The words you are searching are inside this book. To get more targeted content, please make full-text search by clicking here.
Discover the best professional documents and content resources in AnyFlip Document Base.
Search
Published by нурислам, 2023-12-15 00:21:13

жомок

жомок

Тажиева Мадина Жомоктор


Кумурска үйүнө кантип жетти Бир күнү кумурска кайыңга чыгып алды. Ал кайыңдын эң чокусуна чыгып ылдый карады, өзүнүн уюгун араң көрдү. Кумурска жалбыракка отуруп: «Мен бир аз эс алам дагы анан ылдый түшөм» — деп ойлонуп койду. Кумурскалардын бир эрежеси бар: күн бата баштаганда бардыгы уюгуна кириш керек. Ал эми күн батары менен кумурскалар бардык эшиктерди жабышат дагы укташат. Ким кечиксе, көчөдө түнөп калат. Күн токойду көздөй түшүп келе жаткан. Кумурска жалбыракта отуруп алып күндү карап коет: «Эч нерсе эмес, жетишем, ылдый түшкөн оңой да»- деп ойлонуп жата берет. Ал жаткан жалбырак саргайып кургай баштаган жалбырак эле. Бир заматта шамал башталып, аны бутактан үзүп кетти. Жалбырак токойдун үстүнөн, андан кийин көлмөнүн аркы өйүзүнө, андан кийин айылдын үстүнөн учуп жөнөдү. Кумурска жалбырака жабышып алып, коркконунан жүрөгү оозуна тыгылып, араң эле баратты. Шамал жалбыракты айылдын четиндеги талаага алып келип, ошол жерге таштап салды. Жалбырак ташка түштү, кумурска байкуш буттарын оорутуп алды. Жатып алып эмне кылышты ойлонот: -Ай-ай өлдүм, өлдүм. Эми үйгө жете албай калдым. Эгер буттарым аман болгондо, чуркап кетмекмин, эми эмне кылдым? Кумурска тегерегине көз жүгүртөт, оң жагын караса, жанында жер ченегич курту жатыптыр. Сөөл жаанга окшош, бирок алдында да артында да быкылдаган буттары менен. Кумурска ага: — Досум, мени үйгө жеткирип коесуңбу. Мен буттарымды оорутуп алдым. — Тиштебейсиңби? — Жок тиштебейм. — Мейли, отур, жеткисип коём.Кумурска жер ченегичтин үстүнө чыгып отурду. Ал жаа сыяктуу ийилди дагы кайра түзөлдү, кайра жаа сыяктуу болду, кайра түзөлдү. Ал ошентип жылып кете берди. Кумурска бир жерге жакындайт, бир асманды көздөй көтөрүлөт. Ушинтип отуруп ал бир кезде кыйкырат: 1 1 1


— Токто! Токто! Мен чыдай албай калдым! Курт болсо укпайт, кете берет, бир кезде кумурска: -Токто! Токтобосоң мен сени чагып алам!-деп кыйкырды. Курт дароо токтоп, жерге сунулуп жатып калды. Кумурска ылдый түшүп, эмтигип араң эсине келет. Курт болсо корконунан качып кетти. Кумурска кайра айланага көз чаптырып карады: талаада чабылган чөп жатыптыр. Чөптү аралап жөргөмүш кетип бара жатыптыр: анын буттары тирөөчтөй, башы буттарынын ортосунда солкулдайт. — Жөргөмүш, жөргөмүш, мени үйүмө жеткирип койчу! Менин буттарым ооруп жатат. — Мейли, отур, жеткизип коем. Кумурска жөргөмүштүн бутунун тизезине чейин чыгып, кайра ылдый аркасына түшүүгө туура келди, анткени жөргөмүштүн тизелери аркасынан өйдө чыгып турат. Жөргөмүш сегиз бутун арбайтып тарбайтып кетип бара жатты, кумурсканын жөргөмүштүн буттарын карап жатып башы айланып кетти. Анын үстүнө ал аябай акырын жылгандай сезилди. Кумурска мындай басыктан тез эле чарчап кетти. Ал жини менен жөргөмүштү тиштеп коё жаздады. Бирок бир мезгилде алар түз жолго чыгышты. Бир маалда жөргөмүш токтоп калды. -«Түш» деди ал. — Мына, коңуз чуркап жүрөт, ал менден ылдамыраак. Кумурска эптеп түштү. — Коңуз, коңуз, мени үйгө жеткирип койчу! Менин буттарым ооруп жатат. — Отур, мен сени ызгырылтып тез эле жеткизем. — деди Кумурска коңузга жаңы эле чыкканда, ал безген тейден чуркап жөнөдү. Анын буттары аттыкындай болуп түз экен. Алты буттуу ат сымаал, абада учуп бараткандай чуркайт экен. 2


— Отур, мен сени ызгырылтып тез эле жеткизем. — деди Кумурска коңузга жаңы эле чыкканда, ал безген тейден чуркап жөнөдү. Анын буттары аттыкындай болуп түз экен. Алты буттуу ат сымаал, абада учуп бараткандай чуркайт экен. Заматта картошка айдалган талаага жетишти. «Эми түш кумурска» деди ал. — Картошка аралап чуркай албайм. Башка бүрөөнү тап эми. Кумурска айла жок түштү. Кумурскага картошканын сабактары жыш токой сыуктуу көрүндү. Бул картошкалардан бутум соо болгондо бир күндө араң өтмөк элем. Күн болсо улам ылдыйлап баратат. Кокусунан Кумурскага бир чырылдаган үн угулду: — Жүр, кумурска, аркама чык, кеттик.-деди бүрөө. Кумурска бурулуп карай салса эле, айлан-көчөк турат. — Сен кичинекейсиң! Сен мени көтөрө албайсың.- дейт — А сен эмне чоңсуңбу?! Отур дейм. Кумурска көңүлү жок айлан-көчөктүн далысына эптеп отурду. — Отурдуңбу? — Ооба. — Эми жакшы карма! Айлан-көчөк улам учуп, улам конуп отуруп бат эле тосмонун жанына келип калды. — Тосмодон ашып өтө аласыңбы? -деп сурады. — Мен тосмодон өтө албайм: ал абдан бийик экен. Сен эми чегирткеден жардам сурасаң, ошол секирип өтө алат. — Чегиртке, чегиртке, мени үйүмө жеткизип койчу! Менин буттарым ооруп жатат. -деди. 3


4 — Мойнума чык. -деди ал дароо эле макул болуп. Кумурска чегирткенин желкесине отурду. Чегиртке арткы узун буттарын эки бүктөп, анан бир заматта түздөп, бүргөдөй болуп асманга секирди. Ошол замат канаттары жайылып, тосмонун ар жагына түштү да, кумурсканы акырын жерге түшүрдү. Кумурска рахматын айтып асты жагын караса чоң көлмө бар экен. Күн дагы ылдыйдай түштү. Кумурска шылкыйып суунун үстүн карап турса суу ченегич жүрүптүр. Аябай сүйүнүп кетет. — Суу ченегич! Суу ченегич! Мени үйгө жеткизип койчу! Менин буттарым ооруп жатат. Күн батып кетсе уюгума кире албай калам — деп суранат. — Жарайт, мин үстүмө, жеткисип коем. Кумурска отурду. Суу ченегич суунун үстүндө кургак жерде жүргөндөй жүрдү. Күн болсо чындыгында батканы аз эле калды. — Суу ченегич, тезирээк! — деп суранды Кумурска. — Макул досум. -деп суу ченегич суунун бетинен муздун үстүндө коньки тепкендей ызгырылды. Ошентип тез эле суунун аркы жээгине жетип калышты. — Суу ченегич жерде баса албайсыңбы? — деп сурайт Кумурска. — Мага жерде баскан оор, буттарым тайгаланбай калат. Алдыда токой бар, андан көрө башка бирөөнү тап — дейт Кумурска алдыга көз чаптырды, чокусу асман тиреген токой. Ал эми күн анын артында көрүнбөй калды. Эхх жетишпей калдым окшойт деп, шылкыйып калды.


5 Ошентип отурса эле жерде май саратаны кетип бататыптыр. Кумурска аябай сүйүнүп кетет. Бирок анын басымын көрүп мунун ылдамдыгы менен көптө жетем го деп ойлонот. Бирок башка айла жок. — Саратан, саратан мени үйүмө жеткирип койчу. Менин буттарым ооруп жатат. — А сен каерде жашайсың? — Токойдун артындагы кумурска уюгунда. — Алыс экен … Мейли, эми жеткизсе жеткизейин дейт Кумурска анын катуу жонуна чыгып отурат. — Отурдуңбу? — Оба. — Кайда отурдуң? — Артыңа. — Э-э, макоо! Башыма отур. Кумурска саратандын башына чыкты. Саратан бир маалда белин экиге сындырып артынан эки чооң канатын алып чыгат. Анын астынан дагы майда, узун, кыска ар түрдүү канаттар чыгат. Мунун баарын байкап турган кумурска оозун ачып таң калат. Саратан болсо такыр шашпайт, моторун от алдырып жаткан самолет сыяктуу дирилдейт. — Байкеси, — дейт Кумурска, — шашылыңыз! Саратан жооп бербейт, дагы эле дирилдейт. Бир маалда ичке канаттар иштей баштады. “Дыр-дыр-дыр”- деп саратан асманга көтөрүлүп кетти. Вертолет сымал ал бир минутта токойдун үстүндө болуп калса болобу.Кумурска сүйүнүп кетти,бирок күндү караса, эчак жерге илинип калган. Токойдун үстүнө көтөрүлүп, ал чоң канаттарын иштетти эле, ракета сымал учуп жөнөдү. Кумурска демигип араң чыдады. Караса эле, токойдун артында болуп калышты, жанында тааныш кайың, анын астында кумурска уюгу турат. Кайыңдын эң башына саратан конуп туруп, моторун өчүрүп койду. — Байкеси! — деп жалбарды Кумурска. — Анан мен кантип түшөм эми? Буттарым ооруп жатат, эми мойнумду сындырып алам. Саратан канаттарын далысына жыйнап койду. — Эми кантип ылдый түшөсүң — билбейм. Мен кумурскалардын уюгуна учпайм: кумурскалар, аябай катуу тиштешет. Ал жакка өзүң билгендей жетип ал эми. Кумурска ылдый караса, кайыңдын астында анын үйү турат. Ал күнгө карады: күн эчак эле белге чейин жерге сиңип кеткен. Ал тегерегин карады: бутактар менен жалбырактар, жалбырактар жана бутактар. Кумурска үлгүрбөй калды окшойт. Бир маалда ал жанындагы жалбыракта көпөлөк курту отурганын көрөт. Ал өзүнөн жибек жипти сууруп, бутакты ороп отурган болот. — Көпөлөк курт, мени үйгө ылдый түшүрүп койчу! Менин акыркы мүнөтүм калды окшойт. Мени эшик жабылып калса үйгө киргизбей коюшат.


6 — Баардыгы мага жардам беришти эле, эч ким мени каккан жок, сен биринчи болуп мага жардам бербей жатасың! деп кумурска жинденип жиберди. Кумурска жини менен аны тиштеп алды! Курт чочуп кетип, жалбырактан учуп кетти. Кумурска аны тиштеген бойдон чогу кулашты. Бирок алар бираз кулап эле курттун жибине илинип калышты. Экөө тең жибек жипте термелип жатышты, жип болсо бутакка оролгон эле.Кумурска кутту тиштеген бойдон селкинчектегидей болуп термелип турду. Жип болсо узарып, узарып, узарып баратат. Акырындан ылдыйлай беришти алар. Ылдый жакты караса кумурскалар бошобой, шашып, эшиктерди жабып жатышыптыр. Баары жабылды, бир эле акыркы эшик жабыла элек. Курт менен кумурска дал ошол эшике түшүп шып этип уюгуна тоголуп кирип кетишти. Күн да батып кетти. Ошентип урматтуу кичинекей достор, кумурска досторунун жардамы менен уюгуна аман эсен жетишип калды.


БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү) Бул жомок эзелки окуя. Атам заманда, жер бетинде чөптөн токой көп, кургак жерден суу көп болуп турган кезде улуу уруу кыргыз журту Эне-Сай деген өзөндүн боюн жайлап турат. Ал улуу дайра, кең өзөн түндүктө Сибир деген жерден агат. Атчан адам аерге үч жыл, үч ай жүрүп араң жетет. Алдайраны азыр Енисей дешет экен. Илгери кыргыздар Эне-Сай дешчү. Ошондон улам мобул ыр калган: Эне-Сай, сендей жайкын өзөн барбы? Эне-Сай, сендей жаркын мекен барбы? Эне-Сай, сендей кыйын азап барбы? Эне-Сай, сендей ыйык азат барбы? Эне-Сай, сендей жайкын өзөн болбос! Эне-Сай, сендей жаркын мекен болбос! Эне-Сай, сендей кыйын азап болбос! Эне-Сай, сендей ыйык азат болбос! Эне-Сай өзөн ушундай өзөн экен. Ар уруу эл жашап турат анда Эне-Сайдын боюнда. Бирин-бири чаап алган, биринбири талап алган жоокерчилик заман. Кыргыз уруу сун да айлана-тегерете курчап, кас уруулар туруптур. Кыргыздар да кези келгенде аттанып казат жүрүп, касташкан уруунун үйүн өрттөп, күлүн көккө сапырып, элин кырып, жылкысына тийип, малын айдап кетчү экен. Эр өлтүрүү эрдик саналып, кишини киши аябай, адамды адам тукум курут кылмай заман. Ошондой кыйын кезең күндөрдө Тайга деген чер токойго бир сыйкырдуу куш пайда болот. Ал жөн сайрабай адамча сүйлөп, бирде ыйлап, бирде ырдап, таң атканча: «Алаамат болор!» «Алаамат болор!» деп сайрап чыкчу болот. Акыры ошол куштун айтканы келип, кыргыздардын башына каран түн түштү.Ал күнү кыргыз уруусу аза күтүп, эл атасы, журт эгеси, сан колдун башчысы Күлчө баатырдын сөөгүн жерге бергени жаткан. Кол баштап, нечен казатта жүрүп соо калган, нечен айыгышкан чабыштан жеңиш менен чыккан карт баатыр көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, каза табат. Кыздар кызыл кийинип, катындар кара кийинип, кыргыз эл эки күн аза күтүп, үчүнчү күнү баатырдын сөөгүн ата салты боюнча жабыла көтөрүп, Эне-Сайдын боюн бойлотуп, жарлуу жээктин мизи менен алып өтмөк. Эл анткени — баатырдын чымын жаны көккө учуп кетер алдында Эне болгон өзөн менен, Ата болгон мекен менен коштошуп алсын, тирүүсүндө жоого аттанып баратып, жоону чаап келатып, ушу жээктен ырдап өтчү ырын чымын жаны ырдап кетсин дегени. Эне-Сай, сендей жайкын өзөн барбы? Эне-Сай, сендей жаркын мекен барбы? Эне-Сай, сендей кыйын азап барбы? Эне-Сай, сендей ыйык азат барбы? 7


Эне-Сай, сендей жайкын өзөн болбос! Эне-Сай, сендей жаркын мекен болбос! Эне-Сай, сендей кыйын азап болбос! Эне-Сай, сендей ыйык азат болбос! Баатырдын сөөгү жатар жайы, коёр көрү бийик дөбөнүн чокусунда. Коёр алдында эли баатырдын сөөгүн башынан өөдө көтөрүп, төгөрөктүн төрт тарабына көрсөтмөк: «Алдында өзөнүң калды жайкын. Үстүңдө Теңир ээлеген көгүң турат. өзөктүү өз тукумуң, калың журтуң сөөгүңдү көтөрүп, башын ийип астыңда турат азалуу. Жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун!». Ошентип, баатырдын сөөгүн жерге берип, көрүнүн башына өткөндөгү баатыр Ата, баатыр Бабалардын жолун жолдоп, чулу корум таштан Таш баба орнотмок.Эл атасы өлгөндө айылайыл болуп андалап отурган урук-урук кыргыздар жабыла көчүп келип, ЭнеСайдын жээгине кыркар тартып үй тигип, улуу журт курган. Ак асаба найзаларга кара түпөк байлашып, түндүктөн чыгара аза белгисин коюшкан. Эл анткени — баатырдын сөөгүн алып өтүп баратканда асаба-тууну баатырга баш ийдирип, кызкелиндер чурулдап кошок кошуп, уландар жер дүңгүрөтө өкүрүп коштомок, анан сөөктү ээрчиген элге кошулуп, кийинки үйдүн тушуна жетмек, ал оропарадан да алиги жол-жосун болуп, ошентип дөбөнүн чокусуна дейре чууруп жүрүп отурмак. Күн күнүмдүк жолуна чыкканда элдин кам-чому да бүткөн. Түпөктүү найзалар сөөк чыгар ооздо эки бет катар тизилип, баатырдын жоо-жарактарын алып чыгып, сөөктүн алдынан алып жүрчү чоролор даяр турган. Кара жабуу жабылган баатырдын аргымагы сөөк артынан жетелөөгө белен, суулук кемирип, кандуу көбүк булайтып, көзүн акшыйтып, жер чапчып турат. Кернейчилер кернейлерин, добулбасчылар добулбастарын белендеп, азыр сөөктү алып чыкканда, кадимки жоого кирген салтындай кернейлер озондоп, добулбастар дүңкүлдөп, жер жарылар үн чыкмак. Тайга токой чайпалып, канаттуунун баарысы күндүн бетин көрсөтпөй үркүп учмак, жолборстору күркүрөп, камандары коркурап, туңгуюк черге жите качмак, тоо жаңырып жер көчмөк, өзөн толкуп, алай-дүлөй бороон сокмок. Кошокчулар чачтарын жазып үн салып, чоролор табытка ийин тосуп, сыңар тизелей укуюп отурду. Токойдун четиндеги карагайларга баатырдын кара ашына чалынар төрт түлүк мал тогуздап байланып турду. Ааламат мына ушунда башталды. Эне-сайлык кырк уруу эл канча жоолашпасын, эл атасы каза таап, башына аза түшкөн күндөрдө бири-бирине кол салчу эмес. Бирок бүгүн салт бузулду. Салтты бузган нарксыз жоо түндөп курчап, тегеректеги токойдо бугуп жаткан. Эми эл мүңкүрөп турган чакты маалдап, капилеттен кол салды. Жарак алып каршы чыгууга, атка минип айкырып чыгууга эч ким үлгүрбөдү. Түшкө киргис кыргын жүрдү. Өңгөктөгөн карыдан эмгектеген балага чейин кылычтын мизине, найзанын учуна, качып кутулам дегени жебенин тилине кетип жатты. Жоо ушуну көксөгөн. Кыр көрсөтүп, тизгин бербеген кыргыздарды тукум курут кырып, күлүн көккө сапырып кетели деп келген. Жоктоп алары, боздоп ыйлап калары, кунун кууп издеп келери калбасын, кыргыз деген аты өчүп, кылымдын эсинде калбасын, тыптыйпыл кылалы деп кел-ген. Жоо ойлогондой болду… Адамды туумак кыйын, багып өстүрмөк кыйын, а өлтүрмөк көз ачып- жумганча. Жээк бербей киши өлүгү үстү-үстүнө каршы-терши сулады. Көл мөлтүр толкун ЭнеСай кыргызынын канына кызыл-жаян болуп акты. Жээк бойлой катар тигилген үйлөр чатырап, өрткө кетти. Ошентип, кең өзөндүн жээгинде бырыксыган күл калды, каңырсаган жыт калды. Кулак учунда боздогон үн калды. Кыбыр эткен жан көрүнбөй, башка эчтеме калбады. Кыргыз деген бар беле, жок беле?.. Жоо ушуну көздөгөн. Жоо көздөгөндөй болду…«Жер биздики! Токой биздики!» деп жоо шаттанды. «Биздин жерде кыргыздын сөөгү да калбасын!» деп, өлүктөрдү жар башынан өзөнгө кулатты. Күтүрөгөн сан түмөн малды айдап, колго илинер дүнүйөнү бүт олжолоп, жолго салды. Мал артынан бурулдаган чаң асманга көтөрүлүп, көк менен жер бирикти да калды. Мына ошондо токойдон ойноо бала, секелек кыз чыкты. Тилазар балдар эртең менен эле токойго чуркап кеткен. «Баласыңбы» деген ошо да, ал экөө токой аралап, жөкө кабыктан себет токумак, себет толтура карагат-бүлдүркөн термек. 8


Каткыра күлүп, так секире ойноп жүрүп, күн убагын унуткан. Бир маалда айыл тараптан ызы-чуу чыкканда элеңдеп артка чуркаган. Эми экөө жетип келип, кыргын тийген өлүү журттан эч кимди таппады. Ата-энеден кабар жок, ага-эжеден дайын жок. Кара жер канга эзилген, «ата», «апа» деп кыйкырса, жаңырык жооп кайтарбай үндөрү жерге жутулуп кетти. Улам бир үйдүн ордуна чуркады экөө, бырыксыган күл жатат, үч буту көктү карап тулга жатат. Эси чыккан эки бала заматта же эртең мененки калың эли жок, өлүү журтта жетим калды. Алыста токой үстүнөн чаң уюлгуп, мал айдаган жоо кетип баратты. Балдар чаң артынан жүгүрдү. Көздөрүнөн салаа-салаа жаш кетип, эки бала жоону ээрчип баратты. «Баласыңбы» деген ошо да, жоо артынан жүгүрүп, чоң киши болсо боюн ала качып тетири чуркамак. Балдардын оюнда эчтеме жок, тиги кандуу, сүрдүү жерден алыс качуу. Уул бала, кыз бала кол кармашып, «токтогула» деп суранып, «ала кеткиле» деп жалынып, жоо артынан чуркады. Жер дүңгүрөгөн доош ичинде, күтүрөгөн калың дабырт үстүндө ал экөөнүн алсыз үнүн ким укмак. Эки бала көпкө чуркады, кууп жете албады. Эч ким кайрылбады. Мууну бошогон балдар жер кучактап жыгылды. Кылчаюудан коркушту, кыбыроодон чочушту. Эси чыккан эки бала кучакташып, калчкалч калтырап, улутуна бышактап жатып, уктап калды. Жетимдин жары кыдыр, бирок тагдыры жети ача деген ак сөз. Түн бейкут өттү. Сүрдүү токойдун жырткычы тийбеди, желмогузу келбеди. Экөө ойгонсо күн чыгып калыптыр. Токойдон түрлүү баренде сайрап, дүйнө эчтеме болбогондой. Экөө турду да, из кубалап дагы жөнөштү. Мөмө-чөмө менен өзөк жалгап жүрүп отурушту. үч күн, үч түн дегенде бир бийик дөбөгө жетип токтошту. Төмөн этекти караса, көк жыйыкта улуу той болуп жатат. Тигилген үйлөргө сан жеткис, кайнаган казанга сан жеткис, жыйылган элге сан жеткис. Кыздар селкинчек тээп, ыр ырдап, жигиттер күч сынашып алышып, эл шатыра-шатман үн салып, кечээги кыргызды кырган жоо минтип жеңишин майрамдап жаткан экен. Жуук кирип бара албай, эки бала кооптонуп дөбөдө турду. Бирок тиги казандардан бышкан эттин, ысык нандын, сарымсак-согондун жыты келип, шилекейин илеп жуткурду. Балдар чыдабады, дөбөдөн түшүп барды. Көргөндөр кызыгып, тегеректеп калды. — Кимдин баласысыңар? Кайдан келатасыңар? — Курсагыбыз ачты, — деди кыз менен бала, — нан бергилечи? Жоо эли балдардын сүйлөгөн сөзүнөн кыргыз тилин баамдап, бул кырылган кыргыз тукуму экенин тааныды. өлбөй калган бул экөөн азыр жайлай салалыбы, же ханга алып баралыбы деп өз ара талаша кетишти. лар чуулдап жаткан арада бир боорукер катын эки балага алдыртан бир кесим эт бере койду. Анан балдарды ханга алып барышты, хан тобу али дасторкондон тура элек экен. Эки баланы чоң кызыл үйгө алып барышты. Кызыл үйдүн оозунда күмүштөгөн айбалтачан сакчылар турат. Ал ортодо калың элдин арасын ушак аралады 9


Кыргындан аман калган кыргыздын тукуму бар экен, кан кууп келиптир! — деп эл сестенди. Оюн-тамашасын, тамак-ашын таштап, эл топурап хандын ордо үйүн тегеректеди. Ал учурда хан кардай аппак кийизде жанжө көрлөрүнүн ортосунда бал кошкон кымыздан ууртап коюп, жаагын жанган ырчылардын мактоо ырларын угуп олтурган. Эл топурап келген себепти угуп, хандын жаалы чыкты көзүнөн: — Тынчымды алган ким экен? Кыргыз уруусун тукум курут кырганыбыз жалганбы? Силерге түбөлүккө Эне-Сайды тартып бергеним жалганбы? Эми кимден жан таштап качып жүрөсүңөр? Коркконуңар ушул чыпалактай эки балабы? Эй, Майрык-Чаар-Жезкемпир! — деп кыйкырды хан. Анан бир кемпир топтон суурулуп, алдына келгенде ага буюруду: — Бул экөөнү Тайга токойго алпаргын да, кыргыздын аты чыккыс, үнү угулгус кыл. Экинчи кыргыз деген сөздү кулагым чалбасын. Кыргыз тукумунда жер үстүндө орун жок, түбөлүк аты өчсүн! Бар, Майрык-ЧаарЖезкемпир, буйрукту аткар!..Ошону менен Майрык-Чаар-Жезкемпир эки баланы колунан жетелеп, тоо ашып, токой аралап жүрүп отурду. Азыркы ЭнеСайдын жээгине жетип токтоду. Анан балдарды жардан алыс түртөр алдында мындай деди: — О, улуу дайра, Эне-Сай! Эгер сага тоо окморуп кулатса, муштумдай таш сыяктанып түбүңө чөгөт. Кылым турган карагай кесип кулатса, чабындыдай толкунуңа кетет. Эмесе, эки көздүн эки чечеке йиндей болгон мобу адам баласын муздак койнуңа ал. Жер үстүндө бул экөөнө орун жок. Аны сага айтып-айтпай эмне, өзүң көрүп турасың.Жылдыздар адам болсо, көккө батмак эмес, балыктар адам болсо, суу га батмак эмес. Аны сага айтып-айтпай эмне! Эмесе, ач койнуңду, ал эки наристени, алып кет. Бул жексур дүйнөдөн экөө чырымталында кетсин, абийири таза, дили ак, арамдыкты биле элек, арам ойго кире элек периште чагында кетсин. Ач койнуңду, ал эки периштени, улуу дайра Эне-Сай! Уул бала, кыз бала ыйлап турду. Кемпирдин сөзүнөн да жардан ылдый караса жүрөктөрү алкымына тыгылып, түпкүрдөгү буурул толкун үрөй учуруп, ошого ыйлап турду. — Кана, коштошуп алгыла, балдарым. Кучакташкан бойдон кеткиле, — деп Майрык-Чаар-Жезкемпир шымаланып жеңин түрүндү. — Мени жаман көрбөгүлө, менде эмне айып. Бешенеңерге жазылганы ушул экен. Менин эрким болсо кантер элем, ким билет, бирок ушу бойдон кеткениңер өзүңөргө жакшы… Ушинтип сөзүн айтып, оозун жыйып алгыча жан жактан бир үн чыкты: — Ашыкпа акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба! Майрык-Чаар-Жезкемпир кылчая калды, кылчайып алып айрантаң: жанында Бугу эне турат, эки көзү балбылдап. Балбылдаган көздөрү муңайым тиктейт, өтүнүчтүү тиктейт. Маралдын умай энеси, асыл бугу маңкаят, омуроо-төшү наристенин маңдайындай, жону ууз ак, боору тайлак жүндөнүп көк буурул. Он сегиз айры мүйүзү аркайып, жонун-жышып койгондой жымсал сулуу, көркөм. Желини таза, кан тамырлары көрүнүп ийип турат эки балага мээримин салып.— Сен кимсиң? Адамча сүйлөп кубулган кандай жансың? — деди Майрык-Чаар-Жезкемпир. — Мен Бугу эне болом. Адамча сүйлөбөсөм сен кайдан түшүнмөксүң да, кайдан собол укмаксың. — Каалаганың эмне, Бугу эне? — Балдарды кё бер, акылман эне. Сенден сураганым ушул эки чүрпөнү мага бер. — Буларды эмне кыласың? — Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм. — Ушу балдарды эмизип, багып алам дейсиңби? 10


— Ошентем, акылман чоң эне. — Жакшылап ойлондуңбу, Бугу эне? — деп күлдү Майрык-Чаар-Жезкемпир. — Булар деген адам баласы. Чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлондуңбу? — Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт, — деди маралдын Умай энеси. — Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат.Анан кантип өз агакарындаштарына жамандык санасын? — О, кең пейил Бугу эне, адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы! — деп башын чайкады Майрык-Чаар-Жезкемпир. -Адамдар кайберен эмес, бирин бири аябайт. Сөзүмдүн актыгын өз көзүң менен көрөрсүң, өз мойнуң менен тартарсың деп, бул эки жетимди сага берип деле коёр элем, бирок башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат. Анда булардын да азабын тартып, сага эмне күч келди? — Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем, бу балдарды. Аясаң, акылман чоң эне, коё берсең. өз балдарыман кем көрбөй асырайын, жетимдерге эне болоюн… . Желиним сүткө толуп, ооруп турат. Бала деп сыздап турат ак сүтүм. Бала деп ийип турат ак сүтүм… — Кантейин, болуптур, — деди ойлонуп туруп Майрык-Чаар-Жезкемпир. — Сурап калдың, бирок тез кет буерден. Жетимдерди алыс жерине аман жеткир. Жок, эгер аякка жетпей жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңдү унутуп, адамдык арамдыгына кетсе, өзүңөн көр. Бугу эне Майрык-Чаар-Жезкемпирди узатты да, анан уул бала менен кыз балага айтты: — Балдарым, мына эми силердин энеңермин. Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир-Тоосу бар, боордо токой жери бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алпарам. Кыргыз тукуму курут болуп кетээрде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум уласын, укум-тукумуна мекен болсун деп мен ал жерди Теңирден сурап алдым. Балдар так секирип кубанды, тепеңдешип Мүйүздүү Бугу эненин соңунан чуркап алды. Жүрөр жол алыс, учу-кыйыры жок жердин бир четинен бир четине. Узак жолдо балдар арып ачты, алдан тайды. Бугу эне балдарын ак сүтү менен багып жүрүп отурду, күн ысыганынан көлөкөлөдү, суук түндөрдө бооруна кысып жылытты. Эне сүтүнүн кубаты канчалык, кечкисин тырп этпей жыгылган балдар эртең менен так секирип ойноп турду. Нечен күн, нечен түн өттү, эски мекен ЭнеСай жан кейитип алыс калды. Жаңы мекен Ысык-Көл көздөн учуп, алыс жатты. Эки жолу кыш өтүп, эки жолу жай келди, дагы бир жолу кыш өтүп, дагы бир жолу жай келди, балдарын ээрчиткен Бугу эне ашуу ашты, бел басты, агыны катуу суу кечти, мээ кайнаткан чөл кезди, бирок чарчадымчаалыктым дебей, балдарын ак сүтү менен кубаттандырып, талбай жүрүп отурду. Кээ күнү үйүр тобу менен бөрүлөр кууду артынан. Бугу эне балдарын жонуна мингизип алып, жырткычтардан алып качты. Кээ күнү жаа тарткан мергенчилер кубалады артынан. «Бугу адамдын балдарын уурдап баратат. Карма! Карма!» — деп айкырып, жаа тартты мергендер. «Бул адамдардан жакшылык жок, балдарым, бекем отургула!» — деп Бугу эне жебеге жеткирбей качты. 11


Көмөч нан Илгери-илгери бир абышка менен кемпир жашаптыр. Бир күнү абышка: — Кемпир, мага көмөч нан бышырып берчи? — деп суранат. — Унубуз жок болсо эмнеден бышырам? — Э-эх, кемпир! Сен кампаны шыпырып, булуң-бурчтардан кырып көр. Ун чогулуп калат. Кемпир ун салган кутунун түбүн кырып-шыпырып эки ууч ун чогултуп, каймакка камыр жууруп, майлуу кылып меште көмөч бышырды да, муздасын деп терезеге коё турду. 12 Көмөч нан жата бергенден тажап, томолонуп терезеден текчеге, текчеден полго түшүп, андан ары эшиктен томолонуп чыгып чөпкө, чөптөн жолго түштү да, андан ары жол менен томолонуп жөнөдү. Көмөч томолонуп бара жатса алдынан коён чыгат: — Көмөч, көмөч, мен сени жейм! — Жебе мени, коёнек, андан көрө мен сага ырдап берейин, — деди да ырдап кирди.


13 Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн, Кампадан шыпырылгам, Кычыктардан кырылгам, Каймак менен жуурулгам, Мен меш ичинде бышырылгам, Терезеде муздатылгам, Мен абышкадан кетип калгам, Мен кемпирден кетип калгам. Сенден, коён, оңой эле кетип калам! — деп көмөч андан ары томолонуп кетип калат. Коён аны караган бойдон кала берет. Көмөч томолонуп токойдо бара жатса, алдынан карышкыр чыгат: Көмөч, көмөч, мен сени жейм! — Жебе мени, көк жал карышкыр. Кел, андан көрө мен сага ырдап берейин, — деди да, көмөч ырдай баштады. Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн, Кампадан шыпырылгам, Кычыктардан кырылгам, Каймак менен жуурулгам, Мен меш ичинде бышырылгам, Терезеде муздатылгам, Мен абышкадан кетип калгам, Мен кемпирден кетип калгам. Мен коёндон кетип калгам, Сенден, карышкыр, оңой эле кетип калам, — деп көмөч андан ары томолонуп кетип калат. Карышкыр аны карап кала берет.


томолонуп бара жатса алдынан аюу чыгат: — Көмөч, Көмөч, мен сени жейм! — Кайдан сага, мени жемек май таман, андан көрө менин ырымды уксаң, — деди да ырдап кирди. Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн, Кампадан шыпырылгам, Кычыктардан кырылгам, Каймак менен жуурулгам, Мен меш ичинде бышырылгам, Терезеде муздатылгам, Мен абышкадан кетип калгам, Мен кемпирден кетип калгам. Мен коёндон кетип калгам, 14 Мен карышкырдан кетип калгам, Сенден, аюу, оңой эле кетип калам. Көмөч андан ары томолонуп кетет. Аюу аны артынан карап кала берет. Томолонуп бара жатса алдынан түлкү чыгат:


cаламатсыңбы, көмөч? Сен кандай татынакайсың. Көмөч, көмөч, мен сени жейм. — Түлкү, мени жебе. Кел, андан көрө мен сага ырдап берейин, — деди да, ырдап кирди: Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн, Кампадан шыпырылгам, Кычыктардан кырылгам, Каймак менен жуурулгам, Мен меш ичинде бышырылгам, Терезеде муздатылгам, Мен абышкадан кетип калгам, Мен кемпирден кетип калгам. Мен коёндон кетип калгам, Мен карышкырдан кетип калгам, Мен аюудан кетип калгам, Сенден, түлкү, оңой эле кетип калам. 15


Аю менен чиркей Дөбөдөй болгон чоң аю муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч бир жазыгы жок байкушту кулагынан чойгулап кыйнайт. Өлүмгө жеткирбесе да эсин оодарганга чейин алпарат. Ошондо коен капаланып: — Кулак жазылар, көздүн жашы кургар, бирок ушунча кордук көрө турган эмне жазыгым бар! Аю токойдогу аңдардын чоңу, күчтүүсү, карышкыр менен түлкү араларынан кыл өтпөгөн ысык достор. Эми мен кимге корголойм? — деп арман кылат өзүнчө. Ошол убакта калың камыштын ичинен: — Мага корголо! — деген абдан эле ичке үн чың эте түштү. Коен көзүнүн кыйыгынан караса, үн чыгарган чиркей экен. — Ушу сен бекен мени коргой алчу? Аю аңдардын чоңу, күчтүүсү, сен болсо чиймийген чиркейсиң. Сенин колуңдан эмне келет? — О, жолуң болгур! Мен ага уйку бербей, тынчын кетиргенге жараймын. Ошону билбейсиңби? Жайдын ысыгында токойдо жортуп жүргөн аю жанын коер жер таппады. Тынчы кетип, бүлдүркөндүн жалбырагынын үстүнө дем алайын деп жатса, кулагынын түбүнөн ызың-ң, ызың-ң-ң деген дабыш чыгат. Аю чиркейдин дабышын угуп, дароо тааныйт. 16 Чиркей аюнун мурдуна конуп, каңылжарына кирип кетет. Аю чыдабай күчүнүн бардыгынча таманы менен мурдун ургулап, жерге ооналактап эси оойт. Дыңылдаган чиркейдин үнү кулагынан кетпейт. Аю андан жүрөксүп коркуп, «эми кай жериме конор экен» деп уктамыш болуп, козголбой тыңшап калат. Аюнун бут жагында ызылдап жүргөн чиркей бир кезде ың-жың дабышы жок болуп кетет. «Чиркей учуп кетти го» деп ойлоп турганда, ал аюнун кулагынын түбүнө шап коно калып, «тыз» эттире чагып алат. Аюнун көзүнөн от чагышып кокуйлап, ордунан ыргып турат. Оң таманы менен кулагын кагып: «Жеди эле жеди! Бу кандай жаны бек неме?!» деп өңкөлөңдөп качып жөнөдү.


Чиркей токойду кыдырып, бутак-бадалдарды койбой тинтип, дыңылдап аюнун артынан түштү. «Зың-ң-ң — ызың-ң-ң» деген чиркейдин үнү аюнун алапайын таптырбайт. Жүгүрүп отуруп бир жерге келгенде алы кеткен аю эс алгысы келип, башын бадалга сүйөп уктап кетип, түш көрөт. Түшүндө токойдун ичинен аарынын уюгун таап алат. Аарынын уюгундагы балга колун сала берерде «зың-ң-ң — зың-ң-ң» деген үндү дагы угат. Баягы чиркей аюну дагы кууп жөнөйт. Көзү умачтай ачылат. Аю улам жан талашып качып баратса да чиркей артынан сая кууйт. ызылдап, ызылдап келип кайрадан жымжырт боло калат десең. Аю шектенгендей тыңшап туруп, жаңгак жыгачынын түбүнө жашырынат. Бир аздан соң кыйналган шордуу көзүн жуумп үргүлөп кетет. Бирок ызылдаган чиркей мурдагыдай эле аюнун жанын жай алдырбай таң атып, күн чыкты. Уйпаланып, түктүйүп уктабай сенделип келатса, чиркейдин ызылдаган үнү аюнун кулагына дагы угулду. Ал селт эте түштү. Алыстан байкап турган коён чиркейге: — Жарайсың, кайраным! — деп көзүнүн жашы чыкканча күлүп, ыраазы болуп отурган экен. Чиркей болсо аюга: — Коендун күйөөрү жок деп ойлогонсуң го. Эми, баатыр акеси,буга кордук көрсөткөнүңдү койгунуң, уктуңбу?! Мунуңду койбосоң, айлаңды гана кетирем. Тытынып жүрүп өлөсүң! — деп коркутуп «ызылдап»учуп кеткен 17


Түлкү менен карышкыр Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти. Аны тегерене карап, салып койгон капканды көрдү да, шилекейин чууртуп, эмне кыларын билбей туруп калды. Аңгыча желип-жортуп карышкыр келди. Түлкү жагалданып: -Каке, келиңз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам. Алдагыны сизге сактап койдум,- деди. «Астында капкан болбосун?» деп шектенген карышкыр анчалык көңүлсүнбөй мыкчыя тигилди. -Кээде ушинтип кекирейип каласыз… Жебесеңиз өзүм үйгө алып кетейин,-деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды. Куйрук четке ыргыды. Түлкү аны илип алды да: -Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып! Эртең эрте ушерден, Ээси менен табышып,-деп шаттанып ырдап, желе-жорто жүрүп кетти. 18


Чынарбай менен перинин кызы Өткөн заманда бир жардынын кош бойлуу аялы токойго келип, отун алып жүрчү экен. Бир күнү толуп жаткан чырпыкты көрөт. Аны таңып алып жатканда толготуп, эркек бала төрөйт. Киндигин кесип, баласын ороп алдына алып, чырпыгын аркасына көтөрүп үйүнө келет. Атасы чынар теректин түбүндө төрөлгөндүктөн баласынын атын Чынарбай коёт. Чынарбай бой көтөрүп чоңоё баштагандан тартып, ошол теректин түбүнө ойногонду жакшы көрө турган. Бала жанына ойногон сайын чынар терек күндө узарып өсөт. Анын узарып өскөнүн бала байкап, көзүнө абдан жылуу учурайт. Айылдагылар чынар терекке кезек менен күзөтчү да коюшат. Бирок сырын эч ким биле алышпайт. Чынарбай жолдош баласы менен чүкө атышып, анан талаша кетип теректин түбүнө чалкасынан кетет. Ал жерден өөдө турбастан теректин башын карап, эси ооп калат. Жолдошу Чынарбайдын атасына кабар жеткирет. Дароо келип ал баласынан кеп сурайт. – Ата, мен теректин башын карасам, кырк канаттуу ат минген кыз келип теректин башына конду. Кыз конгондон кийин терек ийилип отуруп бир кулачтай узарып кетти. Бат эле асманды карай көтөрүлүп, көздөн кайым болду. Демек, чынар терек кыздыкы экен, – деп бала сөзүн улады. Атасынын уруксаты менен үч-төрт күн арадан өткөндөн кийин Чынарбай досу Ашым менен камынып, кызды издеп табам деп жолго чыкты. Чынарбай Ашым экөө далай-далай жол басышты. Арып-ачып өздөрү да, аттары да арыктады. Жолдон бир сыйкырдуу карыя кезикти. Саламдашкандан кийин, жөн-жайы менен таанышып, карыя балдарга жол көрсөттү. Анан мындай деди. – Жаштын тилегин берет деген. Перинин аялы саякат кылып жүрүп үйүнө жетпей, чынар теректин башына кыз төрөйт. Сени да ошол мезгилде энең оокаттын айынан чынар теректин түбүндө толгоо тартып, жарык дүйнөгө келтирген болсо керек. Сен адамдын баласы болгондугуң үчүн кызым экөө өмүр сүрсүн деп ниет кылып, бата берген. Кызы чоңойгон кезде дайым чынар теректин башына ойнотчу. Ал күн сайын бир кулачтай канат жайып өсүп турчу. Чынарбай карыянын сөзүн угуп туруп: – Аны мен кайдан, кантип табам, – деди. – Балам, эми аз гана жол калды, көбүн басып өтүпсүңөр. Далай кыйынчылыкты көрүпсүңөр. Эми күн батыш тарапка жөнөгүлө. Жырткычтарга атыңарды мууздап, этин ыргыткыла. Алар силерге тийбейт. Батышты көздөй жүрүп отуруп, күндүн нуру тегиз тараган жерди колуңар менен тырмагыла, жер жарылып, силерге жол ачылат. Ошол жол менен түз жүрүп отурсаңар, кыздын өргөөсүнө туш келесиңер, – деп көздөн кайым болду… Чынарбай менен Ашым кыздын өргөөсүнө кирет. Ай десе аркы, күн десе көркү жок кыз уктап жатат. Чачынан, анан эки ийининен тартып араң ойготот. Кыз асманга көтөрүлүп, жерге кайра конуп, тигилерден жан сурады. Башынан өткөндүн баарын Чынарбай айтып, баян кылды. Муну кыздын энеси да укту. Кыздын энеси Чынарбайды маңдайынан тарап: – Өмүрлүк жар болгула, – деп жер үстүнө батасын берип узатат. Чынарбай колуктусу, Ашым досу менен келип бир ыңгайлуу жерге туруп калышат. Эки эркек тоодон кийик атып келип, жан сакташат. Колуктусу жалгыз үйүндө калат. Бир жолу суунун боюна келип чачын тарайт. Анын байкоосуздан бир тал чачы сууга агып кетип, ал кандын тегирменинин парасына оролуп калып, тегирмен токтойт. Кан тегирменге жакын келип параны оодарат. Бир тал алтын чач оролгонун көрөт. Кан бүт элин чогултуп: – Тегирменге чачы оролгон перизатты ким табат? – деп жарыя кылат. Ошондо мастан суурулуп чыгып: – Мен табамын, сүйүнчүгө эмне бересиң? – деп сураганда, кан: – Не кааласаң ошону беремин, – деп салтанаттуу убада берет.Мастан эки кайык жасатат. Бири менен ылдый карай издеп чыгат, бирок жолу болбойт, бири менен өөдө карай издеп чыгат. Кечке маал перинин кызын таап, ыйламсырап үйүнө кирет. Арыз-арманын айтып ишендирет. Аңгыча Чынарбай менен Ашым келип калышат. Перизат: – Эртең менен келиңиз, – деп кемпирди кетирет. Дагы экөө мергенчилеп кетет. Мастан кемпир эртең менен келгенде: 19


Үйгө эле отуруп туруңуз. Күйөөм уруксат берди, – дейт. Бир нече күн өткөндөн кийин мастан кемпир перизаттын чачын тарайт да, башынан алтын чачты байкайт. Анан кызды: Анын байкоосуздан бир тал чачы сууга агып кетип, ал кандын тегирменинин парасына оролуп калып, тегирмен токтойт. Кан тегирменге жакын келип параны оодарат. Бир тал алтын чач оролгонун көрөт. Кан бүт элин чогултуп: – Тегирменге чачы оролгон перизатты ким табат? – деп жарыя кылат. Ошондо мастан суурулуп чыгып: – Мен табамын, сүйүнчүгө эмне бересиң? – деп сураганда, кан: – Не кааласаң ошону беремин, – деп салтанаттуу убада берет.Мастан эки кайык жасатат. Бири менен ылдый карай издеп чыгат, бирок жолу болбойт, бири менен өөдө карай издеп чыгат. Кечке маал перинин кызын таап, ыйламсырап үйүнө кирет. Арыз-арманын айтып ишендирет. Аңгыча Чынарбай менен Ашым келип калышат. Перизат: – Эртең менен келиңиз, – деп кемпирди кетирет. Дагы экөө мергенчилеп кетет. Мастан кемпир эртең менен келгенде: – Үйгө эле отуруп туруңуз. Күйөөм уруксат берди, – дейт. Бир нече күн өткөндөн кийин мастан кемпир перизаттын чачын тарайт да, башынан алтын чачты байкайт. Анан кызды: – Кайыкка түшүп көңүл ачалы, – деп алдайт. Адегенде өзү кайыкка түшөт. Анан тигини түшүрөт. Перизат суунун күүсү менен жүрүп отуруп, кандын шаарына кандай келгенин билбей калат. Кан элин жыйнап, көп мал союп, перинин кызын алганга аябай бүлүнөт. Чынарбай, Ашым экөө үйүнө келсе, пери кыз жок. Ошондо мастан кемпир азгырганын түшүнүп, экөө издей башташат. Перинин дайнын билиш үчүн Чынарбай учуп бараткан канаттууну жерге түшүрө атат. Мылтыктын үнүнөн улам Айпери күйөөсүнүн издеп келгенин билет да, кандын колунан суурулуп учуп чыгат. Чынарбай, Ашым, Айпери үчөө асмандап учкан кезде карап турган эл аябай таң калышат… Анан Чынарбай, Перизат, Ашым болуп айлына келишет. Өгөй атасы алардын келерин угуп, Чынарбайдын көзүн тазалап, аялын алайын деп, аябай аракет кылат. Бирок Ашым менен Перизат баарын жөнгө салып, анын тилегин таш кабат. Кийин баягы карыя жолугуп, үчөөнө тең ак батасын берет. Жаштар кубанып, жакшы жашай башташат. Ашымды үйлөндүрүшөт. Чынарбай кан болуп, адилеттик бийлик кылат. 20


Алия менен жылкы Илгери -илгери бийик тоолордо Алия деген кыз асманды карай берчү экен карай берчү экен. Алия асмандагы булуттарга жетип алып, секирип, кармалап, оонап ойногусу келчү экен. Кайсыл жака бул булуттар учуп баратат аябай кызык болуп атат мага. Качан мен бул булуттарга жетем билбейм. Бир жолу Алия баратып жер астындагы периштенин ыйлап аткан жеринен жолугуп калат. — Эмне болду? сиз менен. Сизге эмнеге ыйлап атасыз? айтыңызчы мага. -Менин жылкым жоголуп кетти. Ал жылкымдын жалында бир жылда бир жолу жыпар гүлдөр пайда болуп калчу эле. Ал гүлдөрдү жыттап мен дайым жашарып ден-соолукта болчумун. Эми эмне кылам билбейм. — Ыйлабаңыз эми кокустан бир жерден жылкыңызды көрүп калсам сөзсүз сизге жетелеп келем. Жылкысын таап берейинчи. Аябай боздоп ыйлап атат го, боорум да ооруп кетти. Менин да энем бар да. Ошентип баратып кургак жерде оттоп жүргөн жылкыны көрө калат. Таштын артында жашынып турса саз желмогуз жетип келет. Бул жылкыны кечөө урдап келе бердим. Эми мурунку кожойунум бат эле карып калат. Менден да бирөө уурдап кетпесин. Тетиги эки шайтан кайда жүрөт ыя. Бери келгиле келгиле дейм силерге. -Эмне болду саз желмогузу ыя? жылкыларды карагыла дебедимби силерге какшап. -Ансделе карап атпайбызбы күнү- түнү уктабай жылкыңарды жүдөп. -Эй мунун жалынынан бир кыл түшсө көзүңөрдү чукуп коем айтып коеюн уктуңарбы мени күнү-түнү уктабай карагыла. Жоголуп кетпесин жылкым каныңарды ичем. — Макул. — Бир жылдан бери аңдып жүрүп кайтарып атып араң уурдап келдим бул жылкыны угуп атасыңарбы мени шайтандар. Мурунку кожойуну издеп жүрөт. Таап алып алып кетип калбасын жылкысын көзүңөрдү ачып жакшы карагыла. Азыр болсо жетелеп келгилечи мага. — Макул саз желмогузу күнү-түнү карайбыз уктабай. Сиз айтканды кылабыз. Ишениңиз бизге. Эми бул менин жылкым бир нече күндөн кийин жалынынан жыпар гүлдөр өсүп калат. Аны жыттап жашарып мен эң сулуу желмогуз тоолордо болом. Ошондо көрөсүңөр. Азыр болсо муну үңкүргө алып барып, аркан менен байлап көбүрөөк чөп ыргытып койгула. Ачка болбосун менин жылкым. Жакшы тамактансын ошондо жалынынан көп жыпар гүлдөр өсүп калат — Макул. А мен болсо бир-эки саат уктап алайын. Жашарып калган сулуу желмогуз болот имиш. Карагылачы мунун басып баратканын. Убара болуп мунун жылкысын кайтарат экенбиз да. Жашарганча биринчи биздин курсагыбызды жакшылап тойгузбайт белең. Эң туура көбүрөөк спорттук кыймыл көп кылгыла. Уктап калбайсыңар жылкымды кайтарып атып. Чөп салып койгонду унутпагыла. Угуп атасыңарбы. Мен барып кетиги үймөк чөптүн арасына жашынып калайын. Мени бир кучак чөп деп ойлошуп үңкүргө алып барышат. Ошондо жылкы экөөбүз качабыз. Бул жылкыга күндө чөп ташып атып тажадым. — Сенчи ? — Мен дагы. Чөптүн арасындагы Алияны көтөрүп алып үңкүргө келишет. -Бүгүн биз көтөргөн бир кучак чөп ушул аябай эле оор го ыя кандай дейсиң сезип атасыңбы? — Кечөө жаан жаганда ным болуп калса керек. Ошон үчүн оорураак сезилип атат. — Туура айтасың жаан жаганын такыр эле унутуп калган турбаймынбы мен. — Кеттик Эй жылкы мэ ичип жарылганча же. Саз желмогуз жашарганда мен сени өзүм соем уктунбу ошондо этиңе тоем жыргап. Не кылдык. Акырын. Сени жер астындагы периште күтүп атат. Азыр сен экөөбүз качабыз макулбу. Жылкы үңкүрдүн эшигин тээп сындырып, Алия менен качат. Шайтандар болсо артынан кубалап жетпей калат. Токтогула дейм. Токтогула. Менин жылкым келдиңби? Канча күндөн бери сени издеп жүрөм. Сагындым аябай. Эми дайыма чогу болобуз. — Рахмат сага Алия Мен сыйкырчымын да. Сен үчүн эмне кыла алам айта бер мага. — 21


Менин бир кыялым бар эле. Тээтиги асмандагы булуттарга бир жолу чыксам эң сонун болмок. Ичине секирип секирип ойнойт элем. — Ошол элеби Алия . Сен үчүн булуттарга сыйкыр тепкич жасап берем. Жылкымды таап бергениңе рахмат сага. Ошол тепкич менен Алия булуттарга чыгып, өз кыялына жетет . Ушундай жомок кыргыздардын тоолорунда болуптур. Ит менен мышык эмнеге өч болуп калган? Илгери-илгери бир үй-бүлөнүн сыйкырдуу алтын шакеги бар экен. Бирок шакектин сыйкырдуулугун ээси билбейт. Ошентип жүрүп, оор абалда калган учурда, баягы сыйкырдуу шакекти алар сатып жиберишет. Андан кийин ал үй-бүлө дагы жакырланып, ачкачылыкты баштарынан өткөрүшөт. Алардын үй жандыктары ит менен мышык да алар көргөн кыйынчылыкты көрүшөт. Мышык менен ит эң жакын достордон эле. Алар үй ээлеринин абалын кантип кайрадан жакшыртабыз деп ойго батышат. Ит шакектин сыйкырдуу экениндигин сезип, аны кайра алып келишибиз керек дейт. Мышык болсо айтканыңда калет жок шакекти кайра алып келишибиз керек. Бирок муну кантип ишке ашырабыз. Азыркы ээлери шакекти дайыма кутуда сакташат экен — деп итти суроолу карайт. Ит болсо сен бир чычкан карма ал кутуну кемирсин андан кийин биз шакекти алабыз деп сунуш киргизет. Чычкан кармап алып экөө жолго чыгышат. Алдынан бир дарыя чыгат. Ит менен мышык чычканды жонуна миңгизип, баякы дарыядан өтүшөт. Болжолдонгон үйгө жеткенде ит чуңкурга секирет, макулдашкандай чычкан кутуну кемирип шакекти алып чыгып мышыкка берет. Мышык шакекти алар замат чуркап жөнөйт. Дарыядан кайрадан мышык менен чычкан иттин жолу менен өтүшөт. Дубалдарды ит айланып өтсө мышык дубалдардын үстүнөн өтөт. Үйгө жакындап калганда мышык алдыга чуркап кетет. Мышык иттен мурунурак келип, шакекти үй ээлерине кармата салат. Алар кубанышып, мышыкка ыраазычылык билдиришет. Үйгө жашаганга уруксат беришип очоктун жанына жылуу- жумшак мышык үчүн орундук даярдашат. Ал эми ит келгенде аны жемеге алышат. Мышык иш менен алектенип бизди көйгөйүбүздү чечип жүрсө сен сайраңдап кайда жүрөсүң? Сага үйгө кирүүгө таптакыр тыюу салынат. Эшикте гана жашайсың уктуңбу дешет алар. Ушул окуядан кийин ысык — суукка карабай ит байкуш эшикте жатьып калат. Ал эми мышык жылуу жумшак үйдөн орун алат. Ит мышыктын мындай эки жүздүүлүгүнө аябай ачууланды. Ошол күндөн бери ит мышыкты көрсө кыжыры кайнап душманын көргөндөй атырылат экен. Артынан сая түшүп кубалап жөнөйт. Мышык болсо эски күнөсүн сезип иттин бетин карабай качып жөнөйт экен. Ит менен мышык ошондон кийин бири бирине өч болуп калышат экен. 22


Эне жана бейиштин мөмөсү Өткөн заманда бир кемпир-чал жашаптыр. Алардын жалгыз уулу болгон экен. Уулун жаңыдан эле үйлөнтүп, келиндин ысык чайын ичип, нанын жеп, сый көрүп отурар кезде карыя катуу ооруп калат. Көп өтпөй абышка көз жумду.Мезгил зымырык куштай өтүп жатты. Кемпир карылыкка биротоло моюн сунуп, келинуулунун колун карап отуруп калды. Келини өз убагында тамагын берсе берип, бербесе ачка калтыра турган болду. Кемпир көргөн күнүн уулуна айтайын дейт, бирок мерез келини уулун да куурупжеп, экөөнүн турмушуна зыяным тийип калбасын деп унчукпайт. Кемпир бара-бара өңдөн азып, алдан тайып, сыртка кирип-чыга албай калды. Кошуналарына барып, ал-жайын сурашканга да алы келбеди. Кемпирдин акыбалын көргөнү келгендерди келини жактырбай, кагынып-силкине бергенинен улам кошуна-колоңдору да чочулап, кийинчерээк каттабай калышты. Ошентип, кемпир ооруга чалдыгып, төшөккө жатып калат. Дагы эле уулунан келининин кылыгын жашырып, ал жөнүндө жаман сөз айтмак тургай, кайра мактап, бул кесел өзүнүн карылыгынын кесепети экенин айтат. Акыры ал ушул тагдырына моюн сунуп, эмнеси болсо да уулунун турмушу бузулбаса экен, ‒ деп Кудайдан тилейт. Бир күнү кемпир төшөгүндө жатып, жамынчысын оңдоюн деп колун сунса, тарамыштуу териси шалбырай түшкөн, тамырлары көөп кеткен арык манжаларына катуу бир нерсе урунат, оозуна салса, даамы ширин нерсе экен. Чайнап жегенге тиш кайда? Эрдин кемшеңдетип, соруп жатты. Ошол түнү анын ичер суусу, көрөр күнү түгөнүп, о дүйнө кете берет. Кемпирди жээк-жааттары, тууган-туушкандары аруу жууп, сөөгүн жерге беришет. Бүт арманы, таарынычы, кубанычы кемпирдин өзү менен кошо кетет. Арадан бир нече жыл өткөн соң, жаз алды менен кемпир коюлган мүрзөдөн бир жашыл көчөт өнүп чыгат. Көрсө, карыган эненин оозунда кеткен жемиштин данеги жарылып, көктөп, мүрзөнүн топурагын жарып чыккан экен. Ал кийин чоң даракка айланат. Анан жыл сайын шагы ийилген мөмөсүн адамдарга тартуулап, ошо тирүү кезинде көкүрөгү арманга толтура кеткен кемпирге сооп алып келет. Мүрзөдөн өсүп чыккан бейиштин мөмөсүн көргөн эл аны өрүк деп атай башташат. Жыл сайын эзилген мөмөсүн жеп, анын керемет ширин даамы эле эмес, дарылык касиети да бар экени билинип, кийин далай жерге кабары жетет. Анан ал жемиш көп ооруларга дабаа, дары катары колдонгонун билгендер данектерин алып, короолоруна эгип, көчөттөрүн өстүрө баштайт. Жаздын мээрим чачкан күндөрүндө апакай гүлдөрдүн тегиз ачкан өрүкзарлуу Баткен аймагы, көңүл кушун көкөлөтсө, жайкысын береке чачкан токчулуктун асыл мөмөсүн берип, бүгүнкү күнгө дейре элге ырыскы болуп келет. Бул уламыш Баткен чөлкөмүндө илгертен бери атадан уулга, энеден кызга айтылып келаткан мурас экен. 23


Илгери өткөн заманда бир абышка, кемпирдин Айгерим жана Арген деген балдары болуптур. Алар өтө тентек, ата энесин да, бири-бирин да укпаган бейбаш жана ынтымагы жок балдар экен. Бир күнү алар ата энесинин айткандарын укпай, алыска ойноп кетип калышат. Балдар кеч киргенин билбей адашып, караңгы коюу түндө жарыкты издеп, өтө алыска кетип калышат. Таң аткыча уктабай абдан чарчашат. Таң атканда карашса, таптакыр башка жакта жүргөн болушат. Үйү тургай, айылы да көрүнбөйт. Ачка, чарчаган балдар уктайлы дешсе аларды капыстан чыга калган аюу кубалайт. Экөө кыйкырып качып баратышып, чоң агын сууга түшүп кетишип, агып жөнөшөт. Аларды жей албай калганына өкүнүп, аюу артка кетет. Балдар агып баратса, сууда сүзгөн жылан кубалайт. Балдар андан коркконунан жээкке качып чыгышат. Алар титиреп үшүп, ыйлап отурушса, ары жактан карышкыр чыга калып, экөөнү жемек болот. Ошондо Арген эжекеси Айгеримди катуу кучактап ыйлап жиберет. Эки адамдын бир адамга жабышып калганын көргөн карышкыр чочуп кетип, качып жөнөйт. Ошондо Айгерим менен Арген кучакташкан бойдон көпкө ыйлашат да, ынтымактуу болсо эч ким жей албасын түшүнүшөт. Бири-бирин сыйлаган көп жамандыктардан сактаарын билишет. Анан алар ынтымактуу болууга сөз беришет. Экөө дагы бирөө келип кол салбасын деп уктагандан коркуп, ыйлап отура беришет. Ата-энелерин абдан сагынышат. Эч качан урушпайлы, апабызды, атабызды сыйлайлы дешет. Ошондо кайдан жайдан аппак сакалдуу абышка пайда болуп экөөнө саламдашат, экөө ордуларынан тура калып учурашып, үйлөрүнө жеткирүүгө жардам сурашат. Абышка балдарга ушул суунун жээги менен түптүз кете берсе үйлөрүнө жетээрин айтып, көздөн кайым болот. Эки бала жетелешкен бойдон суунун жээги менен кете берет, кете берет, бирок эч жетишпейт. Акыры чарчап, ачка болуп отуруп калышат. Анан суунун ичинде балыктардын сүзүп жүргөнүн көрүшүп, аларды кармап, от жагып бышырып жешет. Ошондогу балыктын даамы укмуш сезилди экөөнө, тим эле жеп аткан бармагын тиштеп ийгилери келет. Көрсө, адам өз эмгеги менен тапкан тамагы таттуу болот турбайбы дешет балдар. Алар курсактарын тойгузгандан кийин кучакташкан бойдон уктап калышат. Канча уктаганын ким билсин, ойгонуп кетишсе, уйкулары канып калыптыр. Эч ким аларга тийбептир. Алар туруп бети-колдорун жуунуп, от жагып көпкө отурушат... 24


25 Кырк калп жомок Илгеринин илгери заманында Тилехан залим хан болгон экен. Ал бир күнү отуруп өзүнчө жинденип, кан ичмейи кармаптыр да, мындай өкүм жарыялаптыр: — «Ким кырк калп айтып берсе, мен ошого кызымды берип аны күйөө бала кылып алам. Эгерим, кырк калп айтып бере албай, менин алдыма келгенди дарга асып өлтүрөм, — деп бозо менен аракты аралаштырып ичкен хан күпүлдөптүр вазирлерине. Ошону менен көптөгөн кишилер хандын алдына келип, калп айтып берип, кызын алам деп, айтып бере албай өлө бериптир. Хандын дарына асылып, анын тамашасына хан кумарын кандырып жатат экен күнүгө. Бир күнү, бир жетим бала: «— мен Тилеханга кырк калп айтып бере алам, — деп келип калат. Баланын кебетесин көргөн кишилер балага насаат айтып, курулай өлүп каласың, жөн кетип кал дешет. Баланын кейпи жүдөө, колу-буту туурулуп жарылып, кийими жыртык, бутунда жаман чарыгы бар экен. Өмүрүндө нанга карды тойбой териси сөөгүнө чапташып, ыргыйдай көрүнөт, курамы он беш жаштарда бар экен. Эл кой дегенге көнбөй, бул жетим: — Тилехандын дарынан өлгөн кишилердин жанынан менин жаным артык беле, ошонун бирөө боломун, — деп койду. Ошондо элжурт ал жетимдин оюна коет. Жетим бала, Тилехандын алдына кирип, ийилип салам берет. Тизе коюп баш уруп, отурат. Ошондо хан сурайт — Сен эмнеге келдиң? — Мен сизге кырк калп айтып бергени келдим, — деп жооп берет. Анда хан: — Кырчын өмүрүңө кыйбай жөн кетип кал, деп баланы таназарына албаптыр. Бирок бала: «Жыгылсаң нардан жыгыл, бир буйласын кармай жыгыл» — деген сөз бар ханым, сиздин дардан өлгөндөрдүн жанынан менин жаным чымындай жаным артык эмес, — деген экен. Хан кекээрдене кана эмесе башта, — дептир. — Мен, атамдын белинде, энемдин курсагында жатып, неберемдин жылкысын багып, он жыл ичинде калың бүтөп, өзүм катын алдым, мунун бирөө да калп эмес, баары чын, ханым — дептир. Жылкы багып жүрүп, жай саратандын ысыгында жылкылар суусап кетти. Суу издеп бир жерге барсам, бир кудуктан суу ашып чыгып, тоңуп калыптыр, мына көрүң, ханым, жай саратанда муз тоңгонун ошондон көрдүм. Ал музду чагып суу чыгаруу үчүн, балта менен чаптым, балтамын мизи сынды, темене менен чокудум, темененин учу токол болду. Бир маалда курсагыма кеңеш салсам, мындай акыл болду: — башыңды жулуп алып урсаң, анан муз жарылат, — деди. Моюнумду толгой кармап, башымды жулуп алып, музга урсам, муз эки бөлүндү. Муздун жаракасынан жылкымды сугарып алдым, жылкыларым суудан ичип, муздун үстүнө чыккан чөптөн, ооба, бел курчоодон чыккан чөптөн жуушап калды. Мен ошондо уктап калыпмын. Ойгонсом жылкыларым жок. Жылкы карап жүрсөм, чөптүн арасынан бир коен чыга качты, мылтыгым менен коенду атсам, огум алыс кетти, мылтык оозун анын көөдөнүнө такап атсам коен өлдү. Союп жатсм, атым үркүп кетти, эмне болду деп карасам, атымды аккуунун мойнуна байлап койгон экемин, атымды кармап коенду соеюн деп камдансам бычагым жок экен. Аны тишим менен сойдум. Коендун этин бышыруу үчүн, тезек тердим, кемегеге тезекти салайын деп жерге төксөм, тезектерим учуп кетти, карасам тезек терем деп чөптүн арасынан бөдөнө терип алыпмын, ошолор пыр деп учуп кетти. Коендун этин туздап, күнгө кактап кебек кылып жеп, майын бир бүтүн эле казанга сызгырып алайын деп куйсам, агып токтобой берди, соңунда тешик казанга сызгырып алдым, коендун майын бир төөнүн, бир өгүздүн кардына куйдум, ашканын өзүнүн кардына куюп алдым.


26 Ошолор менен илешип жатсам, бир айгырым жоголуп кетиптир. Аны он күн, он ай, он жыл издеп таба албадым. Акыры, теменени сайып анын үстүнө чыгып карасам көрүнбөдү, бычагымды сайып карасам көрүнбөдү, анын үстүнө кынын улап карадым көрүнбөдү. Мундай керексиз көздү чукуп салайын деп карасам, башым баягы муз жарган жерде калган экен, таппай калдым. Курсагыма кеңеш курсам, — айгырың асманда жүрөт, — деди. Булутка минип, асманга чыгып карасам, айгырым ошондо туруп калган экен. Кулунун кармап, айгырга өңөрсөм, айгыр көтөрө албады. Кулунду минип, айгырды өңөрүп, бычагымы калак, кынымды кайык кылып жерге түштүм. Чаалыгып, чарчап калган жаным уктап калыптыр. Бир маалда ойгонуп жылкымы тойдуруп келип баягы койдун майынан бир жутуп алдым да, калган майын өтүгүмдү майладым, оң жак өтүгүмө жетип, сол жак өтүгүмө жетпей калды, уктап калыпмын, бир маалда дүбүрт чыгып калды. Ойгонуп кетип карасам, эки өтүгүм мушташып жаткан экен. Май жеткени, май жетпегени менен кызылдай эле мушташып калыптыр. Башы көзү жарылыптыр, экөөн эки чертип, эки жакка жалжайта коюп салдым да, кайра уйкумду улай бердим. Эртеси саар менен турсам, май жетпеген өтүгүм качып кеткен экен. Эки бутуму бир өтүккө кийип, аны беш күн, беш ай, беш жыл издедим. Ал арада аялым өлүп, атым чаалыгып өлдү, өзүм жок калдым. Жөө баратып бир касапчыга жолуктум. Ал касап бир өгүздүн кекиртегине коон эгип бышырган экен, — балам, кайда барасың, — деп кайрылып калды. Өтүгүмдү издеп баратканым айтсам, — табалбайсың, коон жеп ал, — деди. Бир коон үзүп берди. Коонду бычам деп бычагымды коондун ичине түшүрүп ийдим. Бычагымы издөөгө чечинип коондун ичине кирдим, беш ай, беш жыл коондун ичинде бычак издеп жүрүп мына бүгүн сиздин шаарга келип олтурам, ханым, — деди. Айтып ошо жерге келгенде, Тилехан кайра суроо салып, сен айткан кудуктун суусу ашып жаткан маалда күн узун бекен, же кыска бекен? — деп сурайт. Анда баланын жообу: — казандай ташты кудукка салсам бир күн кечке дейре түбүнө жеткен жок, — дептир. Ошондо Тилехан өңү кубулуп вазирлериөз өкүмү боюнча кызын ушул кырк калпты айткан балага буйурган экен. Акылдуу кыз Бир хан илгери таптакыр кыз жактырбай коёт. Күндөрдүн бир күндөрүндө эли жыйылып келип: – Э, ханым, сиз дүйнөдөн так өтөсүзбү? – дешти. Анда хан элине: – Макул, болот, андай болсо менин кол алдымдагы элде канча кыз бар, баарын жыйып келгиле, – деди. Эли макул болуп туш-тушка ат чаптырышты. Бай, жарды, кедейкамбагалдардын кыздары жыйнала баштады. Он беш менен он жетинин ортосу келсин делип эскертилген эле. Он беш менен он жетинин ортосундагы кыздарын колунан жетелеп, кээ бирөөнүн атасы, кээ бирөөнүн энеси келе беришти. Ошентип, кыздар үч күндө чогулуп бүттү. – Кыздар жыйылды! – деп, ханга кабар жетти. Акылсыз хан эл ичинде кыздарды бүт көрөмүн деп сүйүнүп кетти. Кырк вазирин ээрчитип, ордосунан чыгып келип, чогулуп турган кыздарды көрө баштады. Көрүп бүтүп, көпчүлүк элди кабар салып жыйнатты. Эли чогулуп ханга: – Көңүлүңүзгө кыздардан жактыбы? – дешти.– Ким жакшы, ким жаман экенин бир көрүп билүү кыйын. Ошон үчүн ким эстүү, ким эссиз экенин билгим келет. Ал үчүн мен бир нерсе сураймын, – деп, хан элине жарыялады. – Эгер ошол сөздү ким тапса, мен ошол кызды аламын, – деди. Эли бул сөзгө айран-таң калды. Келген кыздардын саны бир миң беш жүз экен. – Угуп тургула, – деп хан жана айтты. Көпчүлүгүшап турушту. Хан өзүнүн сөзүн айта баштады. – Кең кайсы? Тар кайсы? Ушул эки сөздү тапкан кызды аламын. Мөөнөтү кырк күн, – деди. – Кыздар чурулдай баштады.


Ата-энеси да үйлөрүнө кетпей, кыздардын жанында турсун, – деп, жарыя кылды хан. Анан үйүнө өзүкирип кетти. Кыздардын ата-энелери чуулдап-чуркурашты. Эгер бир эле кыз кокус үйүнө кетсе, анын ата-энеси, өзү, үй-мүлкү талана турган болду. Ар он кызга бирин башчы кылып, ошол башчыдан жооп алам деп, вазирлерине катуу тапшырган экен хан. Кыздар талаага жайнап чыга башташты. Хандын буйругу боюнча он кызга бир кыз башчы болуп шайланды. Күндөн күн өттү, бирок сөздүэч кимиси таба алган жок. Кайгырып, капа болду. Кыздар ыйлады-сыктады. Себеби эч кимиси таппаса, баарынын башы алынат, бирөө тапса баары кутулмак. Кыздар тура берип аттары ыргайдай, өздөрүторгойдой болду. Бирок эч кимисинин акылы жетип залим хандын оюндагы тар жана кеңди таппады. Ар бир үч күндө он башы кыздардын тапкандарын ханга келип айтып турду. Ханга келсе деле, бул эмес дейт. Кыздардын заманасы куурулуп, төрт айласын таппай, кара жандарын кайсы жерге катаарын билбей, залим хандын жарлыгынан коркуп, кырк күн, кырк саат турушту. Он башылар тар деген капчыгай, жыландын ийни, куркулдайдын уясынын оозу, ийненин көзүдеп, дагы ушул сыяктуу бир топ нерселерди айтышты. Эч бирин туура көргөн жок залим хан. Кыздар талаада болсун жана үйдө болсун ыйлап-сыкташат, аларга кошулуп ата-энелери да ыйлап-сыкташат, бирок эч бир кыз эмине тар, эмине кең экенин таба алган жок. Кыздардын күнүкаран болду, өңдөрүнөн азды, кыздарды санаа катуу басты. Эч бир айла таба албай, акыры өлөбүз дешти. Чуркурап муңдуу келин-кыз болуп ыйлашты. Аңгыча хандан бир жигит келди: – Кары дебей, жаш дебей, келин дебей, кыз дебей канды көздөй жүргүлө, хан жарлыгын билгиле! – деди ал. Кыздар ханды көздөй агылышты. Жолдон куурай терген чаар кыз көрүндү. Көйнөгүжок, кийими жок. Бирок орогу бар колунда, көтөргөнүн байкасаң, бир чоң жүк куурай жонунда. Жоолугу жок, жылаң баш, көйнөгүчолок жылаңач. Ага Күлайым барды жакындап, бирок аты үркүп жолободу. Күлайым болбой чаар кызга кеп айтат: – Атым үркүп жолобой жатат, – деп айтат. Анда кылчая карап чаар кыз Күлайымды: – Коё турчу, – деп айтат. Куурайын таштап жонунан, орогун таштап колунан Күлайымды чаар кыз тосуп турду жолунан. – Күндө эле кыздар келесиң, талаанын гүлүн тересиң. Жаңыдан мында келгенде, жаркылдап алтын кийип, жаныңар калбай сүйүнүп, тоту куштай таранып, боюңар сулуу формалуу, алтындан кийип жаркылдап, аябай шаңдуу келдиңер да, талаанын гүлүн тердиңер, кырк күн болду келгениң, не экенин билбедим, эжеке, капа болбосоң, күндө ойноп жүрөсүң, бүгүн жаман мүнөзүң, кандай оор иш түшүп башыңа, капа болуп жүрөсүң. Карасам, башка мүнөзүң, кай түрдүүиште жүрөсүң. Капа болбо мен үчүн, мен кайгырам сен үчүн. Куурай терген мен болсом, кубанып жүргөн сен болсоң. Капа болбо өзүмө, жооп бер, эже, сөзүмө – деп, чаар кыз айтты мындай кеп. Анда Күлайым кыз сүйлөдү. Чаар кызды сүйбөдү: – Куурай терген сен болсоң, куурап жүргөн мен болсом, – терикти кыздын сөзүнө, – болосуң теңтуш өзүмө, жолдон чыккын тартайбай,көрүнбө менин көзүмө! Анда чаар кыз: – Ай, сулуу кыз, эжеке, кимдер жорго минбеген, башына бакты конгондо, кимдер торко кийбеген. Теригесиң сөзүмө, көрүнбө дейсиң көзүмө, жакшылап жооп бербейсиң, менин айтка сөзүмө. Азыр жаман көрөсүң, бакты консо башыма, көрүнөөрмүн көзүңө. Танбагын айткан сөзүңө, жардычылык-жокчулук, береке болот токчулук, бакты кетсе башынан, басат экен жокчулук. 27


Мен да сендей кыз элем. Туурга конгон куш элем. Дүйнөдө жок уз элем. Эркелээрге энем жок, аркаларга ага жок, энем өлүп кор болуп, дүйнө жүзүтар болуп, бутумда жок нөкөрүм, эки таман чор болуп, мен жүрөмүн бул жерде бир көйнөккө зар болуп. Он сегизде өмүрүм, мен да сендей болсом деп, ойлоп турат көңүлүм. Бирок көйнөгүм жок жылаңач, тебетей жок жылаңбаш, куурай терем зарыгып, мени да сендей кылбайт деп, кудайга турам таарынып. Көп карадым кылчактап, карап турсам алыстан көзүмүн жашы бурчактап, жолобогун, сен, дейсиң. Жокчулук келсе бир күнү, сен дагы эле мендейсиң. Ата-энеңин барынан алжаңдап ойноп жүрөсүң. Аял-эркек болсо да, башына конгон багынан, сен болсоң менин өзүмдөй, киши качат жаныңан. Бакты кетсе башынан, падыша түшөт тагынан.Мен да сендей кийинсем жигиттер кетпес жаныман. Сулуулукка ишенбе! Сулуулукка ишенсең, түшөсүң бир күн кишенге – деп, чаар кыз айтты. Күлайым кыз, атынын мойнун буруп, кылчайып туруп, чаар кызга сүйлөй баштады: – Сен капа болдуңбу? – деди Күлайым, – кагылайын, эжеке, мен сөзүмдүбаштайын: хандан кабар келиптир, калкка кабар салыптыр, кыздын баарын келсин деп, бүгүн жооп берсин деп, табышмакты тапсын деп, тапканы айтып берсин деп. Тапсак барып айтабыз, таппасак бир миң беш жүз кыз баарыбызды хан өлтүрөт. Хандын иши кыйын деп, кырк күн кылды жыйын деп чаар кыз анда кеп айтат: – Ээ, Күлайым сулуу кыз, өзүң менден улуу кыз. Кандай табышмак эле айтып берчи угайын, мен да угуп сынайын. – Эки эле ооз табышмак, таппай койдук ушуну, тапкан кызды аламын, – дейт. Дүйнөдө кең кайсы? Тар кайсы? Күлайым сапарын улайт. Чаар кыз коштошуп туруп калат. Күлайым кыздарга барса, алар чуу-чуу болуп жатат. Күлайымды кайда жүрдүң? – деп, бир хандын вазири кагып-силкип коркутат. Күлайым эки жагын карап, көзүнөн жашы тамчылап ыйлайт. Хандын вазирлери кыздарды өлтүргөнү кылычтарын кайрап, курчута баштайт. Бир убакта хан кыздарга келип: – Кана, кыздар, таптыңарбы? – деди. Кыздар бирин бири карашты. – Же өлүмгө ыраазы болдуңарбы? – деди хан, мурдагы сөзүн кайталап. Кыздар чуркурап ыйлады. Бир убакта Күлайым тура калып: – Ханым, баш кесмек бар, тил кесмек жок. Кыздардын баарын кырсаңыз, кыра бериңиз. Бирок бир өтүнүчүмдүаткарып, анан кырыңыз. Мобу токойдо бир кыз жүрөт, кечээ мени көрүп, эки сөздүн башын кошо албайсыңар да, анан күйөөгө тиймек болосуңар деп мени кордоду, – деди. – Ошол кызды да алдырып келгиле, табышмакты тапса тапсын, таппаса биз менен бирге өлсүн. – Макул – деп хан, токойдогу кызга киши жиберди. Бир жигит токойго чаап барса, бир кыз жүрөт. Эч ким менен иши жок. Жигит: – Ой, кыз, куурайыңды ташта! – деди. Чаар кыз олурайып карап калды. – Хан сени алып келгин, – деди. Анда чаар кыз: – Сенин ханың кандай кылып алып кел, – деди. Учкаштырып кел дедиби, же атка мингизип кел дедиби? – деди жигитке. – Тим эле, – деп, жигит кызга жооп берди. Анда мен барбаймын, учкаш десем болбой койду деп айт, – деди чаар кыз. Жигит чапкан бойдон кайра ханга жетип келди. – Канакей, жанагы кыз? – деди. – Келбей койду. Хан бир ат берип жиберсин, ат жибербесе, мен бара албаймын, эгер керек болсо, хан өзүмени менен жооптошуп кетсин дейт, – деди, жигит ханга. Хан кызга бир ат кошуп жиберди. Чаар кыз атты минип жетип келди. Көйнөгүжок, жоолугу жыртык, жаман чапан. Жанында бир жарым миң кыз ыйлап турат. Кырк вазирдин колунда кылыч, найза, мылтык. Чаар кыз аттан түштү. Хан каарлуу. Хан чаар кыздын жанына келип: – Кызым, сен бир нерсени билесиңби? – деди. 28


29 https://kyrgyz-audio.com/kyrgyz-el-zhomoktoru/ – Жок, – деди чаар кыз. – Кең кайсы? Тар кайсы? – Тапканды эмне кыласың, ханым? – деди кыз. – Ким тапса, мен ошону аялдыкка алам. – Эгер мен тапсам, мени да аласыңбы? – Алам. Тар кайсы? – деди хан. – Ушул элеби? – Ушул эле. – Андай болсо, кең – кудайдын казынасы. Тар – кудайдын каары. Себеби кудай ырайым кылса кечирет. Тар – сенин каарың. Ушунча кыздын канына савинсиң. Ушунча кызды бир сөз үчүн өлтүргөн жатасың. Бирок ушунчанын канына савин болуп жаткан сенин күнейиңди кечип жаткан кудайга ыракмат. Тар менен кең ушу – муну таптымбы? – деди чаар кыз ханга. Хан айран калып: – Таптың! – деди чаар кызга. – Эгер тапсам, убадаң боюнча кыздардын баарына кечирим кыл. Хан макул болуп, кыздардын кетишине уруксат берди. Кыздар ошентип, өлүмдөн калды. Чурулдашып чаар кызга жалынышып: – Кудай тилегиңди берсин, өмүрүң узун болсун, көшөгөң көгөрсүн – дешип, чаар кызга ыраазы болушту. үстүндөгүбирден чапанын беришти. Чапан үйүлүп, тоодой болду. Хан үйүнө кирип кетти. Чаар кыз эшикте калды. Хан кайра чыкканы жок. Чаар кыздын ачуусу келип, бир боо куурай менен тоодой болуп үйүлгөн чапанды өрттөп жиберди. Түтүн асманга көтөрүлдү. «өрт болгон экен» – деп, элдин баары кайра чогулду. Хан эшикке чыкты. Эл өрттүөчүрүп, чапандарды талап кетишти. Кээ бирлери чаар кызга: – Муну эмне өрттөдүң? – деп, суроо беришти. – Муну эмне кылат элем, мага дүнүйөнүн кереги жок – деди. Эл ага: – Эрге тийгенде кийбейсиңби? – дешти. Анда чаар кыз: – Мени алуучу киши бир көйнөк таап алаар, – деди. Ушуну менен эл тарап кетишти. Чаар кыз эшикте калды. Хан эшикке чыгып, чаар кызга: – Сен кете бер, эртең барып өзүм алам, – деди. Чаар кыз үйүнө кетти. Эртеси күтсө, хан келбейт. Чаар кыз атасына: – Ата, сен хандын эшигине барып, хан эле хан, сен менин кызымды алам депсиң, аласыңбы, жокпу? – деп кыйкыр. Андан коркпоңуз, ата, – деди атасына чаар кыз. Чал өгүзүн минип алып, хандын эшигине жетип келди. – Ой, о-ой, хан барсыңбы? – деди чал. Хан эшикке чыгып караса, бир чал. Чал: – Хан сенсиңби? – деди. – Ооба, менмин, – деди хан. – Эмесе, сен хан болсоң, мен сенин кайын атаңмын.Хан уялып кетип: – Эмне кыйкырдың? – деди. – Менин кыйкырганым, менин кызым жиберди, хан мени качан алат экен, ошону билип кел деп жиберди, – деди. Хан бир азга уялып, туруп калды. Анан жигиттерин чакырып, эки мекиян тоокту бир корозу менен чалга артып: – Муну кызыңызга алпарып бериңиз, бүгүн куудурсун, эртең туудурсун! – деди. Абышка артынып алып жөнөдү. үйүнө барып, кызына капачылыгын айтты. – Балам сени хан албайт экен, эки тоок берди, бүгүн куудурсун, эртең туудурсун, – дейт.......


Click to View FlipBook Version