирибиз менен жарышсак сонун болот. Бул «сен кыйын,


114 мен кыйын» деп эрегишүү дегендик эмес. Дин коомду артка тартпайт, ал дайыма адамдын кам көрүлүүсү үчүн эмне керек болсо, ошону көздөйт, анын ички жана сырткы дүйнөсүн байытууну, иретке салууну максат кылат. Жер жүзүндө табиятты коргоодо, илим-технологиянын өнүгүшүндө кайсы динде болсок да ынтымакта иштесек болот жана Кудай берекесин ынтымакташкан адамдарга берерин унутпашыбыз керек. Илгертеден ата-бабаларыбыз айткандай, «Ырыс алды – ынтымак» деген макал ар дайым күчүн жоготпойт. Диндер аралык чыр-чатак болбошу үчүн адамдар бирибирин жакындан таануусу жана өз ара түшүнүүсү өтө маанилүү. Бул айтканыбызды төмөнкү икаядан даана көрүүгө болот. Накыл кеп: Мевлана Жалауддин Румиден накыл кеп. Бир күнү төрт киши жолго чыгыптыр. Алар түрк, фарс, араб жана грек улутунан болчу. Жолдон акча таап алышат. Колдоруна акча тиери менен аны кантип коротууну сүйлөшө башташат. Акыры бул талашка айланат. Фарс айтат: – Бул акчага ангур сатып алалы. Араб минтет: – Ангур эмес, инаб сатып алганыбыз жакшы! Түрк айтат: – Эмнени айтып жатасыңар? Бизге ангурдун да, инабдын да кереги жок. Бул акчага йүзүм эле сатып алалы! Грек макул болбойт: – Жок, акчаны стафилге коротолу! Ар кимиси өз чындыгын бербей чырдашып отуруп, мушташа кетишет. Буларды көргөн көп тил билген бир даанышман жүзүм сатып алып келип берет. Көрсө, баарынын каалоосу бир эле нерсе экен: төртөө талашкан «ангур», «эйнаб», «йүзүм», «стафил» дегени «жүзүм» деген эле сөз экен.


115 Билимиңерди бекемдегиле: 1. Толеранттуулукту кандай түшүнөсүңөр? 2. Кандай адамды толеранттуу деп атайбыз? 3. Толеранттуулуктун диндердеги орду кандай? 4. Адамгерчиликтүүлүктүн дин тутуудагы ордун кандай түшүнөсүңөр? 5. Диндер аралык диалогду куруу боюнча кандай сунуштарыңар бар? 6. Адамзаттын орток баалуулуктарын санап бергиле.


116 СӨЗДҮК Адеп-ахлак – жакшы жана жаман сапаттарды чагылдырган баалуулуктар тутуму жана адамды башкалардан айырмалап турган сапаттардын жыйындысы. Адеп-ахлак – кулк-мүнөз жана ички абал, алар түшүнүк жана инстинкт менен кабыл алынат. Адеп-ахлак – коомдогу жеке адамга же адамдардын тобуна сиңген жетектөөчү үлгүлөрдүн жыйындысы. Ахлак жакшы жана жаман болуп экиге бөлүнөт. Жакшы ахлактарга чын сүйлөө, адилеттүүлүк, Мекенди сүйүү сыяктуу жакшы сапаттар кирет. Жаман ахлактарга жалган сүйлөө, адилетсиздик, чыккынчылык сыяктуу жаман сапаттар кирет. Аклий – акылга таянган. Акыйда – Ислам дининдеги ишеним системасы. Кудайдын жалгыздыгын таанып-билүү жөнүндөгү илим. Өткөн жана жашап жаткан агымдардын ишенимдери боюнча жалпы маалымат берет. Ислам багытындагы түрдүү ишенимдерди изилдөө менен бирге алардын тарыхын, далилдерин же кандайдыр бир догмаларын Исламдын принциптеринин негизинде баалап, мусулмандардын ишенимине шек келтирген мүнөздөгү көз караштарды талкуулайт. Ансар – араб тилинен которгондо жардам берүүчүлөр дегенди билдирет. Мединалык сахабалар Меккеден Мединага жер которуп келген сахабаларга үйлөрүнөн орун берип, тамак-ашын бөлүшүп, турмуш-тиричилигин кол кабыш кылып, жардам көрсөтүшкөн. Аскетизм – жашоонун ырахатын четке кагуу аркылуу катаал жашоо образы. Асхабы Суффа (Суффа ээлери) – Мухаммед пайгамбардан таалим-тарбия алып, насаат сөздөрүн жаттап калуу үчүн анын жанынан чыкпай Медина мечитинин айласында жашаган пайгамбардын сахабалары.


117 Дин – илимде табынуунун предмети болгон табияттан тышкаркы кереметтүү күчтөргө ишенүүгө негизделген идеялардын жыйындысы, коомдук аң-сезимдин формаларынын бири. Өзүнүн ишеним системасы болгон жана бул ишеним системасынын негизинде жашоо эрежелерин жана жөрөлгөлөрдү түшүндүргөн түшүнүк. Дин – адамдардын өз ара Кудай жана жаратылыш менен болгон байланыштарын жөнгө сала турган эрежелердин жыйындысы. Дин – Кудайга ишенүүгө негизделген көз караштар менен кыймыл-аракеттерди камтыган рухий дүйнө тааным. Диндин булагы – бардыгы үчүн милдеттүү болгон Кудай тарабынан бекитилген укук менен милдеттин мазмунун чагылдырган сөз айкашынын формасы. Мисалы, бардык ыйык китептер (Забур, Тоорат, Инжил жана Куран) диндин негизги булагы болуп эсептелет. Диний сабырдуулук – башка ишенимдин өкүлдөрүнө, түрдүү көз караштагы адамдардын дүйнө таанымына, жашоо образына, маданиятына болгон сабырдуу мамиле. Диний уюмдар – белгилүү бир диний топ тарабынан ыктыярдуу түрдѳ биргелешип сыйынуу жана диний окууну жайылтуу максатында түзүлгѳн коомдук бирикмелер. Дхарма – (санскрит) арий тилинен алынып, которгондо «тутуу», «колдоо», «бекемдөө» жана «мыйзам» же «чындык» дегенди түшүндүрөт. Бул термин катары белгилүү бир жашоодо эмне кылуу керек экенин билдирет. Ибадат – Жаратканга сыйынуу. Кудай тарабынан көрсөтүлгөн таризде диний жөрөлгөлөрдү аткаруу. Ибадат – Кудай жактырып, ыраазы болгон пенделер тарабынан аткарылган сөздөр менен кыймыл-аракеттердин жыйындысы. Ижма – Ыйык Куран менен сүннөттө белгиленбеген кандайдыр бир укуктук маселе боюнча пайгамбардын сахабаларынын же кийинки муундардын аалымдарынын бир-


118 диктүү пикири «ижма» деп аталып, Ислам дининин үчүнчү негизги булагы катары таанылат. Инжил – (грек сөзү, мааниси: жакшы кабар, сүйүнчү). Христиан дининде Исага түшүрүлгөн ыйык китеп. Инкарнация – Буддизмдеги адамдын жан дүйнөсүн жаңы денеде чагылдыруу. Интерпретация – латын тилинен которгондо чечмелөө, түшүндүрүү деген мааниде. Истихсан – ыңгайлуулукка, жеңилдикке артыкчылык берүү концепциясы. Укуктук-практикалык норманы иштеп чыгууда колдонулган аргументке артыкчылык берүү. Мисалы, жалпы мааниге ээ болгон хадиске караганда белгилүү бир мааниге ээ болгон хадиске артыкчылык берүү. Ханафий мазхабында кеңири колдонулуп, белгилүү шартта ылайыктуураак болгон, кыяс ыкмасы менен алынган укуктук-ченемдерге артыкчылык берилет. Ишеним – Кудайга ишенүү. Фактылык же логикалык негиздемеге карабастан, Жаратканды бар деп таануу. Ишеним – Кудай өз элчиси аркылуу пенделерине жиберген диний эрежелерди чын дилден кабыл алып, ишенүү. Кааба – арабчадан которгондо «куб» деген мааниге ээ болгон сөз. Мекке шаарындагы мусулмандар зыярат кылчу ыйык мечитин короосунда жайгашкан имарат. Калам илими – акыйда илиминин тармагы катары, теориялык-философиялык аспекттерди изилдеген илим. Келме – арабчадан сөз дегенди туюндурат. Улуу муундагы адамдар кыйын кезеңдерде келме келтир дешкен. Концепция – адамдын ой жүгүртүүсүнүн негизи, башкача айтканда, тажрыйбаны түшүнүүгө, классификациялоого жана башкаларга жеткирүүгө мүмкүндүк берген акыл-ой проекциясы.


119 Кыяс – аналогияга карата ой жүгүртүү Ислам дининин төртүнчү негизги булагы болуп эсептелет. Анткени ал коомдо өсүп жаткан талаптарга жооп берет. Бирок аналогияга карата ой жүгүртүү өтө катуу, логикалык, системалык принциптерге таянат жана бул фантазия же жөнөкөй адамдын ой жүгүртүүсү эмес. Мавераннахр (Маварауннахр) – «дарыянын ары жагы» дегенди билдирет, Жайхундун ары жагындагы (араб булактарында) аймактардын VII-VIII кылымдардагы арабча эски аталышы. Алгач Жайхундун (азыркы Аму-Дарыянын) оң жээгиндеги (араб булактарында дарыянын аркы тарабы) чексиз аймактар кирген. Жылдар өтүп, Мавераннахрга Жайхун менен Сайхун (азыркы Сыр-Дарыя) дарыяларынын ортосундагы аймак кошулган. Дал Мавераннахрда ошол мезгилдеги Ислам дүйнөсүнүн эң маанилүү шаарлары, ошондой эле маданияты жана цивилизациясы жогору болгон Фергана, Бухара, Самарканд, Шаш жана башка шаарлар жайгашкан. Кийинчерээк Мавераннахрдын аймагы кеңейип, азыркы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн аймактары кирген. Мазхаб – Мусулмандардын күнүмдүк практикалык мамилелери үчүн иштелип чыккан, дин тутуучулар тарабынан шарият эрежелери катары кабыл алынган диний-укуктук мектеп. Аны аалымдар Ыйык Курандан жана Сүннөттөн алып иштеп чыгышкан. Мамлекет – укук теориясында коомду уюштуруунун белгилүү ыкмасы, бардык коомго таралуучу, анын расмий өкүлү катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы. Матуридий калам мектеби – имам Аазам – Абу Ханифадан берилген акыйда илимин системалык абалга келтирген Матуридий калам (акыйда) мектеби.


120 Матуридий ишеними – Ислам дининин ишеним негиздерин окутуучу мектеп. Махаяна – Буддизмдеги негизги эки окуунун экинчиси жана Буддизмдин чоң жолу. Махаяна – боорукердик жана сүйүү жөнүндөгү окуу, ал Күнгө окшоп бардыгына тегиз тийиши керек. Махаяна принциби – өзү үчүн эмес, башкалардын жыргалчылыгы үчүн кам көрүү. Медитация – ойду бир жерге топтоонун, ой жүгүртүүнүн өзгөчө абалы. Хинаянада медитациянын жети түрү айырмаланып турат, алардын ичинен эң натыйжалуусу «таза ой топтоо» же «алаксыбоого умтулуу» деп эсептелет. Медитациянын объекти бул жерде дхармдын (аң-сезим агымынын бөлүкчөсүнүн) «тынчтануусу», башкача айтканда, Нирвана. Мухажир – араб тилинен которгондо жер которуучу дегенди билдирет. Меккеден Мединага жер которуп келген сахабалар. Накл – жазуу түрүндөгү булак, текст. Намаз – Ислам дининде ар бир мусулман милдеттүү түрдө аткаруучу ибадаттын түрү. Мусулмандар бир күндө беш маал намаз окуп, Кудайга сыйынышат. Нирвана – буддисттердин мистикалык окуусунда жашоонун түйшүгүнөн жана каалоолорунан кутулуу деп түшүнүлгөн тынчтануу абалы. Нирвана – ар кандай каалоолордон, түрдүү байлануулардан, азаптан жана башка жагымсыз абалдардан бошонуу. Орозо – Ислам дининде ар бир мусулман милдеттүү түрдө аткаруучу ибадаттын түрү. Мусулмандар жыл сайын Рамазан айында бир ай бою орозо кармашат. Орозодо таң аткандан күн батканга чейин эч нерсе жешпейт. Пайгамбар – кыргызчага фарсы тилинен кирген, лексикалык жактан «жол башчы, кабарчы, элчи» деген маани-


121 лерди билдирет. Динде болсо Жаратуучунун пенделердин арасынан талдап алган жана буйруктарын башкаларга жеткирүүгө милдеттендирген элчиси. Периште – «кабарчы, элчи» деген мааниге ээ. Бирок диндеги мааниси: нурдан жараткан, эркек, ургаачысы болбогон жана Алла Таалага гана баш ийгенден эч тайбаган аруу жандар. Үчилтик – Үч Кудай түшүнүгү. 1. Ыйык Ата. 2. Ыйык Уул (Иса). 3. Ыйык Рух. Радикализм – латын тилинен которгондо «тамыр» дегенди туюндурат. Радикализм – иштеп жаткан системаны фанаттык менен аёосуз, түп-тамырынан өзгөртүү менен мүнөздөлөт. Радикал адам – ашкере фанат, мыкаачылыктан кайра тартпаган, кара мүртөз киши. Реинкарнация – рухтардын бир денеден экинчи бир денеге өтүшү. Сафа жана Марва – Ыйык Мекке шаарында жайгашкан тоонун аты. Харам мечитинде жайгашып, Умрага зыяратка барган мусулмандардын эки тоонун арасында жөө жүрүү жөрөлгөсүн орундаткан жер. Сахабалар – араб тилинен которгондо дос, жолдош дегенди туюндурат. Сахабалар – Мухаммед пайгамбардын замандаштары, пайгамбар тирүү кезинде аны менен жүз көрүшүп, мусулман болуп, анын жолун жолдоп, анын пайгамбарлык миссиясын укуктук жактан улантуучулар. Сакрамент – чиркөөдө аткарылуучу диний жөрөлгөлөр. Сүннөт – Ислам дининин экинчи негизги булагы. Сүннөт – Мухаммед пайгамбардын сөздөрүнүн, кыймыл-ара-


122 кеттеринин жыйындысы. Сүннөт шарият нормаларын иштеп чыгууда далил катары колдонулса, анда анын тактыгы жана аныктыгы сыяктуу негизги шарттар талап кылынат. Терроризм – латын тилинен которгондо коркутуу, үрөй учуруу дегенди туюндурат. Терроризм – коомго өзгөчө коркунуч жараткан жосун. Террорист – башкаларга карата күч колдонуп, зомбулук жасап, үрөй учурган массалык кыргынды уюштурган, ишке ашырган адам. Толеранттуулук – кимдир бирөөгө, башка топторго карата сабырдуу жана сый мамиле кылуу. Фикх – шарияттык далилдерден алынган практикалык диний-укуктук маселелер жөнүндөгү илим. Фикх – акыретке байланышкан маселелерди – ибадаттарды же тиричиликке байланышкан маселелерди – үй-бүлөлүк, коомдук мамилелерди жана кылмыш-жаза эрежелеринин доктриналык окууларын аныктайт. Жараткан бул дүйнөнүн мерчемдүү мезгилге чейин сакталып турушун каалап, тукум улоосу жана көбөйүүсү үчүн эркектер менен аялдарды жуптайт жана адам баласына коомдук жашоону тартуулайт. Ханафий мазхабы – Ислам шариятынын негиздерине таянуу менен мусулмандардын жашоосунда конкреттүү күнүмдүк практикалык диний укуктук маселелерди жөнгө салуу үчүн атайын диний нормаларды иштеп чыккан мектеп. Хинаяна – Буддизмдеги негизги эки окуунун алгачкысы жана Буддизмдин тар жолу. Хинаяна – өзүнө гана жардам берүү жөнүндөгү окуу. Хинаяна – адам өзү үчүн гана боштондукка чыгууну көздөгөн жол. Хинаяна принциби – акылды тынчтандыруу жана өзү менен гана алек болуу. Шарият – ишеним, ибадат, мамилелер жана адеп-ахлактык баалуулуктарды аныктоочу көрсөтмөлөрдүн жыйындысы.


123 Ыйык Куран – Ислам дининин баштапкы, негизги булагы болуп эсептелет жана ал башка булактардын тууралыгына баа берүү үчүн колдонулат. Ушул принципиалдуу позицияга таянып, Ханафий мазхабы боюнча Ыйык Куранга карама-каршы келген бардык булактар туура эмес деп саналат. Экстремизм – латын тилинен которгондо экстремалдык, чектен чыккан дегенди билдирет. Экстремизм – экстремалдык жана радикалдык көз караштарга, иш-аракеттердин ыкмаларына берилгендик. Экстремист – маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү каалабаган, чектен чыккан ыкмаларды жактаган жана карманган адам. Эсхатология – акырет, ааламдын тагдыры жана анын сапаттуу жаңы абалга өтүшү жөнүндөгү диний көз караштардын жана кабылдоолордун системасы. Ошондой эле тигил же бул диний доктринанын ичиндеги көз караштардын жана кабылдоолордун тутумун изилдөөчү теология илиминин бир бөлүмү.


124 Мазмуну КИРИШҮҮ................................................................................................... 5 I бөлүм. Дүйнөлүк диндердин негиздери.......................7 §1. Диндердин негиздери жөнүндө түшүнүк.................. 8 § 2. Буддизмдин негиздери........................................................ 15 § 3. Христианчылыктын негиздери...................................... 23 II бөлүм. Ислам дининин негиздери.................................31 § 4. Ислам дининин негиздери................................................ 32 § 5. Ишеним......................................................................................... 38 § 6. Ибадат............................................................................................ 47 § 7. Ахлак .............................................................................................. 54 § 8. Мухаммед пайгамбардын замандаштары: Сахабалар баяны.............................................................................. 58 III бөлүм. Кыргызстандагы Ханафий мазхабы жана Матуридий ишеними...............................................................65 § 9. Имам Аазам жана Ханафий мазхабы............................ 66 § 10. Ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү...................... 74 § 11. Ханафий мазхабынын Кыргызстандын аймагына таралышы............................................................................................ 80 § 12. Абу Мансур аль-Матуридий жана анын ишеним мектеби................................................................................................. 87 IV бөлүм. Мамлекет жана дин..............................................93 § 13. Кыргыз Республикасында мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусу .................................................................. 94 § 14. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты ................................................................... 99 § 15. Радикализм, экстремисттик жана террористтик уюмдар...................................................... 103 § 16. Конфессиялар аралык ынтымак жана толеранттуулук................................................................................ 109 Сөздүк.......................................................................................................... 116


Окуу китеби Доталиев А. К., Исаева Г. К., Исмаилов Ш. А., Ибраев М. К., Кадырбердиев А. Н., Мырзаибраимов С. А., Иминов А. Ж. ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-классы үчүн окуу китеби Редактору Керимова Ш. Корректору Кийизбаева Ч. Тех. редактору Төрөкулов К. Мукабанын дизайнери Джолдубаев А. Компьютердик калыпка салган Кадыров М. Басууга 2022-жылдын 1-сентябрында кол коюлду. Офсеттик ыкма менен басылды. Офсеттик кагаз. Форматы 60х90 1 /16. Көлөмү 8 накта басма табак. Нускасы 72500 даана. Заказ № 40.


«Полиграфбумресурсы» жоопкерчилиги чектелген коомунун басма бөлүмүндө даярдалып, басмаканасында басылды. 720017, Бишкек шаары, Сүйүнбаев көчөсү, 144/23 Тел.: +996 312 43 20 75, 43 19 51


Кымбаттуу окуучу! Бул китеп келерки окуу жылында да колдонуларын эсиңе түйүп, китебиңди таза урун. Бул баракчада класс жетекчиң китепти кандай урунганыңды жана кандай абалда өткөрүп бергениңди белгилейт. Андыктан китепке аяр мамиле жасап, башкаларга үлгү болууга аракеттен. Окуу китебинин пайдаланылышы тууралуу маалыматтар № Окуучунун аты-жөнү Окуу жылы Окуу китебинин абалы Жыл башында Жыл аягында 1 2 3 4 5


Click to View FlipBook Version