1 Башкы бетАдам жана коомАдам жана коом. 10-класс Козубаева Б.У., Карачева Ө.С., Зылканова Ж.Н. Адам жана коом. 10-класс 10-класс үчүн окуу курал Кыргыз билим берүү академиясынын Социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын № 1 (2022-ж.,1-август) чечими менен колдонууга сунушталган Рецензенттер: Асипбаева М. Ж.Баласагын ат. КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Курманалиев К.А. И.Арабаев ат. КМУнин доценттин м.а.
2 §11. БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮШҮ Киришүү Балдар, бүгүн биз силер менен бийликтин бөлүнүшүнүн принциби, мамлекеттик бийликтин классификациясы: мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги, “чектөөлөр жана тең салмаксыздык” системасы тууралуу окупүйрөнөбүз. Бийликтин бөлүнүшү идеясы – демократиянын эң чоң жетишкендиги болуп саналат. Бардык демократияны туу туткан мамлекттерде бийлик бутактары бири-бирине жардам берүү менен тыгыз ишмердүүлүк жүргүзөт. Ошол эле мезгилде бир бутактын күчтүү болуп, бийликти колуна топтоп алуусуна жол бербейт. Бардык бийлик бутактары мыйзамдын негизинде гана иштейт. Мамлекеттик бийликтин классификациясы: мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот. Бийликтин бөлүнүшү – мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ишмердүүлүгүндөгү тең салмактуулуктун болушун болжолдогон мамлекеттик башкаруунун түзүлүшүнүн жана иштешинин принциби. Мамлекеттин толук кандуу өнүгүүсү үчүн бийликтин бөлүнүшү зарыл экендиги антикалык мезгилде эле талкуулана баштаган. Кийинки мезгилде көпчүлүк ойчулдардын, саясатчылардын көңүл борборунда болуп келген. Бул боюнча эмгектенген бардык инсандар бийлик бутактарын “жеке бийликке” каршы коюшкан. Мамлекеттеги бийлик бир адамдын колуна топтолгондо ал аны өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонушу мүмкүн. Ага эч ким тоскоол боло албайт. Ошондуктан, бийликтин үч бутагы сунушталган. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) эгемендүү, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык, социалдык мамлекет. Кыргызстанда бийлик бутактары: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги болуп бөлүнөт. Мыйзам чыгаруу бийлиги: Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти. Жогорку Кеңеш – өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган.
3 Жогорку Кеңеш - референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамды кабыл алат; - Президентти шайлоону дайындайт; - Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет, мыйзамдарды кабыл алат; - мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт; - республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү боюнча маселелерди чечет; - Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет; - мунапыс актыларын чыгарат; - иш жүзүндөгү Конституцияда белгиленген тартипте Президентке айып коет; - Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат. Аткаруу бийлиги. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ведомстволук министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырышат. Өкмөт Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Өкмөттү премьер-министр жетектейт. Өкмөт Премьерминистрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн түзүмүнө министрликтер жана мамлекеттик комитеттер кирет. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Өкмөт – Министрлер кабинети болуп өзгөрдү.
4 Сот бийлиги. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет жана Жогорку Соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Конституциялык палата Жогорку Соттун курамында иштейт. Мыйзам боюнча адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн. Өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте соттук териштирүүгө катышуучулардын өтүнүчү боюнча жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра карап чыгууну жүзөгө ашырат. Жогорку Соттун Төрагасынан жана Жогорку Соттун коллегиясынан турган Жогорку Соттун пленардык жыйынында соттук практиканын маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилип жатат. Жогорку соттун актылары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. Сөздүк Бийликтин бөлүнүшү – мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ишмердүүлүгүндөгү тең салмактуулуктун болушун болжолдогон мамлекеттик башкаруунун түзүлүшүнүн жана иштешинин принциби. “Чектөөлөр жана тең салмаксыздык” системасы – бул мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн бөлүнүшү жана алардын бирибирин өз ара көзөмөлдөп туруусу. Өзүңдү текшер 1. Бийлик канчага бөлүнөт? 2. Эмне үчүн бийликтин бөлүнүшү принциби демократиялык мамлекеттерде гана ишке ашат? 3. Кыргызстандагы бийликтин бөлүнүшү жөнүндө сүйлөп бер
5 §12. АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУГУН САКТООНУН МАМЛЕКЕТТИК КЕПИЛДИГИ Киришүү Балдар, бүгүн биз силер менен Адамдын жана жарандын укугун сактоонун мамлекеттик кепилдиги тууралуу сүйлөшөбүз. Мамлекет – саясий институт катары өзүнүн жарандарын коргоого милдеттүү. Ошол эле мезгилде жалпы адамдын укуктарын жана эркиндиктерин эске алып, анын негизинде иш жүргүзүүсү зарыл. Ошондуктан, ар бир мамлекеттин баш мыйзамы – Конституцияда адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин сактоонун кепилдиги көрсөтүлөт. Бул мамлекеттин кепилдиги болуп саналат. Адамдын жана жарандын Конституциялык укугу жана эркиндиги. Адам укуктары жана эркиндиктериндеги мамлекеттин иш аракетинин эффективдүүлүгү кепилдиктерди берүү менен ишке ашырылат. Кепилдик деген – адамдын жана жарандын бардык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууну камсыз кылган укуктук шарттар менен каражаттар системасы. Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдын жана жарандын укуктары жогорку баалуулук катары каралат жана адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери конкреттүү түрдө жазылат. О.э. бул укуктар жана эркиндиктер чектелген эмес жана башка жалпы кабыл алынган адамдын укуктарына жана эркиндиктерине каршы коюлбайт деп бекитилген. Ошондой эле, Кыргыз Ресубликасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктеринин эл аралык келишим жана макулдашуулар, эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери жана нормалары менен дал келүүчүлүктө ишке ашырууга кепилдик берет. Жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоо укугун бузбоо жана бузулган укукту калыбына келтирүү мамлекеттин, бардык мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары, жана анын өкүлдөрүнүн милдети катары жарыяланат.
6 Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана камсыз кылуу кепилдиги жогорку мамлекеттик органдардын милдети экендигин Конституция менен бекитилген. Кыргыз Ресубликасынын Президенти адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин Конституциялык кепили болуп саналат. Ошондой эле Президент мамлекеттик бийликтин биримдүүлүгүн, мамлекеттик органдардын өз ара байланышын, функциялык макулдашуулардын иш-аракетин, элдин алдындагы алардын жоопкерчилигин камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши: Адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан берилген кепилдиктин көлөмүн жана мазмунун белгилеп, аларды коргоонун жана камсыз кылуунун институттарын жана механизмдерин иштеп чыгат. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети – Конституциянын мыйзамдарынын ж.б. укуктук нормалык актылардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт. Кыргыз Республикасынын Соту – Конституция жана мыйзам тарабынан бектилиген бардык укуктарды жана эркиндиктерди коргойт. Конституцияда белгиленген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү ишке ашыруу үчүн кошумча мыйзамдар жана актылар менен толукталат. Биринчиден, мыйзамда ар бир укук конкреттүү түрдө, т.а. Конституция тарабынан жарыяланган адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуудагы баалуулуктарды аныктоо керек. Экинчиден, укуктарды коргоодо жана камсыздоодо мамлекеттик органдардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин көрсөтүү керек. Үчүнчүдөн, мамлекеттик органдардын жана алардын өкүлдөрүнүн бул милдеттерди аткарбагандыгы боюнча жоопкерчиликтер так көрсөтүлүүсү керек.
7 Мисалы, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарыяланган инсандын кол тийбестиги жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинде так көрсөтүлөт жана кепилдик берилет. Алар төмөнкү баалуулактарга кол салууга тыюу салат: өмүр (адам өлтүргөндүгү же өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиргендиги үчүн жоопкерчилик), ден соолук (денсоолукка зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик), коркуу (өмүргө кол салуу коркунучу боюнча жоопкерчилик), физикалык дене-бой (адамды уурдоо, адамдарды сатуу, соода кылуу, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу боюнча жоопкерчилик), абийир, кадыр-барк (ушак жана кемсинткендиги үчүн жоопкерчилик), жыныстык кол тийбестик (зордуктоо боюнча жоопкерчилик) ж.б. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамына ылайык инсандын коопсуздугун камсыз кылуу, эскертүү, кылмышты изилдөө жана бетин ачуу ички иштер органдарына (милицияга) жүктөлгөн. Ушул эле мыйзамда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин милдеттери көрсөтүлгөн. Конституцияда жарандын билим алууга укугу бекитилген. Бул укуктар Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамында так көрсөтүлгөн. Ага ылайык жарандын билим алуу укугун камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, ата-энелерге жана педагогдорго жүктөлгөн. Мына ушундай жолдор менен адамдын жана жарандын бардык укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү ишке ашыруу мыйзамдар менен кепилденет. Сөздүк Кепилдик – адамдын жана жарандын бардык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууну камсыз кылган укуктук шарттар менен каражаттар системасы. Өзүңдү текшер
8 1. Адамдын жана жарандын укугун сактоонун мамлекеттик кепилдиги деген эмне? 2. Конституция эмнелерди бекитет? 3. Конституцияда бекитилген укуктар кандайча жана кимдер тарабынан ишке ашырылат? 4. Конституцияга кошумча мыйзамдар жана актылар эмнелер жөнүндө? §13. ӨКҮЛЧҮЛҮК ЖАНА АТКАРУУ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ Киришүү Балдар, бүгүн биз силер менен Өкүлчүлүк жана Аткаруу бийлиги тууралуу сүйлөшөбүз. Дүйнөдөгү мамлекеттердин бардыгында бийликтин үч бутагы иштейт. Бирок, ар бир мамлекетте алардын фукнциясы, милдеттери, артыкчылыктары жана ыйгарым укуктары ар кандай. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин жана Аткаруу бийлигинин функциясы бир топ өзгөрүүлөргө туш болду. Өкүлчүлүк бийлик органы Кыргыз Республикасында өкүлчүлүк бийлик органы – Парламент – Жогорку Кеңеш деп аталат. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жана артыкчылыктары тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинен баштап 88-беренесине чейин жазылган. Конституцияда: “Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган” – деген аныктама берилет. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
9 Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. депутаттар фракцияларга жана депутаттык топторго бириге алышат. Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат. Бирок, депутаттык ишмердигин мамлекеттик же муниципалдык башка кызмат менен айкалыштыра албайт. Ал ишкердикти жүзөгө ашырышы, коммерциялык уюмдун органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: өзүнүн арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, депутаттык мандаты алынганда, башка ишке өткөндө, шайлоо жараксыз деп табылганда, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде, бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болгондо, депутат каза болгондо. Жогорку Кеңеш: 1-артыкчылыктары: Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет, мыйзамдарды кабыл алат, эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт, Министрлер Кабинетин дайындоого макулдук берет, анын отчѐтун угат, республикалык бюджетти бекитет, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жана мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет, мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат. 2-артыкчылыктары: Президенттик шайлоону дайындайт, Президентке референдум өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет. 3-артыкчылыктары: Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын шайлайт, Президенттин сунуштамасы менен аларды кызмат ордунан бошотот, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоого же аларды кызмат ордунан бошотууга макулдук берет, Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт, аны кызмат ордунан бошотот, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт, аны кызмат ордунан бошотот; аны
10 жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет, Президенттин сунуштамасы боюнча Башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет. 4-артыкчылыгы: конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизет, согуш жана тынчтык, согуш абалын киргизүү, согуштук абалды жарыялоо маселелерин чечет, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат, тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет, Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт, мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын уюштурат. 5-артыкчылыктары: Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана БШКнын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угат, Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчѐтторун угат, Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коѐт, Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат. Аткаруу бийлигинин органдары Аткаруу бийлиги – мамлекеттин өз алдынча бийлик бутагы, мамлекеттик иштерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктардын жыйындысы. Кыргыз Республикасында Аткаруу бийлиги – Президент жана Министрлер кабинети жүзөгө ашырат. Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары жана артыкчылыктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89- беренеснинен 93-беренесине чейин жазылган. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат. Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын Президент аныктайт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат. Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт,
11 Министрлер Кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет. Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет. Министрлер Кабинети – Төрагадан, Төраганын орун басарларынан жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнөн турат. Аларды баары Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат. Министрлер Кабинети: Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырат, мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат. Экономикалык жаатта: финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат, республикалык бюджетти иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат. Президент өз демилгеси менен Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызматтан кетүүсү жалпы Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келбейт. Сөздүк Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган Аткаруу бийлиги – мамлекеттин өз алдынча бийлик бутагы, мамлекеттик иштерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктардын жыйындысы. Өзүңдү текшер
12 1. Эмне үчүн Жогорку Кеңеш өкүлчүлүк орган деп аталат? 2. Жогорку Кенештин артыкчылыктарын мисалдар менен айтып бер 3. Азыр иштеп жаткан Жогорку Кеңештин курамына анализ жүргүз 4. Аткаруу бийлиги деген эмне? 5. Эмне үчүн Президент Аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат? 6. Министрлер кабинетинин курамын, ишмердүүлүгүн анализде §14. КООМДУК МАМИЛЕЛЕРДИ УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУ Киришүү Балдар, бүгүн биз силер менен укук институту деген эмне? анын кандай түрлөрү бар? кандай функцияларды аткарат? деген суроолорго жооп беребиз. Демократиянын бардык баалуулуктары сыяктуу эле “укук” заманбап коомдогу жогорку баалуулук деп айтса болот. Укук – адамдар менен адамдардын, адам менен коомдун, жаран менен мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу эреже болуп саналат. Мына ушул укуктук мамилелер укук институту катары каралат. Укук институту деген эмне? Укук институту – бул укук тармагында жайгашкан жана ар түрдүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук нормаларынын жыйындысы. Юридикалык норма укуктун баштапкы элементи, «уячасы» болуп саналат. Ал эми укуктук институт баштапкы укуктук жамаат катары эсептелет. Институт – бул ошол тармактын негизги бөлүгү. Юридикалык институттар укук тармактары боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт: 1) жарандык; 2) кылмыш-жаза;
13 3) административдик; 4) финансылык ж.б. Тармактар көп болгон сыяктуу эле, институттардын да тиешелүү топтору көп. Юридикалык институттардын тармактарга бөлүнүшү жалпы критерий болуп саналат. Ошол эле негизде алар материалдык жана процессуалдык болуп бөлүнөт. Андан ары институттар тармактык жана тармактар аралык (же аралаш), жөнөкөй жана татаал, жөнгө салуучу, коргоочу жана түзүүчү (күчөтүү) болуп бөлүнөт. Тармак ичиндеги институт бир укук тармагынын ченемдеринен, ал эми тармактар аралык институт эки же андан көп тармактын ченемдеринен турат. Жөнөкөй институт көбүнчө кичинекей жана башка бөлүмдөрдү камтыбайт. Татаал институт салыштырмалуу чоң, анткени, ал субинституттар деп аталуучу чакан автономдуу субъекттерди камтыйт. Жөнгө салуучу институттар – тиешелүү мамилелерди жөнгө салууга, коргоо институттары – аларды коргоого (мисалы, кылмыш-жаза мыйзамдары), мамлекеттик жана административдик укук – айрым органдардын, уюмдардын, кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын статусун бекитүүгө, белгилөөгө, аныктоого багытталган. Укук институту – бул укук тармагынын өзүнчө бир бөлүгүн түзгөн укук ченемдеринин жыйындысы. Бул укук ченемдери бири-биринен көз карандысыз, б.а. бир эле укук тармагында келип чыккан маселелерди жөнгө салгандыктан өз алдынчалыкка жана автономияга ээ. Сөздүк Укук институту – бул укук тармагында жайгашкан жана ар түрдүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук нормаларынын жыйындысы. Өзүңдү текшер 1. Укук институту деген эмне? 2. Эмне үчүн укук институту керек? 3. Анын кандай түрлөрү бар, аларга мисал келтир
14 §15. САЯСИЙ ПЛЮРАЛИЗМ Киришүү Балдар, бүгүн биз силер менен плюрализм деген эмне экендигин окупүйрөнөбүз. Плюрализм – пикирлердин, көз караштардын көп түрдүүлүгүнө негизделет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, ар бир адамдын индивидуалдуулугунан келип чыгып, ой-жүгүртүү, көз караштар да ар түрдүү болот. Плюрализм демокартиялуу коомдо өнүгүүгө алып келиши керек. Демек, саясий плюрализм заманбап коомдо демократиялык режимди тандаган өлкөлөрдүн негизги белгиси болуп калат. Саясий плюрализм деген эмне? Плюрализм (лат.т. pluralis – көптүк) – дүйнөдө болуп жаткан кубулуштарга ар кандай көз караштардын бар экендигин тастыктаган принцип. Канча адам болсо ошончо көз караш, ошончо пикир болот. Демек, плюрализм бирден-бир туура көз караш менен чектелбейт. Ал ар түрдүү жана көз карандысыз. Эгерде эки гана карама-каршы пикир болсо, бул принцип дуализм деп аталат. Мисалы, жакшылык менен жамандык, ак менен кара, караңгылык менен жарык ж.б. Ал эми карама-каршы пикирилер көп болсо анда бул плюрализм. Плюрализм – адамдын жашоосунун жана ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө: дин менен философиядан баштап укук менен саясатка чейин колдонулат. Пикирлердин жана көз караштардын көптүгүнүн белгилери ар бир чөйрө үчүн ар башка, бирок, негизги принциптер бардыгына бирдей: - кандай көз караш болбосун ал мааниге ээ; - башка көз караштарга сабырдуу мамиле кылуу; - башка адамдардын пикирлери талашсыз, факт катары кабыл алынат; - конфликт болгон учурда ар бир оппонентке ылайыктуу болгон компромисстик чечимди табуу жөндөмдүүлүгү.
15 Плюрализм коомдун толук кандуу өнүгүүсу үчүн зарыл болуп саналат. Белгилүү бир маселе боюнча ар кандай көз караштагы адамдар сын айтышат. Талкуунун жүрүшүндө дайыма чындык жаралат. Кайчы пикирсиз илимде, экономикада, укукта жана коомдук турмуштун башка тармактарында прогресс мүмкүн эмес. Бул айрыкча саясий көз караштардын көп түрдүүлүгү болгондо мамлекет ийгиликтүү өнүгүшү мүмкүн. Саясий плюрализм – бийликтин жогорку органдарында өкүлчүлүк кылуу үчүн өз ара атаандашкан ар түрдүү жана тең укуктуу саясий күчтөрдүн бар экендигин жарыялаган принцип. Бул демократиянын маанилүү белгилеринин бири. Анткени, демократия калктын ар кандай топторунун таламдарынын ар түрдүүлүгүн тааныйт жана көп партиялуулук системасын колдойт. Бул пратиянын өкүлдөрү мамлекеттик органдарда калктын таламдарын коргойт. Саясий плюрализмдин белгилери: - ар бир саясий агым, кыймыл, партия бирдей укуктарга ээ; - ММКнын эркиндиги, цензуранын жоктугу; - азыркы бийликти эркин сындаганга укуктуу оппозициянын болушу; - башкаруучу элита алмашканда мамлекеттин өнүгүү багытын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү; - таза жана ачык шайлоо; - мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин бөлүнүшү. Демек, саясий плюрализм – бул коомдун көп партиялуу системасы. Бардык тараптар жалпы адамдык баалуулуктар боюнча консенсуска келгенде гана ал ийгиликтүү иштейт. Ар кандай саясий бирикмелердин ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү үчүн өз ара урматтоо жана сабырдуулук талап кылынат.
16 Сөздүк Плюрализм (лат.т. pluralis – көптүк) – дүйнөдө болуп жаткан кубулуштарга ар кандай көз караштардын бар экендигин тастыктаган принцип. Саясий плюрализм – бийликтин жогорку органдарында өкүлчүлүк кылуу үчүн өз ара атаандашкан ар түрдүү жана тең укуктуу саясий күчтөрдүн бар экендигин жарыялаган принцип. Өзүңдү текшер 1. Плюрализм деген эмне? 2. Эмне үчүн плюрализм коом үчүн пайдалуу? 3. Дуализм менен плюрализмдин айырмасы эмнеде? 4. Саясий плюрализмдин белгилерине мисал келтир §16. МОРАЛДЫК ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК Киришүү Балдар, бүгүн биз силер менен моралдык жана юридикалык жоопкерчилик деген эмне, алардын өз ара байланышы, окшоштугу жана айырмачылыгы тууралуу сүйлөшөбүз. Моралдык жана юридикалык жоопкерчилик эң алгач коомдогу тартипти жана коопсуздукту сактап туруу үчүн керек. Алар коомдун ар бир мүчөсүнүн жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн иштелип чыккан. Алгач адамдар моралдык жоопкерчиликке тартылган болсо, мамлекеттер түзүлгөндөн баштап укуктук жоопкерчилик колдонулган. Келип чыгуу тарыхы
17 Мамлекет – бир канча милдеттери бар саясий институт. Алардын бири жеке жана коомдук коопсуздукту сактоо. Ошондуктан, ар бир мамлекетте белгиленген укуктук режимге карама-каршы келген аракеттерди жасагандыгы үчүн ар кандай санкциялар каралган. Мыйзамга баш ийген жүрүм-турумду калыптандыруу үчүн коомго укуктук жана моралдык жоопкерчилик зарыл. Түшүнүктөрдүн өзүнө токтоло турган болсок: алардын жалпы өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, мамлекет түзүлгөнгө чейин жоопкерчиликтин эң биринчи түрү моралдык болгон. Ал доордо жер шарынын калкынын саны анчалык көп эмес болчу. Ошондуктан, моралдык жоопкерчилик адамдын ишаракетин жөнгө салып турган. Мамлекеттин пайда болушу жана өнүгүшү менен моралдык жоопкерчилик экинчи планга кетет. Мамлекеттердин калкынын санынын көбөйүшүнө байланыштуу моралдык санкциялардын натыйжалуулугу жокко чыгат. Бул мезгилде коомдук мамилелерди жөнгө салуу үчүн укуктук санкциялар колдонула баштаган. Моралдык санкциялардан айырмаланып, алар укук бузуу үчүн жооптуу адамдын эркиндигин чектөө киргизилген. Юридикалык жана моралдык жоопкерчилик. Заманбап коомдо моралдык жана юридикалык жоопкерчилик дагы колдонулат. Алардын өзгөчөлүктөрүн жана окшоштуктарын түшүнүү үчүн өз-өзүнчө карап көрөлү. Моралдык жоопкерчилик – инсандын өзүнүн ишмердүүлүгүн башкарып, өзүнүн жасаган иш-аракети үчүн жооп берүүгө жөндөмдүүлүгү. Моралдык жоопкерчилик коомдун бардык чөйрөлөрүндө – маданиятта, саясатта, экономикада маанилүү роль ойнойт. Үй-бүлөлүк мамилелерде да моралдык жоопкерчилик негизги орунда турат. Эркин болуу, көз карандысыз болуу – жоопкерчиликтүү болуу дегенди билдирет. Эркиндик менен жоопкерчилик түздөн-түз байланыштуу: эркиндик канчалык кеңири болсо, жоопкерчилик ошончолук чоң болот. Жоопкерчиликтин ар кандай түрлөрү жана ар кандай чаралары бар. Анын түрлөрү адам эмне үчүн жооптуу экендиги менен аныкталат. Алсак:
18 - өзүнө болгон жоопкерчилик; - башкалардын алдында конкреттүү иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик; - адамзат алдындагы жоопкерчилик Өзүнө болгон жоопкерчилик – адамдын өзүнүн ден-соолугуна, өмүрүнө, келечегине болгон жоопкерчилик катары каралат. Башкалардын алдындагы жоопкерчилик – адамдын ата-энесинин, балдарынын, коомдун, ж.б. алдындагы жоопкерчилиги деп атоого болот. Адамзаттын алдындагы жоопкерчилик – бул дүйнө үчүн тынчсыздануу, кам көрүү, жаратылыш байлыктарын үнөмдөө, адамзатка жана жаратылышка зыян келтирбөө жоопкерчилиги эсептелет. Ар кандай кырдаалда ар бир адамдар үчүн моралдык жоопкерчиликтин өлчөмү бирдей эмес. Бул бир катар жагдайлардан көз каранды: • жасалган аракеттин көз карандысыздыгы, жеке коопсуздугуна коркунучтун болушу адамдан жоопкерчиликти алып салбайт; • кандайдыр бир кырдаалда адамдардын өмүрү үчүн жоопкерчилик жогору болот, ошондуктан, олуттуу чечим кабыл алуунун зарылдыгы; • ишкананын же мамлекеттин тагдыры жөнүндө сөз болуп жатканына жараша кабыл алынып жаткан чечимдердин масштабы; • чечим кабыл алуучу адамдын таасири, бийлиги, социалдык абалы ж.б. Юридикалык жоопкерчилик моралдык жоопкерчиликтен мамлекеттик мажбурлоо чараларын колдонуусу менен айырмаланат. Моралдык жоопкерчиликте адеп-ахлаксыз иш-аракеттери үчүн субъектке каршы санкциялар коом тарабынан гана эмес, субъекттин өзү тарабынан да колдонулушу мүмкүн. Моралдык жоопкерчилик биринчи кезекте коомдук жана жеке айыптоо менен байланышкан. Юридикалык жоопкерчиликти аныктоонун так мыйзамдык базасы бар. Моралдык жоопкерчиликтин мындай алкагы жок. Моралдык жоопкерчиликтин чарасы субъективдүү деп айтса болот, анткени, конкреттүү кырдаалда кылмышкерди кандай деңгээлде жана кандай формада айыптоо керектигин коом же адамдын өзү аныктайт.
19 Жыйынтыктап айтканда, юридикалык жана моралдык жоопкерчиликтин жалпы максаты бар, ал – мыйзамдуу жүрүм-турумду калыптандыруу жана жалпы нормаларды, салттарды жана жүрүм-турум эрежелерин сыйлабаган коомдун мүчөлөрүн жазалоо экенин белгилей кетүү керек. Бирок укуктук да, моралдык да жоопкерчиликтин жалпы жоболору бар – коомдун жана конкреттүү адамдын гана эмес, ошол адамдар жашаган жана бири-бири менен өз ара аракеттенген мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо. Сөздүк Моралдык жоопкерчилик – инсандын өзүнүн ишмердүүлүгүн башкарып, өзүнүн жасаган иш-аракети үчүн жооп берүүгө жөндөмдүүлүгү. Юридикалык жоопкерчилик – укук бузуучуга карата мамлекет тарабынан көрүлүүчү чара. Өзүңдү текшер 1. Эмне үчүн моралдык жана юридикалык жоопкерчилик керек? 2. Эгер аталган жоопкерчиликтин түрлөрү колдонулбаса эмне болот? 3. Моралдык жоопкерчилик кайсы учурларда колдонулат? 4. Юридикалык жоопкерчиликтин артыкчылыктары эмнеде?
20 §17. ЖАРАНДЫК ПОЗИЦИЯ Киришүү Балдар, бүгүн биз силер менен жигердүү жарандык позиция тууралуу сүйлөшөбүз. Адам өзүн курчаган айлана-чөйрөсүн жакшыртуу үчүн коомдо активдүү позицияны тандап алышы мүмкүн. Албетте, бул позиция аны курчаган адамдар тарабынан калыптандырылат. Алсак, атайын уюштурулган иш-чаралардын жүрүшүндө адам коомдун маданий жана материалдык баалуулуктарын өздөштүрөт. Ошол эле мезгилде түрдүү иш-чаралар адамга турмуштук тажрыйбаны өздөштүрүүгө жардам берет, көз карашы, ой-пикири кеңейет, чыгармачылык жөндөмдөрү өнүгөт, коомдук пикир калыптанат. Бул процессте адам пассивдүү аткаруучу эмес, активдүү жаратуучуга айланат. Жигердүү жарандык позиция деген эмне? Жигердүү жарандык – адамдын коомдун турмушуна аң-сезимдүү катышуусу. Жигердүү жарандык инсандын жеке жана коомдук кызыкчылыктарды дал келтирип, коомдук баалуулуктарды ишке ашыруу үчун аракеттенүүсү болуп саналат. Анын компоненттери: социалдык активдүүлүк, жарандык аң-сезим жана жарандык сапаттар. Социалдык активдүүлүк – эмгекке жана коомдук-саясий ишмердүүлүккө аң-сезимдүү, чыгармачылык менен мамиле кылуу, акыл-эстүү аракеттенүү. Жашоого активдүү мамиле кылуу терең билимди, ар тараптуу өнүккөн жөндөмдүүлүктү жана жарандык аң-сезимди талап кылат. Анын натыйжасында инсандын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыруусу камсыз кылынат. Бул жерде активдүүлүк эмгек менен коомдук-саясий иштердин гармониялуу айкалышы катары каралат. Инсандын жарандык аң-сезими – өзүнүн билимине, кызыкчылыктарына жана жүрүм-турумуна баа берүүсү, өзүн коомдун мүчөсү, социалдык маанилүү позициянын алып жүрүүчүсү катары түшүнүү. Адамдын өзүн-өзү аңдоосу анын турмуштук позициясынын негизинде өнүгөт: сезүү жана ой жүгүртүү, өзүн аткаруучу катары адеп-ахлактык мүнөзүн, дараметин баалоо, ж.б. Инсандын өзүнүн ички дүйнөсүн түшүнүүсү анын өзүнө болгон коомдук мамилесинин калыптанышына жараша болот.
21 Жарандык сапаттар – социалдык чөйрөнүн жана инсандын өзүнүн аракетинин таасири астында атайын түзүлгөн шарттарда калыптанат. Мекенге болгон сүйүү сезими, өзүнүн иш-аракети үчүн жоопкерчилик сезими, демилгелүүлүк, өз алдынчалык – бул сапаттарды тарбиялоо процессинде адамдын муктаждыктарын жана бул сапаттарга байланыштуу позитивдүү мотивдерди калыптандыруу жана өнүктүрүү маанилүү роль ойнойт. Ошентип, жарандык позиция инсанды курчаган айлана-чөйрөнүн таасири астында калыптанып, коомдук активдүүлүктө, инсандын жарандык сапаттарынын көрүнүштөрү аркылуу коомдук ишмердүүлүктө ишке ашат. Активдүү жарандык позиция коомдук ишке болгон кызыгууну, демилгени, тырышчаактыкты, уюштуруучулук жөндөмдү билдирет. Сынчыл ой-жүгүртүүгө жөндөмдүүлүк жана адекваттуу өзүн-өзү сыйлоонун болушу да адамдын жарандык аң-сезиминин деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат. Инсандын активдүү жарандык позицияга ээ болуусу – адамдын сырткы дүйнө жана коом менен өз ара мамилелеринин татаал комплексин калыптандыруу, гумандуу принциптерге ылайык коомдогу позициясын аныктоо менен байланышкан. Жигердүү жарандык – бул адамдын өмүр бою өнүгүп, өркүндөтүлгөн ээ болгон сапаты. Ал адам кандай шартта турганына жараша өзгөрүп турат. Сөздүк Жигердүү жарандык – адамдын коомдун турмушуна аң-сезимдүү катышуусу. Социалдык активдүүлүк – эмгекке жана коомдук-саясий ишмердүүлүккө аң-сезимдүү, чыгармачылык менен мамиле кылуу, акыл-эстүү аракеттенүү. Жарандык аң-сезим – өзүнүн билимине, кызыкчылыктарына жана жүрүм-турумуна баа берүү, өзүн коомдун мүчөсү, социалдык маанилүү позициянын алып жүрүүчүсү катары түшүнүү. Өзүңдү текшер
22 1. Жигердүү жарандык позиция деген эмне? 2. Жарандык позициянын компонентерине мисал келтир 3. Жарандык позиция качан жана кантип калыптанат?